Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун 3-курсунун студенттери Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин студенттер аралык театралдык сынак-фестивалында 1-орунду багынтып кайтышты. Аталган сынак-фестивалда студенттер Казат Акматовдун “Мунабия” аттуу чыгармасынын негизинде спектакль коюшкан. Башкы ролдогу үч студентке мындан аркы театралдык сынактарга катышууга атайын сертификат да берилди. “Студенттер күнүнүн алдында жеңишибиз бизге кубаныч тартуулады. Мындан ары ийгиликтерди багынта бермекчибиз”,- дешет сүйүнгөн жаш таланттар.