“Жолуңду ачып берем, келе гой, сулуу” деп жолуңду тосуп тура калган цыган аялдар көп. Алардын алдамчылык “баштыгына” түшкөндөр андан да арбын. “Цыган айткан экен, чын эле ушундай болду” деп айтканы так келгенде таң калгандар да жок эмес. Айрымдары көз боёмочулук менен сызга отургузуп кеткен учурлар да кездешет.
ТҮБӨЛҮК ЖЕР КЕЗЕРЛЕР
Цыгандар 6-кылымда Индияда пайда болгон дешет. Болжол менен 1000 цыган Индиядан түбөлүк саякатка чыгып, алардын тукумдары жер кезүүнү ушул кезге чейин улантып келишет. Маалыматтарга таянсак, дүйнөдө 10 миллиондой цыган бар. Өз мамлекети жок. Бирок көчүп-конуп жүрүп калк катары атын жоготушпаганы да таң калычтуу. Алар – өзүнүн тилин, динин, мыйзамдарын жана ички иерархиясын бекем сактаган эл. Дээрлик көпчүлүгү христиан динин тутушат. Арасында католиктер, буддисттер ошондой эле мусулмандар да бар. Шайыр жана эркиндикти сүйгөн цыгандар бийлөө, ырдоо жана төлгө салуу, уурулук, көз боёмочулук менен алектенип жан багып келишет.
Төлгөчүлүк энеси кызына өткөрүп берген мурас катары кабыл алынат. Академик же профессорлук эмес, чебер төлгөчүлүк – цыган айымдардагы эң жогорку жөндөмдүүлүк. Алар алтынчы туюму күчтүү гана болбостон, адамдардын психологиясын да мыкты өздөштүрүшөт. Цыган аялдарын физиогномист деп атоого болот. Адамдардын жүзүнөн эмнеден жабыркап, кандай көйгөйлөргө учурагандыгын, учурдагы абалын айтып берет. Көп учурда гипнозду да колдонушат.
“ЖОЛУҢДУ АЧАМ”
Кыргызстанда да цыгандар аз эмес. Калаабыздагы “Ош базар”, ЦУМ сыяктуу коомдук жайларда цыган төлгөчүлөр көп отурушат. Кыз-келиндерди “келе гой, кел, жолуңду ачып берем” дешип, кээде ой-боюна койбой азгырып кетип жатканын көрүп жүрчүмүн. Ошондуктан алар көп отурган “Ош базарына” сапар алдым. Күркөлөрдүн ичинен парда тартып думбалап алышканы кызык туюлду. Босогодон эле цыган аял “жолуң жабык экен, ачыш керек” деген жагымсыз кабардан баштады.
– Канча?- дедим сынамакка.
– Мен акча алам, бирок бул өтө кымбатка турат.
Журналист экенимди, цыган калкы тууралуу маалымат алышым керек экенимди айтканымда “бул сага кымбатка турат” деп сынай тигилди. Кардар катары мага кызыгуусун жоготтубу же алданбасымды билдиби, бат эле башкаларга алаксып кетти.
Бул жерде цыган төлгөчүлөрдүн саны арбын экен. “Төлгөчү аялдардын башчысы Зина, бул жердеги жашы да, карысы да ушул аялга баш ийет. Андан кийин Люба деген аял” деп "Ош базарында" иштеген кыргыз төлгөчүлөр айтып беришти.
Цыган төлгөчүлөр ЦУМдун тегерегинде да отурат. Биз барганыбызда бир кемпир отуруптур. Ары-бери өткөндөргө жылмая күлүп жанына чакырган цыган кемпир бир нече кыз-келинге төлгө салып жибергенин байкап турдук. Биринин артынан бири келип, аркы-терки төлгө салдырып, төлгөчүнүн иши жүрүп жатканын байкадым. Жанына барсак “келе гой, кел, сени алдыда жакшы нерсе күтүп турат” деп чакырып калды. “Сага көп жолу көз тийген, сүйүүңдөн айрылгансың, көп адамдарды жоготконсуң” деп алаканымды көрүп, ар нерсени айта баштады.
– Келе акчаңды, сал алаканыма, анан төлгөмдү баштайм...
– Бирок мен сүйүүмдөн айрылган эмесмин да...
– Ээ, айрылгансың. Жакшылап эстесең... Кана, карта менен ачайынбы же колуңду карайынбы?
– Акчам анча деле көп эмес, болгону элүү сом.
– Такыр жокпу, жакшылап карачы...
– Жок, чын эле. Болгону ушул болуп жатат.
– Мм, анда мейли, 50 сомду бере бер. Бирөө менен таанышасың, алдыда чоң сүйүү күтүп турат...
– Анан...
– Бирок сенин жолуңду ачыш керек экен. Анда сени мындан да чоң жакшылыктар күтөт...- деп баратып, жанымдагы курбумду да “кел, алаканыңды көрсөт ” деп кызматын сунуштады. 50 сомдун лимити ошону менен бүттү окшойт деп четке жылып калдым.
– Жок, рахмат,- дегенине карабай ага да жабыша баштады.
– Сумкаңды ач, эмнең болсо бере бер.
– Эмнемди берейин, эч нерсем жок...
– Кымбат кремиң же кымбат атырың болсо деле болот, бере бер. Ооз боёгучуң болсо деле бере бер, мага белек кыл.
– Бул жерде көптөн бери турасызбы?- дедим мен.
– Көп жылдан бери иштейм.
– Канча жылдан бери?
– Мен 20 жылдан бери иштейм. Күнүгө эртең мененки 11ден түшкү 3кө чейин элге жардам берем. Кардарларым абдан көп.
Мындай окуялар көп эле жолукса керек. Кызыгы, цыгандардын курмандыгы көбүнчө кыз-келиндер болот экен. Таң калууну жараткан цыгандарга кийинки сандарыбызда да кайрылабыз.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Мальвина Уметбекова
kenesh@super.kg