2008-ЖЫЛ КЫРГЫЗДЫН ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА...

Элине “Акбаранын көз жашы”, “Махабат дастаны” сыяктуу бир нече тасмаларды калтырып кеткен кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев ушул жылы 69 жашында көз жумду. Чет жерде иштеп жүргөнүндө: “Мен өз мекениме келип, элимдин жакшы турмушу үчүн кашык каным калганча күрөшөм. “Кыргыздын менменсинген жигиттеринин баары чет өлкөдө өз кара жандарын багып жүрүшүптүр” деген кепке калгым келбейт”,- деп тынчсызданган Дооронбек Садырбаев «элим, жерим» деп күйгөнү менен белгилүү эле. Кыргызым ошондой уулунан 28-майда ажырады.

Сөздүн гүлүн терип, адам баласынын маселелерин жүрөктөргө жеткире баяндаган чыгармалары менен дүйнөлүк атакка жеткен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда келбес сапарга узады. Жазуучу Казань шаарындагы сапарда кокусунан ден соолугу начарлап, Германиянын Нюрнберг шаарындагы клиникалардын бирине жеткирилген. Өпкөсү сезгенип, бөйрөктөрүнүн иштөөсү начарлаган кеменгер калемгер 16-майдан 10-июнга чейин жасалма дем алдыруунун жардамы менен жашап, 10-июнь күнү бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. 14-июнда Чыңгыз Айтматов атасынын жанына – Ата-Бейитке барып түбөлүк жай алды.

Дүйнө элдерин таң калтырган кыргыз күүлөрүн оркестрге салган маэстро Асанхан Жумахматов 21-июлда келбес сапарга аттанды. Улуу дирижёр Улуу Ата Мекендик согушка катышып, сол ийининен жарадар болгон. 85 жаш курагында каза болгон инсандын ийгилигин кыргыздан чыккан башка дирижёрлор кайталай алышабы, жокпу, айтуу кыйын.

24-август күнү Бишкек-Тегеран каттамы боюнча жол алып, абага көтөрүлгөн Боинг-737 учагы жерден 1000 метр көтө­рүл­гөндөн кийин ылдый көздөй кулады. Жаңы-Жер айылына жакын жердеги талаага кулаган бул учактын ичинде 83 жүргүнчү, экипажда 7 кызматкер болгон. Кырсык болгон жерде 65 адам көз жумду. Алардын кырк үчү ирандыктар, экөө Канаданын, бирөө Түркиянын, үчөө Казакстандын, дагы бирөө Кытайдын, он беши Кыргызстандын жарандары болчу.

Улуттук кардиология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов 2-октябрда көз жумду. 81 жаш курагында дүйнө салган кардиохирург 5-октябрь күнү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Ошентип, кыргыз медицинасы эң эле чебер кардиохирургунан айрылып калды.

Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү Ош облусуна караштуу Алай районунун Нура айылында сегиз баллга жеткен жер титирөө болду. Жыйынтыгында 75 адам каза болуп, 147 адам оор жаракат алды. Бүтүндөй бир айылдын турак-жайы жер менен жексен болду.

13-октябрда көрүнүктүү төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыраалы Айталиев 81 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Обончу-ырчы, дастанчы, төкмө акын Ашыраалы Айталиевдин аракети менен Кыргызстанда жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектеби ачылган. Анын көзү өтсө да, артында жасап кеткен эмгектерин эч ким унутпайт.

Учурунда Улуттук телерадиону, президенттик администрацияны жетектеген, кийин Түркияда элчилик жүктү аркалап келген коомдук жана саясый ишмер Аманбек Карыпкулов 15-октябрда жарык дүйнө менен кош айтышты. 2002-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын Түркия жана Македония Республикаларындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болгон инсанды 17-октябрда жерге бердик.

Учурда аты белгилүү болуп, кыргыз элинин салттык өнөрү болгон төкмөлүктү улап келе жаткан жаштарыбыздын устаты, Кыргыз Эл артисти Тууганбай Абдиев 1-декабрда көз жумду. 71 жаш курагында о дүйнө салган төкмө менен кыргыз эли 3-декабрда опера жана балет театрында коштошту.

2008-жыл жаңырары менен кыргызстандыктар үчүн жаман кабар тарады. Зыярат кылуу үчүн Сауд Арабстанга аттанган 4500 адамдын он бири жол кырсыгынан каза тапты. Жыл аягында, тактап айтканда, үстүбүздөгү айда дагы ажылыкка сапар тарткан 4500 адам ичинен 6 адам көз жумду. Курман болгондордун жакын туугандарынан уруксат алынгандан кийин алардын сөөгү Меккеге коюлду.

Ушунча кайгы-капа аз келгенсип, кыргызды «энергетикалык кризис» деген үйдөй балээ каптады. Энергетика кожоюндары бул балээде жылдагыдай жаан-чачын бербеген аба ырайын айыптап, ал эми караламан калк электр энергия­сынын алдын-ала ченемин албай туруп, чөмүчтөп сузуп сата берген чиновниктер күнөөлүү деп, айтор “крайний” табылбай жаткан учур.

Мына ушундай, окурман.
Билинбей өтүп баратканы
менен, бул жылы кыргызым оңбогондой эле
кыйынчылыктарга
чыдап, оор жоготууларды
баштан кечирди. Ошентсе да,
саналуу күндөрү калган бул
жылды жамандабай, жакшы
маанай менен узатып,
келерки Уй жылын жакшы
тилектер менен тосуп алалы.
Анткени, ата-бабабыз
илгертеден “жыл жамандап
барбасын” деп, эски жылга
акаарат айткан эмес.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 320, 19 - 25-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан