Атактуу актёр Брэд Питт Американын бир телеканалына берген интервьюсунда үч жылдан кийин актёрдук ишинен алыстаарын билдирген. Айтканына ишенсек, ал 50 жаштан кийин киного тартылбай калат. Азыр актёр 47 жашта. Андан кийин эмне менен алектенерин Брэд Питт айткан эмес. Бирок тасмаларга продюсер катары иштегенден рахат аларын айткан.