12-13-ноябрда “Тамашоу” күйөрмандарын Спорт Ордосуна чогултту. Айрым беделдүү командалар кызыктуу оюн көрсөтө албай арманда калышса, Студенттер Лигасында ойноп, жаңы эле кошулган командалардын ити чөп жеди. Тамашаларга көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Чыгыш бийин "тыткан" жана орусча билбеген ""KG 77нин" жигиттери
ЖКнын депутаттары ортосунда футбол боюнча таймаш болуп өттү. Адаттагыдай эле жеңилип калган тарап “голдорду кайра санап чыккыла” деп талап кылууда.
“Моника Беллучи”
Шайлоодон кийин Таласта өпкөсү жок койлор туула баштады.
“No name”
Пластикалык операциядан кийин Шарипа эже эми Шакира эже болуп калды.
“УКГ №5”
Кыргызстанга келген туристтер “Дордойдон” кийинип, Кызыл-Аскерден чечинишет.
“City Bombs”
Тамеки чегүү – ден соолукка зыян. Андан көрө насыбай чегиңиздер.
“Nomads” (Казакстан)
Кийинки тамашабыз Аскар Акаев жөнүндө болмокчу. Акаев дейм да. Ий, байкуш, мени эстеп жатса керек...
“Ак-Өргө city”
Колуна ромашка кармаган кыз.
18 жашта: – Сүйөт, сүйбөйт, сүйөт, сүйбөйт...
27 жашта: – Урат, урбайт, урат, урбайт...
50 жашта: – Турат, турбайт, турат, турбайт...
“2-рота”
Роза Отунбаеванын телефону шыңгырап калат: “Роза гүлү тартып мени өзүнө...”
Роза Отунбаева: – Алло... Ии, эмне, кабинетимди көчүрүп жатасыңарбы? Тиги креслого тийбегиле, ал – кожа, өзүм сатып келгем... Шкафтын ичинде “Тамашоунун” дисктери бар, ага да тийбегиле. Аларды көрүп бүтө элекмин. Кабинет таптаза бекен, ээ? Ооба, мен келгенде баары баш аламан, чаң болчу, бүт өзүм тазалагам... Айтып коёюн, бир гана кабинетти эмес!
“Чез”
“Урмат-Ордо-Усенов” мейманканасы –жайлуу төр, таластык атмосфера жана келген конокторго Неля эжеден бешбармак.
“City Bombs”
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бийлик пикетсиз, митингсиз тынч жол менен өткөрүп берилгени турат. Мунун баарына Роза Исаковна Отунбаева күнөөлүү.
“Жигиттер”
Кечээ Эрмек Нурбаев жол эрежесин бузгандыгы үчүн аны ГАИ кызматкери кармап алып, “Тамашоунун” концертине эки билет сураган. Бүгүн уялбай өзү эки орунда отурат.
“KG 77”
Америкалык ырчы Pitbull Кыргызстандан кандек таап алыптыр...
“NutsТан”
“Дордой” базары – Google, анткени баарын табууга болот. Ал эми “Ош базарын” mail.агент деп койсок болот, анткени бардык ушак ошол жакта.
“IUK”
– Калыстар тобунда отургандардан эң сексуалдуусу ким?
– Рысбек (Жабиров) байке, «Супер-Инфонун» «Эң сексуалдуу мырзасына» илинбей калып, «Супер-Инфого» таарынычыңыз барбы?
“Достук”– Эмне, өзүңүзгө ишенбей жатасызбы?
“KG 77”
– Аш бергенге баш берсин, ал эми гөш бергенге эмне берет?
– Калла берсин...
“Жигиттер”– Шакарап берсин...
“Ак кеме”– Шөөла, шөөла, шөөланы көөла. Ушинтип да суроо бересиңби? Суроо бербей өл, аа...
“КГБ”
– «Тамашоунун» башчысы Эрмектин чачы качан түшө баштайт?
– Үйүңүздө мындан башка көйгөй жокпу?
“No name”– Биттери митингге чыкканда...
“Чез”
– Кыргыздарды карышкырдан көп эт жейт дешет, эмнеге?
– Биз эт эмне экенин билбейбиз, өрүк эле жейбиз.
“КГБ”– Билбейм, биз, казактар, диетадабыз...
“Эксклюзив” (Казакстан)– Эмне, карышкырлар айттыбы ошентип?
“Жигиттер”
– “Саяктар” командасы “Боз салкынды” шылдыңдап “Көк салкын” деген тасма тартышыптыр. Силер кандай тасма тартат элеңер?
– “Аят-2ни” “Уят-2” деп тартмакпыз.
“Местныйлар”– “Быйыл сөзсүз ажырашам”.
“Достук”– “Кызыл көйнөкчөндү” “Кызыл купальникчен” деп.
“KG 77”
Лунара Бекиева
tamasha@super.kg