Бүгүнкү күндө көпчүлүк кафе, бар, түнкү клубдар кальяндын ордосу болуп калды. Алгач мода катары чегишсе, учурда аны адатка айланткандар да жок эмес. Ал эми кальян тартуунун өмүрдү кыскартып, өлүмгө эрте жетелей турган зыяндуу жагы бар экендигин билгендер аз.
МҮНӨЗДӨМӨ
Кальян бул – тамеки чегүү үчүн колдонулуучу аспап. Негизги кызматы – тамекиден чыккан түтүндү суу аркылуу чыпкалоо. Кадимки тамекини чегүүдө андан чыккан түтүн өпкөгө түз барат. Ал эми кальян болсо, түтүндү суу аркылуу чыпкалап (мында түтүндөгү уулуу заттардын кайсы бир өлчөмү калып калат), ага кошумча сууга кошулган шарап даам берип, анан өпкөгө өткөрөт.
ТАМЕКИСИ
Кальян тамекиси курамына жараша бөлүнөт.
Негизи, кальян тамекиси шире чыккандай сууланып жана тамеки жалбырактары бири-бирине былжырап жабышып турат. Сыртынан караганда кыямга окшош. Ал эми кургап калган кальян тамекиси өзүнүн сапатын жоготуп, таасир бере албай калат. Даярдалган тамеки фольгага оролуп салынат.
45 МҮНӨТ КАЛЬЯН ЧЕГҮҮ 1 КУТУ ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ МЕНЕН БАРАБАР
Кальян чегүү чыңалган нервди жазып, рахат тартуулаганы менен, ден соолукка өтө зыяндуу. Алсак, изилдөөчүлөрдүн айтымында, 1 саат кальян чеккен адам тамеки тартканга караганда түтүндү 100-200 эсе ашыкча жутат. Себеби бир даана тамекини чеккенде адам 13-15 жолу гана сорот. Кальянда никотиндин өлчөмү аз болсо да, ис менен өпкөнү ууландырат. Себеби адамдар кальян чегип рахат алуу үчүн көп убакыт отурушат.
Кальянга бир порция үчүн 10 грамм кальян тамекиси салынат. Ал эми кадимки 1 даана тамекинин салмагы 0,94-0,96 граммды түзөт. Канадалык окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы 45 мүнөттүк кальян чегүү учурунда адам организми бир куту тамекиден чыккан иске уулануу менен барабар боло тургандыгын көрсөткөн. Тамеки организмге кандай зыян алып келсе, кальян да ошондой зыян алып келет. Башкача айтканда, рактын пайда болушуна, жүрөк-кан тамыр жана башка ар кандай ооруларга жол ачат.
Кальянды көбүнчө достор, тааныштар чогулуп алып чегишет. Бул өтө кооптуу. Себеби бир түтүкчөдөн баары кезектешип чегишет. Бул ар кандай инфекциялардын жугушуна алып келет. Мындан сырткары алкоголь ичимдиктерин кошо ичүү да кооптуу.
Кээ бир эс алуу жайларында кардарларды кальян чегүүгө көндүрүү үчүн кальян тамекисинин курамына маң заттарын кошушат. Билинбей отуруп мындай адамдар келечекте баңгиге айланып калышы толук мүмкүн.
Маң заттары үчүн кальяндар
Маң заттары болуп саналган гашиш жана марихуана үчүн жасалган кальяндар да бар. Бул түрү адаттагы түрлөрүнө салыштырмалуу бир аз узунураак жана чөйчөкчөсү өтө кичине болот.
КАЧАН, КАЙДА ПАЙДА БОЛГОН?
Кальян 17-кылымдарда Индияда пайда болгон жана мусулман өлкөлөрүнө өтө тездик менен жайылган. Ал эми кальян чегүү Европага 21-кылымда жетип, чыгыш экзотикасынын өзгөчөлүгү катары модага айланган.
Илгери кальянды жез, латунь өңдүү металлдардан жасашса, азыркы усталар алардын ордун болот менен алмаштырышты. Анткени болот дат баспайт жана тазалаганга да жеңил. Ал эми түтүн соруучу түтүкчөлөрү мурда териден болсо, учурда силикон материалдан жасалууда.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg