СЫЙЛЫК КУТ БОЛСУН!

10-ноябрь – Эл аралык Жаштар күнүнө карата КРнын Жаштар иштери боюнча министрлиги 2009-2010-жылдын жыйынтыгы боюнча элибизге эмгеги сиңген жаш таланттарга сыйлык тапшырды. Алардын ичинен спорт тармагында мыкты жетишкендиктери үчүн бильярдчы Каныбек Сагынбаев Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген аталган сыйлыктын лауреаты болду. Айта кетсек, лауреаттарга 40 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык да тартууланды. Ошондой эле бул жаатта кармашып урушуу боюнча чебер Улан Эралиев менен кикбоксчу Кумар Жалиев дипломант болушту. Ушул жерден айта кетпесек болбос, спорт коомчулугу балбан Данияр Көбөновдун сыйлык албай унутта калганына нааразы болууда. Чынында, 2010-жыл Даниярдын жылы болгон десек жаңылышпайбыз. Анткени ал грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигинде коло, Азия оюндарында алтын медалды жеңип, кыргыздын туусун бийик көтөргөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан