Азимбек Бекназаровдун 55 жылдык мааракесине президент Роза Отунбаева баш, Келдибеков, Каптагаев төш болуп, эски өкмөт, жаңы өкмөт, айтор, саясий чөйрөнүн каймактары чогулуптур. Бул кечеге тамадалык кызматка орношкон куудул Борончу Кудайбергеновдун колун ажо айым бекем кысып, “бүгүн президенттиктин рулу сенде” дептир. Ошентип, саясий каймактарды каалагандай башкарган Борончу акебиз бир күнгө президент болуп, ишке ашпай калган кыялын орундатып алды.