ТАРАНЧЫЛАР КУДАЙДЫН КААРЫНА КАЛЫШКАНБЫ?

Таранчы, таранчы,
Суулап чачын таранчу.
Кичинекей көлмөнү,
Күзгү кылып каранчу.

Таранчыларга жогорудагыдай ыр саптары гана эмес, жадакалса эстеликтер да тургузулганын билесизби?

4 ЖЫЛ ЖАШАШАТ
Таранчылар жашоо образы адамдар жана алардын турак жайы менен байланышкан жандыктардын катарына кирип, адамдар менен жакын жашашат. Канаттуулардын ичинен таранчы сымалдар түрүнө кирет. Алар Евразия, Африка, кийинчерээк Австралия, Түндүк жана Түштүк Америка континентине кеңири тараган. Негизинен, мезгилге карап жер которушпайт. Кээ бирлери гана кышында жылуураак түштүк аймактарды көздөй убактылуу жер которушат.
Кичинекей келген бул канаттуулардын узундугу – 11-18 сантиметр, ал эми салмагы – 40 граммга чейин. Канаттары учтуу, куйругу анча узун эмес, тегизделгендей тыкан. Сырткы келбети күрөң, кочкул күрөң, боз, ак, кара жана саргыч өңдөр аралашкан түстө болот. Эркеги ургаачысынан моюнундагы жана көкүрөгүндөгү кара, башынын үстүндөгү боз өңү менен айырмаланат. Бул чымчыктын дүйнөдө көптөгөн түрлөрү бар. Алардын ичинен эң көп кездешкени үй таранчысы жана талаа таранчысы.
Үй таранчысынын эле 16 түрү (африкалык, нилдик, персиялык, англиялык, бактриялык, мальталык, индиялык жана башка) белгилүү. Алар уясын көбүнчө адам жашаган үйлөрдүн чатырларына, курулуштардын кычыктарына, кара чыйырчыктын уясына деле сала беришет. Жаз мезгилинде эркектери чарчабай сайрашып, ургаачылары үчүн согушмайлары да бар. Кошулуу мезгили жазында башталып, ургаачысы жылына 2 же 3 жолу жумурткалайт. Орточо 5-7 жумуртканы 14-15 күндөй басышат. Кичинекей балапандар 10 күндөн кийин эле уясынан учуп чыгышат. Кызыгы, таранчылар сүйүүдө туруктуу келип, тандаган жубу менен түбөлүк болушат. Жашоосунун узактыгы – 4 жыл, бирок 9-11 жылга чейин жашагандары да жок эмес.

“ТАРАНЧЫ” ДЕГЕН СӨЗ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
Зоолог-орнитолог Аскар Давлетбаковдун айтымында, Кыргызстанда таранчылардын 5 түрү жашайт. Алардын ичинен үй таранчысы жана талаа таранчысы туруктуу уялайт. Ал эми испан, индус жана таш таранчылары Испания, Индиядан Кыргызстанга мезгил-мезгили менен учуп келип турушат. Кыргызстанда таранчылардын саны биологиялык циклге жараша болот. Кээде көбөйүшөт, кээде азайып кетишет.
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Рыскул Жолдошов бул канаттуунун таранчы деп аталып калышын мындай түшүндүрдү: «Таранчы» Чыгыш Түркстандагы түрк элдеринде “дыйкан” деген сөздүн синоними болгон. Мурун айыл жерлеринде көп айтылчу. Ал көбүнчө талаада дан чокуп, дан менен тамактагандыгы үчүн таранчы деп аталып калган. Уйгурлар бүгүнкү күндө да дыйкандарды таранчы деп аташат».

АДАМДАРГА ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ
Таранчылар талаада, бакчада өскөн эгин-жемиштерден тышкары адамдардын тамактарынын калдыктарын деле жей беришет. Жаз мезгилинде зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылып, айрыкча чоң шаарларга пайда алып келишет. Алардын көбөйүп кетиши эгинге зыянын да тийгизет. Ошондой эле кээде ар кандай зыянкечтерди жана ооруларды (чечек, дифтерия жана башка) алып жүрүшөт. Мисалы, Кытайда 1958-жылы 1 миллиард 96 миллионго чукул таранчы массалык түрдө жок кылынган. Себеби алар талаадагы эгиндерди жеп, айыл чарбага зыян алып келе баштаган. Бирок кийинки эле жылы курт-кумурскалардын айынан бардык эгин жараксыз калып, коңшу кытайлар эки эсе чыгым тартышкан. 1960-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын төрагасы Мао Цзэдун тарабынан таранчыларды массалык кыруу токтотулган.

ТАРАНЧЫ МАДАНИЯТТА
Таранчы адамдарды күнүмдүк жашоосунда гана коштоп жүрбөстөн, түрдүү чыгармаларда, тасмаларда да кездешет. Байыркы заманда грек акыны Сапфо «сулуулуктун Кудайы – Афродитанын жасалгалуу арабасын (колесницасын) таранчылар жасап беришкен» деп жазса, Инжилде “Кудайдын эрки болбосо, таранчы да жерге кулап түшпөйт” деген жазуу бар.
Таранчылар карга менен көгүчкөнгө окшоп баса алышпайт. Секирип орун которушат. Орусиянын Подмосковье, Кубань аймагындагы уламыштарга таянсак, Иса пайгамбарды артынан кууп келе жаткан душмандарга таранчы үн чыгарып сайрап, каякта жашырынып жатканын билдирип койгон. Анын ушундай саткындыгы үчүн Кудай эки бутун көрүнбөгөн жип менен байлап салган. Ошол үчүн баса албай секирип жүрүшөт.
Голливудда тартылган “Кариб деңизинин каракчылары” тасмасында Жонни Депп жараткан капитан Жектин образын ким билбейт. Ошол Жектин лакап аты да Таранчы. Ал эми бизде болсо акын Акбар Рыскуловдун калемине таандык “Таранчы” аттуу ыр обонго салынып ырдалып жүрөт.

КЫЗЫКТУУ 5 ФАКТ

  • Таранчыга эң алгачкы эстелик АКШнын Бостон шаарында 1860-жылы тургузулган. Америкалыктар таранчыга мындай урматты талаада пайда болгон көпөлөк куртун кырып жеп, эгинди сактап калгандыгы үчүн көрсөтүшкөн. Ушундай эле эстеликтер Сингапурда, Германиянын Ульм, Орусиянын Санкт-Петербург жана Беларустун Минск шаарларында орнотулган.
  • Таранчылар сырткы дүйнөнү кызгылт өңдө көрүшөт. Ошондой эле анын моюн омурткаларынын саны акыранын моюн омурткаларынын санынан эки эсеге көп.
  • Таранчылар ачкалыкка 2 суткадан ашык чыдай алышпайт.
  • Таранчынын орусча “воробей” деп аталышы эгинди кайтарып жаткандардын “ууруну ур!”, орусча айтканда, “вора бей!” дегенден аталып калган деген маалыматтар бар. Таранчыны түрктөр серче, америкалыктар спарроу, украиндер горобець, беларустар верабей, болгарлар менен чехтер врабец, поляктар вробель дешет.
  • Канаттуулардын ичинен тил үйрөнүүгө тоту куш менен кара чыйырчык гана эмес, таранчылар да жөндөмдүү келишет.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
OMG
2011-11-22 08:48:12
ooooo mii da, chyn ele basa alyshpait da
0
erbolkaliya
2011-11-22 10:03:55
Жакшы пайдалуу макала экен.Рахмат!
0
asil-08
2011-11-25 14:04:06
аябай тетик болушат таранчылар
0
Kidnessmoon
2012-10-10 13:30:07
Оо таранчынын чыккынчылыгы эле болбосо жакшы экен :)
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан