ЖЫЛДЫН СУПЕРЛЕРИН ЧОГУУ ТАНДАЙЛЫ!

“Баалабаса баалабас башка бирөө, талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин...” деген экен, акын Азада Бегимкулова. Анын сыңарындай, ак эмгекти баалоо, сыйлоо жагынан алып караганда биздин гезит алдыга эч кимди салбайт. Буга далил, жыл сайын гезит тарабынан берилчү “Жылдын суперлери” атайын наамы экенин жаамы журт жакшы билет. Ошондуктан, окурман, жакшы саамалыкка ортоктош болуңуздар. 12-13-декабрда Спорт Ордосунда 2011-жылдын мыктыларын сиздер менен бирге тандайлы. Эки күн бою сиз сүйгөн обондор жаңырып, бийчилер бийлеп, куудулдар күлдүрүп, жанга жагымдуу концерт өтөт.
Тандоо WWW.SUPER.KG сайтында жүргүзүлүп, алдыңкы үчтүктөр аныкталат. Жеңүүчүлөрдү атайын түзүлгөн калыстар тобу концерт маалында аныктайт. “Суперлерге” талапкерлер быйылкы жылдагы иш-аракеттеринин, изденүүлөрүнүн негизинде төмөнкү замандаштарыбыз болушту.

ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ
Аскат Мусабеков, “Аруузатым”
Иса Өмүркулов, “Сүйүү жазы”
Султан Садыралиев, “Эгиз жүрөк”
Айнура Салахидинова, “Арман”
Нурлан Насип, “Эркелетсемби?”
“Кеңеш” тобу, “Сирень гүлү”
Мирлан Баеков, “Ата тилеги”
“02.14” тобу, Don`t leave me

ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ
Султан Садыралиев, “Эгиз жүрөк”
Гүлжигит Калыков, “Кайрылбаймын”
Сайкал Садыбакасова, “Сүйүүмдү сезбедиң”
Арсен, “Эсимде”
“Non-Stop” дуэти, “Жүрөгүм сага”
Мирбек Иманбеков, “Сүйүктүүм”
“02.14”, "No comment" топтору “Продажная любовь”
Эркин Мукашев, “Мама”

ЖЫЛДЫН СУПЕР КИНОСУ
“Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыкса болот?” (реж. Д.Абдыкеримов)
“Кызыл көйнөкчөн” (реж. Т.Чериков, Д.Абдыкеримов, А.Дайырбеков, С.Абдыжапаров)
“Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” (реж. Д.Эсенгулова)
“Мен сүйгөн карагат” (реж. Р.Машрапов)
“Аят-2” (реж. А.Арыков)
“Жубайлар” (реж. Н.Меңдибаиров)
“Токолдор тополоңу” (реж. Р.Жоомартова)
“Талас-Бишкек” (реж. Н.Разакулов)
“Күкүк Шахра” (реж. Э.Абдыжапаров)
“Бишкек, мен сени сүйөм” (реж. Р.Акун, А.Цай, Ч.Төрөбеков, С.Алымбекова, Э.Супатаев, С.Головаш)

ЭСКЕРТҮҮ!
www.super.kg сайтында добуш берүү 2-декабрда токтотулуп, алдыңкы үчтүктөр финалга чыгат.

Мына ошентип, быйылкы жылы кайсы ыр кулакка жагымдуу болду, ким көп эмгек жасады, ким көңүл чордонунда болду, кайсы кино, клип купулга толду?.. Айтор, жылдын мыктысын биз менен бирге тандап, көңүл көтөрчү концертке 12-13-декабрь күндөрү күбө болуп кетиңиздер!

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
IlyasMasirov
2011-11-23 16:19:59
Айнура Салахидинова - супер ырчы айымы.
Элина Абай кызы - жылдын супер актрисасы
0
Rostov-on-Don
2011-11-23 22:55:06
Эрмек Кененсаровдун суйлогону мени аллергия кылат.
0
Rostov-on-Don
2011-11-23 23:02:23
Элина Абай кызы-жылдын супер актрисасы.
Тынар Курбаналиев-жылдын супер куудулу.
Каныкей-жылдын супер ырчы айымы.
Жанар Акаев -жылдын супер ТВ персона.
Чынгыз Мырзаев - жылдын супер ди-джейи.
0
erko77
2011-11-27 09:58:19
Omar.jyldyn super yr4y myrzasy.
0
LEYLA
2011-11-28 04:29:25
эмне учун мен доуш бере албайм
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан