ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Казакстан

КАЗАКТАРДЫ ДҮҢ КЫЛГАН ЖАН КЕЧТИ
12-ноябрь күнү Казакстандын Тараз шаарында 34 жаштагы жан кечти өзүн-өзү жардырып жиберди. Ок атышуу менен жардыруу орун алган окуяда 7 адам, анын ичинен 5 укук коргоо кызматкери набыт болду. “1977-жылкы жан кечти курал-жарак сатуучу дүкөндүн кароолчусун өлтүрүп, ал жерден эки мылтык уурдап чыккан. Аны кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген. Натыйжада аны куралсыздандырууга аракет кылган полициянын капитаны каза тапты”,- деп укук коргоо органдары билдиришет.
Айтмакчы, “казак элинин жүрөгүнүн үшүн алган окуянын каарманы болгон жан кечти жардыргыч затты Кыргызстандан сатып алышы ыктымал” деп Жамбыл облусунун иликтөө башкармалыгы жар салды.

Түркия

ТҮРКТӨР КҮРДИСТАНГА КОЛ САЛДЫ
Түркиянын аскердик аба күчтөрү 13-ноябрда Ирактын түндүгүндөгү Күрдистандын аймагын бомбалай баштады. Бомбалоо бир саатка созулганын Күрд жумушчу партиясы билдирет. Ага чейин Түркия Ирактын курамындагы Күрдистанга каршы операция жүргүзөрүн жар салган эле. Түрк бийлигинин мындай кадамга барганына Күрд жумушчу партиясынын согушчандары чек арадагы Чукуржа шаарында 26 аскерди өлтүрүшкөнү себеп болду.

Өзбекстан

ӨЗБЕК ГАЗЫ ӨЗҮНӨ ДА ЖЕТПЕЙ...
Кыштын ызгаары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө көгүлтүр от берүү токтотулганын укук коргоочу топтун жетекчиси Сурат Икрамов билдирди. “Биздин үйлөрдө жылытуу толугу менен өчүрүлдү, керек болсо электр жарыгы 4 саатка эле берилет”,- дейт 36 жаштагы Хосият Курбонова. Ишкердик менен алектенген фирмаларга да газ берүү кесилди. Өзүм билемдик менен улагандар 3-10 миң долларга чейин айыпка жыгылат. Ал эми “Узтрансгаз” көгүлтүр оттун өчүрүлгөнү тууралуу маалыматты четке кагууда.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
TROYA
2011-11-21 10:22:22
Aly jetkeni ele biz bolup kalgan okshoibuz ee Kazaktarga.
0
ulutchul
2011-11-25 04:15:37
Улутумду суйом.!
0
Askat_tehno
2011-11-27 23:56:15
Ээ сарттар жашоо мындай болот. Булда аздык кылат силерге.
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан