ФАРИДА КАРБОСОВА

Фарида, “Алина” тобунда иштеп келатканыңа канча болду?
– Быйыл туура 9 жыл болду. “Алина” тобуна мектепти бүт­көнүмдө келгенмин. Негизи, өзүм бала кезимден эле музыкага кызыгып, мектепте өткөн конкурстарда ырдап, дастан да айтчумун. 10-классты аяктап жатканымда Алина эже айылга концерт коюп барып калды. Ошондо тобуна ырчы кыздарды тандап жатканын угуп, конкурска катышкам. Эми ошондогу кыздардын көбүн сураба! Ошентсе да көп кыздардын арасынан менин ырдаганымды жактырып тандап алып, «Бир айдан кийин шаарга алып кетем» деп сөз берген. Айткандай эле бир айдан кийин мени тобуна кошуп, шаарга ала келди. Шаарга келгенимде кубанганымды сураба. Ошондон бери «Алина» тобунда ырдап келатам.
Топко кошулууңа ата-энең каршы болгон эмес беле?
– Алгач каршы болушкан. Бирок, менин Алина эжелерди күн санап чыдамсыздык менен күткөнүмдү көрүшүп­пү, айтор, кайра макул болушкан. Баталарын берип жөнөткөндөрү эсимде.
9 жылдын ичинде эмнеге жетиштим деп ойлойсуң?
Бул жылдар текке кеткен жок деп эсептейм. Анткени, Алина эжеден көп нерселерди үйрөндүм. Эң жөнө­көй сахнада өзүн алып жүрүү эрежелеринен баштап, ыр дүй­нөсүнүн майда-чүйдө сырларынан бери тааныша алдым. Мындайча айтканда, өзүмө тажрыйба топтодум десем жаңылышпайм. Эми коркпостон чыгармачылыктын чыйыр жо­луна өз алдымча аттана берсем болот. Анан дагы Алина эже экөө­бүз­дүн ортобузда эч кандай келишпестик, капачылык болгон эмес. Бул дагы чыгармачылыкта чоң роль ойнойт экен.
Топтон бөлүнүп, өз алдыңча кетүү оюңда барбы?
– Азырынча жок. Бирок, алдыдагы койгон пландарымда бар. Анан дагы Алина эже: «Эгерде жеке ырдап чыгам десең ак жол, колумдан келген жардамымды берем» деп айтат.
Сахнада келатканыңа бир топ жыл болсо да популярдуу боло албаганыңа эмне себеп?
– Негизи, чыныгы популярдуулукка жетиш үчүн көп жылдаган эмгек, көп деген изденүү талап кылынат эмеспи. Анан дагы мен гастролдордо көп жүрдүм. Ошого байланыштуу борбордо көп таанымал эмесмин. Эми гана концерттерге катышып, аралаша баштадым.
Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Бар. Ал экөөбүздүн сүй­лөшүп жүргөнүбүзгө көп болду.
Жигитиң ырчылык кесибиңе каршы эмеспи?
– Каршы эмес. Мени толук түшүнүп, кеңешин, сын-пикирин айтып турат.
Качан баш кошосуңар?
– Азырынча так убактысын белгилей элекпиз.
Сахнага кийип чыгуучу костюмдарыңа ким жардам берет?
– Өзүм сатып алам. Чыгармачылыктан тышкары чакан бизнес менен алектенем.
Алдыдагы максаттарың?
– Жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырсам деген ой-тилегим бар.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан