Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры Казакстанда болуп өткөн Куурчак театрларынын “Ортеке” 2-эл аралык фестивалына катышып, баш байгени канжыгага байлап келди. Бул ийгилиги тууралуу театрдын директору Темирлан Сманбеков менен баарлаштык.
– Бул фестивалга кайсы спектакль менен барып келдиңиздер?
– Казактар тарабынан чакыруу түшкөн экен, Маданият министрлиги бизге кабарлап, даярдана баштадык. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы “Найман эне” жомогун “Томого” деген аталыш менен алып чыктык.
– Эмне үчүн “Томого”?
– Чыгармадагы маңкурт айласыздан энесин өлтүрүүгө барып жатса, азыркы замандын маңкурттары эс-акылы менен эле өлтүрүп коюп жатышат. Акылы менен мыкаачылыкка баруу бүркүттүн томогосуна окшош да. Кийгизип койсо, караңгыда көрбөй калат, бирок акылы ордунда. Философияга жык толгон, тарбиялык мааниси чоң спектакль.
– Башкасын коюп, кепти жеңиштин таттуу мүнөттөрү туурасында улантсак...
– Биз спектаклди койгондон кийин залдагы көрөрмандар ордунан туруп кол чабышты. Калыстар тобу болсо «бул спектаклди бүт дүйнө көрүүгө тийиш» дешти. Ошентсе да казактар баш байгени бергиси келген жок. Калыстардын 6 сааттык талкуусунан кийин бир добуштан баш байгени бизге ыйгарышты. Фестивалга 7 мамлекет катышкан, алардын бири да орунга илинген жок. Бизден кийинки калган 6 байгенин баарын казактар өздөрү алышты.
– Баш байгенин суммасы канча болду?
– 400 миң теңге, башкача айтканда, 2500 доллар.
– Фестивалга барууга канча каражат сарпталды?
– Баш-аягы 150 миң сом кетти. Аны биз фестиваль тууралуу кабар алган күндөн тартып гастролдоп жүрүп өзүбүз чогулттук.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg