Ырчылыктан тажадыбы же кирешелүү жагын ойлодубу, айтор, Максат Бегалиев продюсер болууну самап, катуу даярдык көрүүдө. Дегенибиз, 5 жигиттен турган жаңы топ түзүп, аларды өзгөчө имидж менен сахнага чыгарарын айтат. Мындан сырткары 2 кыз, 2 жигиттен турган бий тобун да түзүүгө таланттууларды тандап жүргөнүн билдирди.