ТОКТОБОЙ РОЛИК ТЕП!

Акыркы мезгилде улуу-кичүү дебей ролик тепкендер көбөйдү. Шаар көчөлөрүндө желдей сызган роликчендер сиздин да шыгыңызды ойготкондур.

ДӨҢГӨЛӨКТҮҮ БАТИНКЕ – МУЗЫКАНТТЫН КЫЯЛЫ
Ролик менен ойнолуучу спорт түрү роллерспорт, аны менен алектенгендер роллерлер деп аталат. Ролик үчүнчү кылымына аяк басып жатат. Тарыхына кайрылсак, аны 1760-жылы бельгиялык, музыкалык аспаптарды "ыйлаткан" музыкант Жон Жозеф Мерлин ойлоп тапкан. Алгачкы роллердин ачылышын кийин театрлардагы артисттер сахнада орун которуу үчүн колдонушкан.
1863-жылы ролик дүйнөсүндө төңкөрүш болуп, Жеймс Плимптон 2 катардан 4 дөңгөлөктүү ролик (квад) ойлоп таап, патенттеген. Бул роликтин өмүрү узун болуп, бүгүн да жашап келет. Бүгүнкү күндө дүйнөдө роллерлердин саны 60 миллиондон ашуун. Кези менен дүйнөлүк масштабдагы түрдүү мелдештер өтүп турат.

РОЛИГИМ, САГА АЙТАМ, РОЛЛЕР, СЕН УК!
Роликти түрдүү жаштагы адамдар тебе алышат. Аял-эркегине, кары-жашына карабай ролик тебүүгө мүмкүн. Ал дене-бойго кыймыл апкелип, ошол эле учурда эс алуу да тартуулайт. Эгер ролик дүйнөсүнө жаңы аралашып жатсаңыз, бул кеңештер сиз үчүн.
Ылдамдыктан качыңыз! Роликте эң жогорку ылдамдык 50 чакырым/саат. Бирок жаңы үйрөнүп, тең салмактуулукту кармоого тажрыйбаңыз аз болсо, бул ылдамдыкка умтулбаганыңыз жөн.
Алдыга жыгылып, жаракаттан сак болуңуз! Жогорку ылдамдык, суу болгон асфальт же түрдүү кокустук сизди роликтен оодарып түшүшү мүмкүн. Андыктан жыгылууда жүзтөмөнүңүздөн жыгылууга аракеттениңиз. Анткени артка жыгылуу жамбаш сөөктөрдү, башты, чыканактарды жабыркатышы ыктымал. Бет менен жыгылууда колуңуз жана тизелериңиз сизди коргойт. Башка шлем, тизе жана чыканактарга коргоочу тагынсаңыз ашыктык кылбайт.
Ролигим көп жашасын десеңиз... Негизи, бардык үлгүдөгү роликтердин өмүрү ашып кетсе 2 жыл. Көбүнчө аны сууда жана шагылда тебүү жарактан чыгарат. Айрым тетиктерин жана дөңгөлөктөрүн бат-бат алмаштырганыңыз – ага өмүр тартуулагандык.
Роликти кантип тандоо керек? Роликти туура тандоого сатуучунун же адистин кеңеши керек. Андыктан аны базардан эмес, спорттук же атайын ролик сатылган соода түйүндөрүнөн алыңыз. Арзан баадагы, сапатсыз кытай ролигинен качыңыз. Секирүү же ыкма жасоодо анын сынбасына кепилдик жок. Сизге оригинал жана өлчөмү туура келген ролик жетиштүү. Кошумчалап кетсек, борбор калаада ролик сатылган жайларда баштапкы баа 1000 сом. Соңку жылдары ролик базарында “Rollerblade”, “K2”, “Salomon”, “Powerslide”, “Roces”, “Tecnica” компанияларынын роликтери өтүмдүү.

РОЛИК КЫРГЫЗ СПОРТУНДА ЧООЧУНБУ?
Дүйнөгө кенен жайылган роллерспорт Эл аралык Олимпиада Комитети тарабынан жактырылса, 2016-жылы Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын программасына кирет. Анда спортчуларды ылдамдыкка, туура токтой билүүлөрүнө жана көргөзгөн ыкмаларына жараша калыстар баалап, жеңүүчүнү аныктайт.
Тилекке каршы, кыргыз спорту роллерспорт менен тааныша элек. Өлкөдө роллерлерди бириктирген уюм жок. Кубандырганы, борбор калаада жана Ош шаарында ролик тебүү үчүн клубдар бар. Ошондой клубдардын бири, Бишкектин Кулатов-Правда көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Roller Club`га” барганбыз. Байкалганы – клубдун 400 чарчы метр келген жабык аянтынан киши үзүлбөгөнү. Клубдун жетекчиси: “Такай келип жүргөн бир-эки бала бар. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги роллерлер”,- деп билдирди.

“КҮНҮГӨ 2 СААТ МАШЫКПАСАМ БАШ ООРУЙТ”

Ролик менен “жашап калган” Тынчтык Мырзакулов музыка коштогон төрт бурчтуу караңгы аянтта чимирилип жүрүптүр, ошол жерден маек курдук. Бул жигит "Roller Club`дун" жетекчиси айткан дүйнөлүк деңгээлдеги роллерлердин бири.

Толук аты жөнү – Мурзакулов Тынчтык Кабылбекович
Туулган жылы – 1993-жыл, 17-сентябрь.
Туулган жери – Алай району, Гүлчө айылы.
Бою – 170 см. Салмагы – 56 кг.
Жактырган ыкмасы – “Крученка” (абага секирип айлануу), шпагат отуруу.
Компьютердик техникумдун студенти.
Учурда Бишкекте жашайт.

– Салам. Бул жакка такай келип турат экенсиң...
– Ооба, күндө 2 саат машыкпасам башым ооруйт. Эки жылдан бери ушундай.
– Ролик сени эмнеси менен арбаган?
– Билбейм, рахат тартуулаганы менен го.
– Үй-бүлөдө кызыккандар бар да... Ата-энең колдойбу?
– Эки карындашым жана иним бар. Кызыкпайт алар. Ата-энем колдойт.
– Кызыктар көп болсо керек, айтып бербейсиңби?
– Мен роликти жогорку ылдамдыкта тепкенден рахат алам. Бир жолу ушул жерде катуу тээп келатсам, алдымда бою узун бала кыз жетелеп, ролик тээп баратыптыр. Токтой албайсың. Буйтайын десем, башкалар менен кагышкан жатам. Карасам, тиги бала буттарын ачып туруптур, артынан келип отурган абалда алаасынан өтүп кеттим. Көз ирмемде эле болуп кетти. А тиги жигит "кызыма уят кылдың" деп таарынган.
– Мм... Бирөө кубаласа, роликти тандамак белең же жеңил бут кийимдиби?
(Күлүп) Түз жер болсо, андай кырдаалда бутка эмес, роликке ишенем. Роликсиз турбайм да. Атүгүл роликчен баратып телефонумду чукулап, жаза алам.
– Тажрыйбаң жетиштүү экен. Олуттуу түрдө машыгасың го...
– Ооба. Эл аралык мелдештерге чыксам дейм. Казакстанда казак роллерлер менен тажрыйба бөлүшүп келгем. Эми Орусияга мелдештерге катышканы барам.
– Бул жакта улантсаң болбойбу?
– Биздин спорт-чиновниктер мындай спорт бар экенин билбесе керек. Колдоо жок да бизде.
– Үйрөнөм дегендерге кеп-кеңешиңен бөлүшө кетсең...
– Роллер болуу үчүн, албетте, ролигиң болуш керек же роллер клубдарга каттап турганга мүмкүнчүлүк болуш керек. Алгач роликти кийгенде ашыкпай, бирөө менен жетелешип же тосмону кармап бутка турууну үйрөнүү керек. 1-2 жума аракеттен соң натыйжа болот. Сөзсүз түрдө адистин же такшалган роликчинин кеңешин алуу керек.
– Рахмат маегиңе. Ролигиңдин астынан шамал өтүп турсун.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Токтобой ролик теп
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Juliana
2011-11-22 07:33:00
Menin sonun roligim New Yokrto kaldy, barsam ala kelem.
0
monchok
2011-11-23 23:25:45
хе хе АЛААсынан отуп кеткен жери жакты.
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан