Атактуу актёр Мэл Гибсондун жаңы сүйүүсүнүн аты – Азита Ганизада. Ал экөөнүн мейманканадан жетелешип чыккандыгын журналисттер көрүп калышкан. Азита ооганстандык, Америкада актриса болуп иштейт. Буга чейин актёр орусиялык ырчы Оксана Григорьевага үйлөнүп, экөө көп узабай соттошушкан. Ушул жылы жайында ал реалити-шоунун жылдызы Лаура Беллиззи менен да жолугуп жүргөн.