“Кокос жейбиз, банан жейбиз” деп ырдаган мультфильмдин каарманы эсиңизде болсо керек. Экзотикалык өсүмдүк болгон банан тууралуу, анан да ошол өсүмдүктү Кыргызстанда өстүргөн Жаңылбү эже жөнүндө баяндагыбыз келди. “Чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат” дегендей, чын дилден эмгек кылса, минтип Кыргызстанда экзотикалык жемиш да өсөт.
БАНАН ТУУРАЛУУ
Банандын мекени – Түштүк-Чыгыш Азиянын тропиги, Малай архипелагы. Эл аралык илимий аталышы – Musa. Дүйнө жүзүндө беш жүздөй түрү белгилүү. Тропиктик өлкөлөрдө кеңири өстүрүлөт. Дүйнөдө көп колдонулуучу азыктардын арасынан күрүч, буудай жана жүгөрүдөн кийинки төртүнчү орунду ээлейт. Көпчүлүк бананды дарак деп ойлойт. Чынында, ал – чөп. Банандын тамыры күчтүү келип, кыска өзөктүү жана жалбырагы түтүктөй чырмалышып өскөндүктөн, даракты элестетет. Алтыдан жыйырмага чейин жалбырагы болот. Анын жалбырагы көп кабатка оролуп, катуу болуп түтүктүн формасына окшоп калат. Жаш жалбырактар түтүкчөнүн ичинде пайда болуп, өсүп чыгарда сырттагылары куурап түшүп калышат. Банандын бийиктиги экиден он эки метрге чейин жетет. Ал гүл ачууга даяр болгон кезде кыска өзөгүнүн учуна узун гүлдүн сабы чыгат. Бир түп банан 300дөй мөмө байлап, ал 50-60 килограммга жетет. Жылына 1 гектар жерден 4 тоннага чейин мөмө берет. Мөмө берип бүткөндөн кийин өсүмдүктүн жер үстүндөгү бөлүгү куурап калат.
“ГҮЛДӨР МЕНИ СТРЕССТЕН ЧЫГАРАТ”
"Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылынын тургуну үйүндө кадимки бананды өстүрөт экен" деп угуп, барып көрүп келүүнү чечтик. Үйдү таап барып, келген себебизди түшүндүргөнүбүздө Кабылбекова Жаңылбү эже “эки күн мурун кар жаап, банандардын жалбырактарын бутап койдум эле. Силердин келериңерди билгенде бир жолун таап банандардын үстүн жаап, жалбырактарын кеспей турмак экенмин” деп капа боло түштү. Ошентип, багбандын баянын кызыгуу менен угуп отурдук.
– Бул жаатта эч кандай билим алган эмесмин, соода тармагында иштегем. Эки иним тең жол кырсыгынан каза болуп, оор стресске кабылдым. Жашоого болгон кызыгуум жоголуп, өзүмдү таппай калдым. “Адам гүлдөрдөн энергия алат” деген чын окшойт, үйдө өстүргөн беш-алты гүлүм бар эле, ошолордун жанына келсем эле жеңилдей түшөрүмдү байкап калдым. Ошондон баштап гүлдөргө кызыгуум күчөп, ар кандай гүлдөрдү өстүрө баштадым. Аябай көңүлүм чөгүп турса да гүлдөрдүн жанына келсем, өзүмчө эле бактылуу болом. “Апа, бул гүлүңүзгө жаңы бутак чыгыптыр” деп балдарым сүйүнчүлөп келишет. Кайсы гүл сууну көп талап кылат, кайсы гүл күндү же көлөкөнү жактырат, ысыкты сүйөбү же сууктубу сыяктуу нерселердин баарын баамдай баштадым. Кантип көбөйтүү жолун издеп, саткан гүлдөрүмдүн акчасына кайра эле башка гүлдөрдү алып келем. Көбөйткөнгө оңой болгон гүлдөрдү ар кимге бере берем. Жакында абысынымдын баласы түрк лицейине окууга кирди эле, демөөрчүлүк катарында бир машина гүл алып барып бердим. Менде сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн фикус, цикас, монстр, тахира сыяктуу көп түрү бар. Мисалга, мобу араб курмасы, эмки жылы мөмө берип калат болуш керек. Ал эми бул пальма кивиге окшош мөмө берет экен. Мындан сырткары “таарынчаак гүл” деп атап алган мимоза гүлүм да бар. Аны чертип койсо, жалбырактары төмөн карап, бир аздан кийин кайра көтөрүлүп калат. Жанараак коңшуларым кызыгып көбүрөөк “таарынтып” коюшту эле, жакшы көңүлү ачылбай жатат.
