Абдумалик Шерматов менен Динара Акулованын кичинекей кызы Малика Дина эсиңиздеби? Азыр ал кыз чоңоюп, сулуу бийкечке айланган. Маек-төрүбүздө Малика Дина.
Аты-жөнү – Акулова Малика Дина
Туулган жылы – 1995-жыл, 19-декабрь
Туулган жери – Орусия, Москва шаары
Учурда – Бишкек шаарындагы №67-мектепте 11-класстын окуучусу, жеке ырчы
Жактырып жеген тамагы – Оромо
Апасы Динара Акулова Маньто деп эркелетет.
– Кандайсың, Малика?
– Жакшы. Рахмат.
– “Курстарым бар, бошобой жатам” деп деги бизге жете албай койдуң го. Кайсы курстарга барып бошой албай жүрөсүң?
– Сабактан кийин сууда сүзүүгө, коньки тебүүгө жана бийге барам. Анан дагы “Бишкек сулуусу” сынагынан жеңип албадым беле. Ошол боюнча декабрда Англияга кетем. Ага да даярданып жатам.
– Англияга барып эмне кылат экенсиң?
– Бир ай англис тилин үйрөнүп, анан ал жактан же бул жактан англис тилинен сынак берип, Англия же Американын бир университетине тапшырсам болот.
– Жакшы экен. Кел, эми сенин кичинекей кезиңе көз чаптырып өтөлү.
– Кичинемде бир жерде тура албаган шок кыз болчумун. Шок болгонум менен, тыкан, тилди уккан кыз элем.
– Кимге окшошсуң?
– Көптөр “атаңа окшош элең. Чоңойгон сайын апаңа окшошуп баратасың” деп айтышат. Кичинемден апам менен чоңойгондугум үчүн атама көп деле маани бербейм. Мурда “атаңа окшошсуң” дешсе таарынчумун. Анткени атамды көрчү эмесмин да. Ал кандай адам, ким экенин жакшы билбейт элем. Атамды көргөндө гана эмне үчүн элдин антип айта берерин түшүндүм. Көрсө, чын эле окшош экем.
– Атаң менен сүйлөшүп турасыңбы?
– Көптөн бери сүйлөшө элекмин. Атама анча деле жакын эмесмин. Ичимде ага болгон жылуулук жок. Эгер апам менен жарашса же “мени менен жаша” деп айтса деле мен аны менен жашай албайт болушум керек. Жолукканда деле менин атам болсо да, башка адамдай сезилет. «Менин атам» деп боор тартпайм. Жөн гана атам экенин жана ага окшош экенимди билем, болду.
– Апаңдын кийимдерин киесиңби?
– Апам деген модница да. Кийимдери жагып калса, алып алам.
– Ал кийимдер сага чак келеби?
– Шымдардан башкасы чак келет.
– Сени көбүнчөсү “кичинекей болсо да, өзүн чоң кыздардай алып жүрөт” дешет...
– Өзүмдүн жашымдан улуу көрүнөрүмдү танбайм. Гастролдордо жүрүп, жалаң улуу адамдар менен иштешип калгандыктан го.
– Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда деп айтып келесиң. Азыр 15-16 жаштагылардын турмуш курууга ашыгып жаткандарын көрүп жатабыз. Турмушка чыгууга даярсыңбы?
– Жо-ок. 15 жаштагы кыз кантип турмушка чыкмак эле? Акылы жоктор эле чыкпаса...
– Эмне жөнүндө кыялданасың?
– Апам мени менен сыймыктанышын, менин айымдан бети кызарбашын каалайм.
– Классташтарың менен мамилең кандай?
– Жылдыз, Азиза деген курбуларым мени дайыма колдоп турушат. Башкалар тууралуу эч нерсе айта албайм. Алар мен жөнүндө көп сөздөрдү айтышат. Эмне үчүн антишерин түшүнбөйм. Балким, алар да ушундай көңүл бурууларды каалашаттыр. Иши кылып классташтарымдан көңүлүм калган.
– Элге көп аралашасыңбы?
– Көбүнчө көпчүлүккө аралашып жүрөм да. Мектепке барып, окууну бүтүрөйүн деп, апама кубаныч тартуулоону каалаган кадимки эле адаммын. Кээде “Малика, сен коомдук унаа менен келдиңби?” деп сурап калышат. Мен болсом “мен адам эмесминби?” деп жооп берем. Же эмне, маршруткалардын тышына “ырчыларга киргенге болбойт” деп жазып коюптурбу?
– Жылдыз «оорусу» менен таанышсыңбы?
– Ой, аны менен ооруп алып эмне кылам? Аз-аздан көтөрүлүш керек. Шыр эле “вов” деп чыгып алгандар катуу кулайт.
– “Бой көтөргөн кыз” деп көп айтышса керек...
– Ооба, көп айтышат. Керектүү учурларда андай сапатым бар. «Стерва көрүнөсүң» деп да айтышат. Бирок тышкы көрүнүш менен сынаган болбойт да.
– Айылда жашап, мал багып, талаага иштеген тың кыз болгонуңду элестете аласыңбы?
– Элестете алам. Анткени апам ошондой эле тың кыз болуп чоңойгон. Ал турмуштар тууралуу көп айтып беришкен. Спокойно эле элестетем.
– Ырчылыкты улантасыңбы же кайсы кесиптин ээси болууну пландап жатасың?
– Билбейм. Каныңда бар нерсени таштай албайт экенсиң. Балким, өмүр бою ырдайттырмын. Балким, ырдабай калам. Ким болорумду азыр чече элекмин.
– Бир кездерде үйүңөрдө жашап, апаңдын кызы болуп чоңойгон Гүлмира эжең менен мамилең кандай?
– 6 жылдай болуп калды, аны менен сүйлөшө элекмин. Таап калсаңар, мага да айтып койгулачы. Ал акылдуу адам болсо, анда жок дегенде бир ирет апама келип, абалын сурап коёт эле. Таап, аны менен сүйлөшүп, эмне үчүн мындай болгонун билгим келет. Кыйын учурда колун сунган адамдарга ыраазычылык билдиргенди да билиш керек.
– Сүйүү тууралуу сүйлөшпөйлүбү?
– Ой, менин азыр андай нерселерге убактым жок.
– Балким, кичине чактагы таттуу убактар эсиңде калгандыр?
– Бала бакчада Эдик деген бала бар болчу. Апам мени бакчага алып барганда ал чуркап келип бетимен өөп кайра качып кетчү. Ошол нерсе дагы эле эсимде. Ал бала кийин биздин мектепте окуп калды. Параллель класста окуйт. Кызыгы, азыр деле ал мага кичинекей баладай көрүнөт.
– Маегиңе рахмат. Өркүнүң өссүн!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg