Чыгармачылыкты убактылуу «уктатып», сулуулук борборун бутка тургузам деп далалат кылып жүргөн Бактыгүл Бадыева жакында москвалык белгилүү стилист-визажист Наталья Павловадан сабак алып келгенин айтат. Бетти жасалгалоонун сырларын жакшы өздөштүргөн Бактыгүл Наталья айымдын окутуу курсунан өттү деген диплом да алып кайтыптыр.