Мээрим Керимбектин бактылуу күндөрүнөн
Өлкөсү – Кыргызстан
Жанры – Драма
Режиссёру – Эрнест Абдыжапаров
Сценарийин жазган – Эрнест Абдыжапаров
Оператору – Санжар Абдыжапаров
Башкы ролдордо – Зарема Асаналиева, Николай Пименев, Евгений Таранов, Эльвира Плотникова, Чыңгыз Мырзаев, Элина Абай кызы,
Тасманын узактыгы – 1 саат 25 мүнөт
Бет ачары – 17-ноябрь, 2011-жыл
ЖОМОКТОГУ ШАХРЕЗАДА – ЖАШООДОГУ МЭЭРИМ
Алексей адаттагыдай эле чоң атасы Степан менен суу жээгине балык уулаганы чыккан. Күндөгүдөй торго балык түшпөгөнүн айтып, экөө кобурашып отурганда көпүрөдөн жаш кыз сууга боюн таштайт. Степан шаша небересин ал кызды куткарууга жиберет. Алексей менен Степан кызды үйүнө алып келип, айылдын мээрман айымы Фросяны чакырышат. Эс-учун жоготкон кыз өзүнө келип, бирок өткөнүн эстей албай, куткаруучуларын “мен киммин? Бул жакта эмне кылып жүрөм?” деген суроолору менен таң калтырбаспы. Өзү жөнүндө эч бир маалымат билбеген, өз атын да унутуп калган сырдуу кызды чоң ата менен небере жомоктогу Шахрезадага окшоштуруп Шахра деп атап алышат.
Арадан күндөр өтөт. Шахра Алексей менен достошуп, бара-бара аларга көнүп, уй саап, сүт тапшырып, үй жумуштарын жасаганды үйрөнөт. Өткөнүн эстесин деген максатта Степан небереси Алексейге Шахраны кошуп шаарга жиберген эле. Шахра акырындан башынан өткөргөн оор тагдырын эстей баштайт.
Көрсө, анын аты Мээрим экен. Ал айылдагы оорукчан апасы каза болгондон кийин шаарга жигитин издеп келет. Шаарда таанышы жок, көчөдө калган Шахра жолдо келатып Зуура деген селсаяк айым менен таанышып, анын жер кепесинде түнөмөй болот. Ошол күнү Зууранын үйүнө эски тааныштары келип калып, алардын бири Мээримди зордуктап салат... Ушул каргашадан соң кор болгон кыз бардар үй-бүлөгө бала багуучу болуп жумушка орношкон болчу. Ал үй-бүлө аркылуу жигитинин үйлөнүү тоюна капысынан туш болот. Көрсө, атайын издеп келген жигити Керимбекти (Чынгыз Мырзаев) Мээримди капчыгы калың байдын кызы Айгеримге (Элина Абай кызы) алмаштырып ийиптир. Демек, Мээримдин өз жанын кыйып сууга секиргенине жогорудагы окуялар түздөн-түз себеп болгон.
Тасма соңунда Степан абышка каза болор алдында мээрман айым Фросяга сүйүүсүн билдирет. Алексейге Шахраны айылына жөнөтүп жиберүүсүн айтып табыштайт.
ӨТКӨНҮБҮЗДҮ УНУТПАЙЛЫ...
Тасманын идеясы Орусияда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандарынын айтып берген тагдырларынын негизинде пайда болгон. Сценарий боюнча, фильм Орусияда тартылмак, бирок режиссёр Орусиядагы элчилик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнө карабастан, натыйжа чыккан эмес. Каражат жагынан кыйналган режиссёр каармандарды жана окуяларды ошол эле бойдон калтырып, тарта турган жерди гана Кыргызстанга которгон.
Фильм тууралуу тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров мындайча ой бөлүшөт:
– Кинону көрүп бүткөндөн кийин биз, кыргыздар, кыргызчылыгыбызды, орустар орусчулугун жоготуп баратышканын байкадым. Батыш тамырыбызды кыркып, бизди такыр башка нукка буруп баратыптыр. Ыймандуулукту туу туткан баалуулуктарыбызды акчага алмаштырып калыппыз. Тасманын тарбиялык мааниси – өткөндү, кайдан келип, кайдан пайда болгонубузду унутпайлы деген ойду көрөрмандарга жеткирүү. Өткөнүбүздү билсек гана мамлекетибизди, тилибизди, дилибизди сактай алабыз. Фильмдин дагы бир өзгөчөлүгү – анын драматургиясында. Адам көрүп жатып, аягы эмне менен бүтөрүн билбейт. Каарман улам эстеп жатып, фильмдин соңунда гана окуя кандай болгонун түшүнөт.
Ал эми тасмада Шахраны таштап кеткен Керимбектин ролундагы Чыңгыз Мырзаев мындай дейт: "Тартуучу топту жалаң жаштар түзгөндүктөн, тартуу аябай күлкү-каткырык менен коштолуп, шаңдуу жүрдүк.Тасманын арты менен Соң-Көлдү көрүп келдим. Өзүмдүн ролумду өтө эле негативдүү образ дегенден алысмын. Мага ишеним артып, ушундай ролду сунуштагандарына сүйүнүп эле тартылдым".
АТАЙЫН ЗАРЕМАГА АРНАЛЫП ЖАЗЫЛГАН
Эрнест Абдыжапаров сценарийди жазып жатканда эле башкы каармандын ролуна Зареманы ылайыктап койгон. Анткени бул кызда жакшы талант бар экенин билчү. Бир нече тасмаларында эпизоддук ролдорду аткарган Заремага бир чоң роль берсем деген режиссёрдун ою орундалып, жыйынтыгына канааттанып отурат. Ал эми боорукер абышка Степандын ролундагы Евгений Таранов менен Фросяны аткарган актриса Эльвира Плотникова – “Гвоздика” хорунун мүчөлөрү. Алардын кино тармагында эч кандай тажрыйбасы жок болсо да, образдарын мыкты ачып бере алышкан. Алексейдин ролундагы Николай Пименев – Орус драма театрынын актёру.
КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР...
Фильм июнь айында башталып, август айында тартылып бүткөн. Тартуу учурунда атайын сатып алган мотоцикл бузулуп, аны кайра оңдошуп убара тартышкан. Ал жарабай калганда ижарага башка мотоцикл алып, анысы да бузулуп калат. Аргасыздан тааныштар аркылуу мотоцикл табышкан. Бирок ал да бузулуп, ээси келсе иштеп, кетип калса кайра бузулуп жүдөткөн. Анан кечке келип-кете бербей деп ээси фильм тартылып бүткөнгө чейин тартуучу топ менен чогуу жүргөн. Дагы бир жагдай, режиссёрдун ден соолугу начарлап, андай учурларда жардамчысы Майрамга ишенип, кээ бир эпизоддорду ал өзү жалгыз тарткан.
Лунара Бекиева
kino@super.kg