ЖЫЛДЫЗ СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН КЫШКЫ СЕССИЯ

Ильяз Андаш

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эстрада бөлүмүнүн 3-курсунда жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Караколдогу филиалында 3-курста сырттан окуйт.

– А.С.Пушкиндин нянясы?
– Арина Родионовна. (Арина Родионовна)
– Шварценеггердики узун, Жет Линики кыска, Мадоннаныкы такыр жок.
(Күлүп). Оо, башыма жалаң уят нерселер келип жатат. Билбейт окшойм... Чач эмес, сакал-мурут эмес. А-а! Таптым, фамилия! (Фамилия)
– Эң чоң арал?
– Гренландия. (Гренландия)
– Аалы Токомбаевдин псевдоними?
– Балка. (Балка)
– Буратинонун атасы?
– Папа Карло. (Папа Карло)

Алихан

Юридикалык академиянын Соттук прокурорлук факультетинин 3-курсунун студенти.

– Газета деген термин кайдан келип чыккан?
– Илгери гезит жаңы чыккан мезгилде аны сатып алган майда тыйындын аты газета болгон. Ошондуктан, газета деп аталып калган. (Жаңылык сатып алуучу тыйын)
– Каныкейдин өз аты?
– Санирабига. (Санирабига)
– Рим папасы башкарган Ватикан өлкөсүнүн борбору?
– Ватикандыкы Ватикан. (Ватикан)
– Курманбектин досу?
– Аккан. (Аккан)
– Кыздын канча чачы улуу?
– Кыздын кырк чачы улуу. (Кырк)

Элина

Кыргыз улуттук университетинин экономика жана финансы факультетинин 2-курсунда билим алат.

– Глобусту ким ойлоп тапкан?
– Ошону билбейт экенмин. (Немис окумуштуусу Бехайм Мартин).
– 1 килограмм кебез оорбу же 1 килограмм темир оорбу?
– Экөө тең. Оо, азамат бекенмин?! (Бирдей).
– Индиянын борбору?
– Дели. (Дели)
– «Берчи мага жарым кашык музыка» деген ыр саптары кимге таандык?
– Алыкул Осмонов. (Алыкул Осмонов)
– Күрүчтү канча жолу жууш керек?
– Көп эле го, тазаланганча. (Тазаланганча)

Айпери

Кыргыз эл аралык университетинин алдындагы колледждин дипломаттык факультетинин 2-курсунун студенти.

– Чыңгызхан кимдердин ханы болгон?
– Моңголдордун. (Моңгол)
– Канча Ай бар?
– 12 ай. (Бир).
– Эң бийик чоку?
– Кыргызстанда Жеңиш, дүйнөдө Эверест. (Эверест)
– Акмөөр кайдан чыккан сулуу?
– Жумгал. (Жумгал)
– Бишкек деген эмне?
– Кымыз бышкыч. (Кымыз бышкыч)

Даниель

Ош шаардык Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын 3-курсунда окуйт.

– Шахматтын мекени?
– Эсимде жок. (Индия)
– 2+2х3=?
– Сегиз. (Сегиз)
– Япониянын борбору?
– Токио. (Токио)
– Токтогул кайдан чыккан?
– Токтогул... А-а, Токтогулдан да! (Кетмен-Төбө)
– Кыздуу үйдө эмне жатпайт?
– Кыл беле?.. (Кыл)

Жаным Айзат

Кыргыз мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинин кыргыз-герман факультетинин 1-курсунун студенти.

– Американын туңгуч президенти?
– Вашингтон. (Вашингтон)
– Кайсы тамакка 1 чака туз кошсо да татыбайт?
– Сууга бышкан жумурткага. (Сууга бышкан жумуртка)
– Дүйнөдө канча материк бар?
– Алты. (Алты)
– Манасты эң биринчи ким айткан?
– Билбейт экенмин. (Ырамандын ыр­чы уулу)
– Чокчолой баатыр деген ким?
– Ошону да билбейт экенмин. (Мышык).

Омар

Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунда окуйт.

– Радиону ким ойлоп тапкан?
– Попов. (Попов).
Өрүктүн жалбырагы биринчи чыгабы же гүлүбү?
– Жалбырагы. (Гүлү).
– Дүйнөдө канча океан бар?
– Төрт. (Төрт)
– «Ак кеме» фильминде Орозкулдун ролун ким ойногон?
– Аты Орозбек, фамилиясы мм-м... тилимдин учунда эле турат. Бирок, такыр эстей албай жатам. (Орозбек Кутманалиев)
– Шекер айылы кайсы районго карайт?
– Кара-Буура. (Кара-Буура).

