(КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевге ачык кат)
Көпкө ойлондум: жазыш керекпи же жокпу?.. Бирок мына мен үчүн төртүнчү да шайлоо аягына чыкты. Тилекке каршы, сен дагы, кымбаттуу досум, А.Акаев, К.Бакиев сыяктуу бул шайлоону адилеттүү өткөрүү боюнча берген сөзүңдү аткарбадың. Шайлоону жакшыраак эмес, “дайымкыдай” өтөрүн билип туруп, мен кээ бир кесиптеш депутаттар менен кошо шайлоонун эски мыйзамы жана мурунку БШКнын курамы менен президенттик шайлоонун өтүшүнө алыбыздан жетишинче күрөштүк. Биз ошондо эле жеңилиптирбиз.
Өзүм үчүн капа болбодум. Сен керек болсо шайлоого катышуума байланыштуу четтелип калышыма себепчи эмес экениңди айтсаң да, баары бир соттун жана парламенттин жардамы менен өзүмдүн бузулган укугумду калыбына келтирүүгө жетишип, эки аптага кечигүү менен шайлоого кошулдум. Талас, Нарын, Ысык-Көл, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын добуш берүүчүлөрү менен жолугушууга үлгүрбөй, өз убагында ролик жана башка үгүт иштерин бүтүрө албай калдым. Бирок динге жана ыймандуулукка негизделген программамды кайрадан калкка жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алдым. Бүгүн шайлоо жөнүндө чындыкты жазсаң, дароо «бакиевчил-реваншист» же «түштүктүк трайбалист» деп атай баштайт.
2000-жылы баары А.Акаевди шайлоодогу “кезектеги жеңиши” менен куттуктап жатышканда президенттикке талапкер катары ага ачык катым менен кайрылгам. Анда шайлоодогу бурмалоого каршылыгымды айтуу менен президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагалык кызматынан кетип жатканымды билдирип, КРнын Президентинин бийлигин өз эрки менен тапшыруу керектигин эскерткенмин. Антпесе аны жана үй-бүлөсүн эл каргайт дегем. Туура беш жылдан кийин айтканым келип чыкты!
2005-жылы биринчи турда эле К.Бакиевдин жеңишин калп жана административдик ресурс менен алып беришкенде шайлоодо экинчи орунду ээлеген катары анын кабинетине кирип, өз бетине шайлоо жөнүндөгү бардык чындыкты айттым. Ал тарабынан шайлоо тууралуу мыйзамды бузгандыгын тастыктаган беш папканы карматтым. Беш жылдан соң ал мурунку президенттин тагдырын кайталады.
Бүгүн сенин артыңдан Роза Отунбаева да 2011-жылдын президенттик шайлоосунда мыйзам бузуулар болгонун мойнуна алды. Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү сыяктуу ал жыйынтыкка таасир кылбаганын билдирип, шайлоону “адилеттүү жана таза өттү” деди.
Бирок Р.Отунбаева мыйзамдуу президент болду беле? 2010-жылкы референдумда анын фамилиясы бюллетенде жазылганбы? Керек болсо документи жок добуш берүүгө уруксат берген шайлоодо жарандардын катышуусун жогорку деп бурмалашканда референдумду мыйзамдуу деп таанууга болобу? Эми ошол өзүн президент деп атаган адам колунда паспорту туруп добуш берүүчүлөрдүн 40 пайызы шайлоого катыша албай калганда президентке бийликти өткөрүп жатканы акыл-эске, ыйманга туура келеби?!
Көпкө ойлондум: жазыш керекпи же жокпу?.. Бирок өлкөнү Акаев башкарып турган учурунда мен да, сен да ага карата оппозицияда болгонубузду эстедим. Эсиңдеби, коргоо начальнигиң Эркин Мамбеталиевдин артынан түшүүсү менен сени жаман көрсөтүү башталганы? Аны Сокулук менен Бишкектин милиция камераларында өлтүрүүгө аракет жасашкан эле. Ошол учурда жардамга шашып, жан сакчыңды жана кадыр-баркыңды сактап калгам. Кийинки күнү сен маалымат жыйын берип, анда: “Дале адилеттүүлүгүнөн тайбаган, принципиалдуу саясатчылар калды деп ойлогон эмесмин. Бирок менин досум, КРнын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бар экен!”- деген билдирүү тараттың эле.
Муну бир гана максат менен эскерип жатам. Сен ажыдаарды жеңген баатырлар жөнүндө жомокту көп айтчусуң. Кийин алардын үңкүрдөгү алтынды көрүп, өздөрү ажыдаарга айланганын сүйлөп берер элең. Мен чын дилимден Кыргызстандын тарыхында кезектеги ажыдаарга айланып кетишиңди каалабайм!
Сен көп учурда Курандан баштап, анын аяттары менен кеп улайсың. Жараткандан коркконуң абдан жакшы. Бирок сенде жоопкерчилик көбүрөөк экенин да бил, анткени Жараткан менен оюн жүргүзүү эл менен ойноо дегенди билдирбейт!
Көпкө ойлондум: жазыш керекпи же жокпу?.. Сени ажыдаарга айлантуу аракети өтө тездик менен өнүгүп жатканын байкадыңбы? Сенин телекөрсөтүү аркылуу шайлоодо “тыртык” менен “артыктар” чоң көмөк көрсөткөнү жөнүндө айтылган сөзүң жердештикке чалдыккандар менен жагалдангандардын жанында жокко тете болуп калды!
Мен өмүр бою саясатта мекенчилдигимди жана сабырдуулугумду далилдеп келдим. Азыр да сага утулуп калган талапкер иретинде эмес, Кудайга ишенген адам катары кайрылып отурам: адилеттүү жана калыс башкаруучу бол! Кыргызстандын элин түндүк менен түштүк, уруу жана жердештик, титулдук улут жана этникалык азчылык, реваншист жана революционерге бөлбөй, өлкөнүн келечеги үчүн элди бириктирүүгө аракет жаса!
Өзүнүн жарандарын сыйлаган мамлекетте керек болсо бир шайлоочунун добушунан ажыратуу – акылга сыйбаган нерсе! Коңгуроону катуураак кагуу керек! Ушул эле президенттик шайлоодо жүз миңдеген шайлоочулар добуш берүү укугунан ажырады. Анан карапайым элдин дарегине “жарандар шайлоочулардын тизмесинде болбой калгандыгына өздөрү күнөөлүү” деген сөздүн чыккандыгы бетти сыйрып салууга тең!
Урматтуу катардагы шайлоочу, добуш берүү укугуңдан ажыратуу менен дагы бир ирет Убактылуу өкмөт менен өткөөл мезгилдин президенти парламенттик республика менен көп партиялуу БШКнын атынан алдап коюшту! Мен махинация, административдик ресурс жана сени добуш берүү укугуңдан ажыраткандыгына каршы тура албагандыгым үчүн кечирим сурайм!
Көпкө ойлондум: жазыш керекпи же жокпу?.. Биздин элдин даанышмандыгы: “Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат”,- дейт. Сенин “артык” менен “тыртыктарың” шайлоодо жасаган жоруктарыңды оңдоого жакшы мүмкүнчүлүгүң бар. Өлкөнүн 40 пайыз добуш берүүчүлөрүнүн алдында элдин биримдүүлүгү үчүн гана кечирим сурабастан, иш жүзүндө өзүңдүн толеранттуу жана мекенчи экендигиңди тастыкта! Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы Ош менен Жалал-Абадда болуп өткөн Июнь окуясы боюнча парламенттик уктуруудан кийин токтом кабыл алган. Ага ылайык, өлкөнүн жаңы президенти түштүк борборунда жашап жана иштеши керек.
Улуттун улуу реформатору болуп, өлкөнүн бардык аймактары, улуттары жана саясий күчтөрүнүн ортосундагы көпүрөгө айлан!
Алла ар бир элге өзүнө татыктуу болгон башкаруучуну жөнөтөт. Бүгүн сен талапка кожоюнсуң, жаңы ишиңе ийгилик каалайм! Оомийин!
Жагалданууну билбеген, бирок өз өлкөсүнүн патриоту,
өз эл-жерин сүйгөн, сый-урматым жана чын
дилим менен Турсунбай Бакир уулу