12-ноябрда Бекчоронун жаңы салып жаткан үйүнө уурулар кирип, 2000 доллардын тегерегиндеги курулуш каражаттарын уурдап кетишиптир. Ууру кургурлар жаңы эле салынган терезелерден өйдө чыгарышкан. Учурда Бекчоро Көк-Жар айыл өкмөтүнүн участкалык милициясына жазган арызынын тыянагын күтүп жатат. “Ушул үйүмдү бүтүрөйүн десем эле улам бир тоскоолдук чыга берип тажатты”,- деп кейиди Бекчоро.