700 КИЛОГРАММ ЖАРДЫРУУЧУ ЗАТТЫ ЭМНЕ КЫЛМАК?

Эл аралык диний экстремизм, террорчулук акыркы жылдары дүйнө жүзүндөгү элдердин жүрөгүнүн үшүн алып келүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанды кыйгап өтпөй, бизде да орун алып бараткандай. Буга акыркы убактарда болгон окуялар күбө.

Маршруткада барымтага алынган адамдардын
эч кимиси жабыр тарткан эмес.

ӨЗГӨН...
Кечээ жакында эле, тагыраак айтканда, 12-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери өткөргөн атайын операциянын натыйжасында Ош облусунун Өзгөн шаарында 1973-жылы туулган Жолдош Мамадалиев аттуу адам кармалды. Үйүн тинткен учурда саат механизми орнотулган 716 килограмм салмактагы жардыргыч заттар табылган. Бул жардыргычтар колдонууга даяр турган экен. Андан сырткары 2 даана граната, 2 даана кесилген мылтык да чыккан. Ошондой эле жарылуучу заттарга орнотуучу 4 детонатор, Макаров тапанчасынын 4 куту огу, Калашников автоматынын 74 огу жана жарылуучу заттарга детонатор улоочу жиптер болгон.
Бүтүндөй арсенал эмне максат менен катылганы азырынча тактала элек. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 226-берене (террорчулук) жана 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын Ош облустук СИЗОсуна камалды. Анын 8-9-октябрда Кара-Сууда кармалган эл аралык террордук уюмга тийиштиги бар болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

КАРА-СУУ...
Чындыгында, бул эки окуянын бири-бирине тиешеси болушу толук мүмкүн. Эсиңиздерде болсо, ушул эле жылдын 8-9-октябрында УКМК кызматкерлери тарабынан кыргыз, өзбек, тажик жана уйгур улутундагылардан турган “Ислам жихадынын союзу” жана “Өзбекстан ислам кыймылы” эл аралык террордук уюмдарынын мүчөлөрү кармалган эле. Тергөө маалыматтарына таянсак, алар президенттик шайлоонун алдында бир катар жардырууларды уюштурмакчы болушкан. Маалыматтарга караганда, бул топтордун кээ бир мүчөлөрү Ооганстан-Пакистан аймагындагы лагерлерде диверсанттык-террордук даярдыктан өтүшүп, чет өлкөлөр аркылуу Кыргызстандын аймагына ташталган. Уюмдун бир мүчөсү укук коргоо кызматкерлеринин артынан аңдып жүргөнүн байкап калып, каршылык көрсөтүп ок чыгарып, жашырынууга аракет кылган.
Аталган кылмышкер Кара-Суу-Ош багыты боюнча жүргөн маршруттук кичи автобустун айдоочусун жана андагы жүргүнчүлөрдү барымтага алып, Ош шаары тарапка айдаткан. Аны атайын кызматтын көзгө атары Ош шаарынын кире беришиндеги жолдо атып токтоткон. Бактыга жараша, террорчуну кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлеринин жана автобустагы жарандардын эч кимиси жараат алган эмес. Террорчунун улуту тажик экени жана Кыргызстандын жараны эместиги билинген. Жанынан октору менен 2 Макаров тапанчасы алынган. Бул атышуудан кийин топтун 11 мүчөсү колго түшүп, 8 киши качып кетүүгө үлгүрүп, учурда аларга издөө жарыяланган. Топтун мүчөлөрүнөн 2 даана Макаров тапанчасы, 2 даана Ф-1 гранатасы, 2 даана РГД-5 гранатасы жана экстремисттик маанайдагы көптөгөн адабияттар алынган. Аталган террордук топтун 2 мүчөсү тажик, 2 мүчөсү уйгур, 1 мүчөсү казак жана калган мүчөлөрү өзбек, ал эми башчысы кыргыз улутундагы адам экени белгилүү болду. 
Мындан сырткары 26-октябрда Нарын шаарынын эки тургуну 90 килограмм жарылуучу зат – аммонит менен кармалган.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН
Террорчулук — зордук, коркутууга таянган саясат. Эл аралык террорчулук чет өлкөлүк уюмдар же өлкөлөрдүн жетекчилиги астында өткөрүлөт. Бул көрүнүш 1960-жылдардын аягында пайда болуп, учурда өнүгүп келет. Эл аралык террорчулуктун башкы максаты – мамлекеттик башкарууну өзгөртүү, экономикалык жана саясий зыян келтирүү, өкмөт саясатын өзгөртүү үчүн дестабилизация кылуу. 1990-жылдардын баш чендеринде дүйнөдө 500дөй террордук уюмдар активдүү иштешкен. Алар он жылдын ичинде 6500 эл аралык террор уюштурушуп, анын кесепетинен 5 миңдей киши каза болуп, 11 миңдей киши жабыркаган. Азыркы убактагы террордук уюмдардын атактуусу болуп “Аль-Каида” эсептелет. Бул уюмдун террорчуларды даярдоочу лагерлери көптөгөн өлкөлөрдө иштеп келүүдө.
Террорчу десе эле көз алдыбызга арабдарча узун кийим кийген, сакалчан адамдар тартылат эмеспи. Бирок Евробиримдиктин полициясынын 2007-2009-жылдары жүргүзгөн изилдөөлөрүнө негизделген документинде төмөнкү маалыматтар жарыяланган:

  • Европа Биримдигинин аймагында ишке ашкан террордук актылардын 99 пайызы мусулман эместер тарабынан жасалган.
  • Бул теракттардын 84 пайызы мусулмандарга эч тиешеси жок сепаратисттик топтордун иши болуп чыкты. 0,4 пайыз гана аракеттердин мусулман террорчуларга таандык экени аныкталган.

Биздин өлкөдө “Хизб-ут-Тахрир”, “Чыгыш Түркистан” диний партиялары, “Аль-Каида” өңдүү 8 террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алардын ичинен “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү өлкөдө эң көп санда экени айтылат. Айрым маалыматтар боюнча, алардын саны 1500 кишиге жетиши мүмкүн.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Ошто террорчу кармалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
mirka
2011-11-21 12:52:06
бети жок сарт десе, мен озум озгондон болом,муну коруп алып к...м тушуп калды
0
Likvidator
2011-11-21 13:12:38
Ошто жана Ош областынын коптогон районунун борборунда жашаган озбек улутунун уйлорунон мындай нерсе табууга болот. УКМ кызматкерлери жакшы иштесе кунуно мындай коркунучтуу адамдардан жана курал менен жардыруучу заттарды табуу учун операцияларды жасап турууга болот.
0
Myrzake
2011-11-21 15:26:49
Улуту озбек деп неге жазбайсынар?
0
Fekus
2011-11-21 17:03:09
Ошто жашаш опасно болуп калды
0
Volgograd8442
2011-11-21 18:30:15
Ошто гана эмес Кыргызстанда жашаш ОПАСНО болуп калды го
0
Karysh
2011-11-21 20:55:07
фуууу жетеш ош жаман акыбалда калган го
мен да оштон болом бирок
0
Arstan
2011-11-22 00:38:21
Кудай сактасын.
0
OMG
2011-11-22 07:34:09
daaaaa, kudai saktasyn bizdi da KYRGYZSTANDy Teroristik strana dep aitpasa boldu ooo kudai Allah saktai kor!!!
0
Juliana
2011-11-22 21:54:34
bul ozbek eken, myndaylardy jok kylysh kerek, bizge kereegi jok myndaylardyn
0
stepboy
2011-12-10 18:56:18
ни фига себя сарт го
0
Adylmavlyan
2012-01-10 02:25:49
келечекти ойлосо орган адамдары ар дайым сарттардын уйллорун текшерип туруш керек.Же элдик отряд тузуп озубуз контроль кылышыбыз керек.Эл гана элди коргойт
0
sveet
2012-02-27 05:07:57
nado etogo uzbeka posodit na vse jzn
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан