КӨЧӨЛӨР КИМДИН АТЫН АЛЫП ЖҮРӨТ?

(Башталышы өткөн сандарда)

БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

Б.Юнусалиев көчөсү шаардын түштүк-чыгышында жайгашкан. Түндүк башы А.Коёнкөзов (мурдагы М.Горький) көчөсүнөн башталат. К.Карасаев, С.Медеров, А.Н.Скрябин, Т.Субанбердиев, К.Жантөшев, И.Ахунбаев, Н.Койбагаров, А.Сүйөркулов көчөлөрү менен кесилишет. Аягы Сухэ-Батор көчөсүнө барып такалат. Бул көчөдө дүкөндөр, унаа оңдоочу жайлар, кафе, ресторандар жайгашкан.

Б.Юнусалиев ким болгон?
Белгилүү тилчи-түрколог, коомдук ишмер, “Манас” эпосун изилдөөчү, академик Болот Мураталиевич Юнусалиев 1913-жылы 6-октябрда Кеминдеги Үч-Урук айылында устанын үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 1926-жылы Бишкек интернатында, 1930-1931-жылдары Ташкенттеги политехникалык техникумда окуп, 1933-жылы Москва шаарындагы пединститутту аяктаган. 1930-1940-жылдары Москвада агартуу жаатында жооптуу кызматтарда иштеп, кийин 4 жыл согушка катышкан. Согуштан кийин кесибин улантып, Кыргыз ССРинин Эл агартуу министри (1945-1951-ж.ж.) болуп эмгектенген. 1954-1960-жылдары бир эле кезде Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, Кыргыз тили кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1965-70-жылдар аралыгында Кыргыз ИАнын “Манас” секторунда улук илимий кызматкерлик милдетти аткарган. Өмүрүнүн аягына чейин кыргыз элинин улуу эпосу “Манасты” изилдөөнү токтоткон эмес.
Ал – кыргыз мектептерине арналган Алиппе китебинин жана 100дөн ашык илимий эмгектердин автору. КРнын Эмгек сиңирген ишмери Болот Юнусалиев Кызыл Жылдыз, Ардак белгиси ордендери менен да сыйланган. 1970-жылы дүйнөдөн кайткан.

АБДЫ СҮЙӨРКУЛОВ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

А.Сүйөркулов көчөсү Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан. Ал А.Малдыбаев көчөсүнөн башталып, С.Каралаев көчөсүнөн аяктайт. Байтик Баатыр, Жукеев-Пудовкин, Б.Юнусалиев, С.Каралаев көчөлөрү менен кесилишет. Бул көчөдө И.Арабаев атындагы университеттин бир имараты, №4-төрөт үйү, “Орто-Сай” базары, №64, №17-мектептер жайгашкан.

А.Сүйөркулов ким болгон?
Абды Сүйөркулов 1912-жылы Кетмен-Төбөнүн Торкент айылында туулган. Октябрь революциясынан кийин советтик окуу жайларында окуган. 1931-жылдан баштап Кетмен-Төбө райондук Керек-жарак союзунун төрагасы, 1934-1937-жылдары Ноокат, Талас райондорунда финансы бөлүмүнүн башчысы, 1937-1938-жылдары салык башкармасынын жетекчиси, андан кийин Токтогул райондук Аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1942-жылдан баштап Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин үгүттөө боюнча катчылыгына шайланган. 1944-1946-жылдары ВКП (б) Борбордук комитетинин алдындагы жогорку партиялык мектепти аяктап, Борбордук партиялык комитеттин үчүнчү катчылыгына, 1949-жылы экинчи катчылыкка дайындалган. 1950-1958-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеп, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошкон. 1959-жылдан 1969-жылга чейин КРнын Соода министрлигин башкарып жүрүп, союздук маанидеги персоналдык пенсияга чыккан. Ал Ош-Бишкек жолдорун реконструкциялоо, кеңейтүү, тоннель казуу маселеси боюнча бир нече ирет Москвага барып, Иосиф Сталинге чейин кирген. Ошентип, түндүк-түштүк катнашы маселесин чечип, максатына жеткен.
СССР Жогорку Кеңешине 3 жолу, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 5 жолу депутат болуп шайланган. 2 Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендеринини ээси. Абды Сүйөркулов 1992-жылы 89 жашында каза болгон.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
orun
2011-11-21 15:09:13
Ю. Абдахманов атындагы кочо жонундо да жазып койгулачы урматтуу super.kg
0
maradona
2011-11-22 18:22:27
Абды Суоркулов Токтогулдан чыккан биринчи министр болгон.
0
polot
2011-11-26 09:00:51
Т.Кулатов атындагы кочо боюнчада жазип койгулачы
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан