13-ноябрда дагы бир "красавчик" балбаныбыз, жаштар арасында Дүйнө чемпиону, Гуанчжоу Азия оюндарынын күмүш медалчысы Калыбек Жолчубеков бойдокчулук менен кош айтышты. Той Бишкекте өтүп, ага жакындарынан тышкары командалаштары, машыктыруучулары да катышты. Калыбек 18 жаштагы Лира аттуу бийкечтин колун кармап, өзү туулуп-өскөн Таласка күйөө бала болду. Кызыгы, кыздын чоң атасы Ратжап Жанаев эркин күрөш боюнча кыргыздан чыккан туңгуч спорт чебери болсо, агасы Асейин Төрөгелдиев кезинде жаштар арасында Дүйнө чемпиону аталган. Буюрса, балбандын тукумуна үйлөнгөн сыймыгыбыздан Лондондон медаль жана болочок чемпиондорду күтөбүз. Калыбек, Лира, куш бооңор бек болсун!