“ПРЕЗИДЕНТТИН АРКАСЫНДАГЫ БАНАНГА КӨЗҮМ ТҮШҮП...”
– Бизде Өзбекстандын телеканалдары жакшы тартат. Бир жолу алардын президенти Каримовду көрсөтүп жатканда анын артында турган банан дарагын көрүп калдым. Көзүмө аябай сонун болуп көрүндү. Тынч албаган жаным банан өстүргүм келди. Базардан банандын данегин алып келип, бирөөгө айтыштан уялып, өнүп кетеби деп уругун көөмп койдум. Күнүгө келип аңдып коём же анымдан дайын жок.
Базарга барып калсам, биринчи эле гүл базарга барам. Бир күнү да Кара-Суу шаарынын базарына барып калып, бир өзбек аялдан банандын көчөтүн сатып келдим. Үйгө алып келип отургузуп койдум, бир күнү төрт жалбырагы чыгып калыптыр, лотереядан машина утуп алгансып сүйүндүм. Банан тез көбөйөт экен, түбүнөн көчөттөрү чыгып, күзгө чейин эле бою чоңдору менен теңелип калат. Чыккан көчөттү алып койсоң, ордуна кайра башкасы чыга берет. Чоң банан дарагынын түбүнө ондой көчөт чыкса, кичинерээктеринин түбүнөн үч-төрт көчөт чыгат. Чыккан көчөттөрүн тууган-урук, коңшу-колоңдор келип, сатып алып кетип жатышат.
Мен убагында миң сомго алган көчөттү 250-300 сом, чоңоюп калгандарын миң сомго чейин алып кетишет. Топурак жакшы болушу керек, мен малдын кыгын жерге көмдүрүп, бир-эки жыл таштап коём. Ал чириген соң теңин ошол кыктан, теңин топурак кылып отургузам. Өтө күчтүү кылып койсо да болбойт, себеби көтөрө албай жалбырактары саргайып кетет.
“БЫЙЫЛ БАЙКАП КӨРӨЙҮН ДЕП СЫРТКА КАЛТЫРДЫМ”
– Бананды мурун күн ысыганда сыртка отургузуп, суук түшө баштаганда чакага отургузуп үйгө киргизип койчу элем. Быйыл сыртта калтырууну чечтим. Жакында кар жааганда жалбырактары карды көтөрө албай сынып кетти. Ошондо төрт түптүн үчөөнүн жалбырактарын бутап, өздөрүн жылуу кылып ороп, бирөөнү үйгө киргиздим. Бизде банан мөмө байлаганы менен, көгөргөн бойдон бышпай калат экен. Ушунча жылдан бери өзүм да мөмөсүн татып көрө элекмин. Жемиши жалбырактарынын ортосунан чыгат. Мурун жөн гана экзотикалык өсүмдүк катары көрүп келсем, жакындан бери ого бетер кызыгуум артып, кантип бышыруунун жолдорун издештире баштадым.
Жакында айыл өкмөт да угуп келип, “жер бөлүп бергенге жана теплица курганга жардам берем” деп убада берди. Эгер ошондой болсо, банан өстүрүп, бышырганга мүмкүнчүлүк болмок. Өзүм аларды оңой эле көбөйтүп алмакмын.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg