Учурда Алина Жетигенова куда күтөм деп той камын көрүп жүргөн чагы. Ырчы эжебиз кызы Азелди 19-ноябрда күйөөгө узатат. Азель да алыска кетпей, сүйүүсүн өзүнүн эле чөйрөсүнөн тааптыр. «Жаш кыял» бий тобунун жетекчилери Жаныбек мырза менен Анара айымдын Кубаныч аттуу баласынын сүйүү жебесине туш болуптур. Эки жаштын заманбап тою 30-ноябрга белгиленген экен.