Сайкал Садыбакасова

Ош шаарындагы юридикалык академиянын колледжинин 1-курсунда окуйт.

– Дүйнөдөгү эң узун дарыя?
– Билбейм. Кыргызстанда болсо Нарын дарыясы. (Нил).
– Карама-каршы келе жаткан эки поезддин биринин терезесинен бир киши башын чыгарып алат. Ал кишини кагып кеткен поезддин кайсынысы күнөөлүү болот?
– Киши күнөөлүү болот да. Эреже боюнча терезеден башын чыгарууга болбойт да. (Киши күнөөлүү)
– Кенгурунун мекени?
– Австралия. (Австралия)
– “Жолборс терисин жамынган баатырдын” автору?
– Шота Руставели. (Шота Руставели)
– Бишкектин мурунку аты?
– Фрунзе.

Азат

Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетинин 4-курсунда окуйт.

– АКШнын президенти?
– Обама. (Барак Обама)
– Ал машинанын ичинде, машина анын ичинде?
– Гараж болушу мүмкүн эмес...Билбейт экенмин. (Күзгү)
– Казакстандын борбору?
– Астана. (Астана)
– Көксулуу кимдин ашыгы?
– Ой, унутуп калыптырмын. (Же­ңи­жоктун)
– Бишкек менен Балыкчыны эмне кошуп турат?
– Жол болуш ке­рек. (Жол)

Неля

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун социалдык маданий чыгармачылык факультетинин 3-курсунда менеджмент адистиги боюнча билим алат.

– Алгачкы кыргыз киносу?
– Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан болуш керек. (Салтанат)
– Машина карда тоону көздөй кетип жатат. Кайсы дөңгөлөгү айланбайт?
– Ал машинанын үлгүсүнө жараша болот. Эгер алдыңкы дөңгөлөгү айлана турган болсо, анда арткысы айланбайт же тескерисинче. (Запастагысы)
– Италиянын борбору?
– Рим. (Рим)
– Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармасы?
– «Тоолор кулаганда”. (“Тоолор кулаганда”)
– Билим булагы?
– Мектеп, китеп, илим. (Китеп)

Бегимай Эсенгулова

Билим берүүдөгү стратегиялык информациялык технологиялар институтунун юридикалык факультетинин 1-курсунун студенти

– Кыргызстандын кайсы облусунда шаар көп?
– Чүйдө. (Жалал-Абадда)
– Бака жаныбарлардын кайсы түрүнө кирет?
– Сууда жашоочуларга кирет. (Жерде-сууда жашоочулар түрүнө)
– Эң чоң чөл?
– Сахара. (Сахара)
– “Сынган кылыч” кимдин чыгармасы?
– Төлөгөн Касымбековдуку. (Төлөгөн Касымбеков)
– «Супер-Инфону» ким не­гиздеген?
– Кылыч байке. (Кылычбек Султанов)

Ирлан Таалайбеков

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эстрада бөлүмүнүн 3-курсунун жана И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти.
– Ысык-Көл кышкысын тоңобу?
– Жок, тоңбойт, анткени, ал туздуу. (Тоңбойт)
– Бузук саат суткасына канча жолу туура убакытты көргөзөт?
– Ордунан жылбаса кантип көргөзмөк эле? (2 жолу)
– Эң суук материк кайсы?
– Антарктида. (Антарктида)
– Түгөлбай Сыдыкбеков деген ким?
– Акын! Тамаша, аны билбесек уят го. Жазуучу да. (Жазуучу)
– Пармезан деген эмне?
– Жей турган бирдеменин аты, ээ? (Сыр)

Айдин Шер

Кыргыз улуттук университетинин инфор-мациялык-технологиялар факультетинин 4-курсунда окуйт.

– Кыргызстанда канча облус бар?
– Жети. (Жети)
– Кайсы суроого «ооба» деп жооп берүүгө болбойт?
– Негизи, суроолор көп да. Бирок, билбейт экенмин. («Уктап жатасыңбы?»)
– Германиянын борбору?
– Берлин. (Берлин)
– Манастын итинин аты?
– Жолборс беле?.. Нет, билбейм. (Кумайык)
– Тууганбай Абдиев деген ким?
– Атактуу төкмө акыныбыз. (Төкмө акын)

Зачёт алган Гүлмира Турманбетова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 320, 19 - 25-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан