УЙ ЖЫЛДАРЫНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛГОН?

1925-жыл
Дүйнөдө:

  • Орус элин, орус токоюн, кайыңдарын өзгөчө даңктап ырга салган улуу акын Сергей Есенин дүйнөдөн кайткан. Өзүн-өзү өлтүргөн бул акындын өлүмүнүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбай келет. Айрым иликтөөчүлөр акын өзүн-өзү өлтүрбөй эле киши колдуу болгон деп да жүрүшөт.
  • АКШнын Иллинойс, Миссури жана Индиана штаттарында болгон аябагандай күчтүү торнадо 695 адамдын өмүрүн кыйып, 2027 адам оор жаракат алган.
  • Ыйык сахнада жараткан кайталангыс образдары менен дүйнө элин таң калтырган балерина Майя Плисецкая жарык дүйнөгө келген.
  • Америкалык атактуу актёр Энтони Хопкинс төрөлгөн.

Кыргызстанда:

  • Кара Кыргыз автономдук облусу Кыргыз автономдук облус болуп өзгөртүлгөн.
  • Чехословакиянын коммунист жумушчуларынын демилгеси менен Пишпек шаарында “Интергельпо” интернационалдык кооперативдик шериктештик түзүлгөн.

1937-жыл
Дүйнөдө:

  • Жалпы союздук компартиянын борбордук комитетинин июль айындагы атайын токтомунан соң СССРде кандуу репрессиянын арааны ачылган.
  • Америкалык атактуу актриса Жейн Фонда жарык дүйнөгө келген.
  • Тарыхта өчпөс болуп ысмы калган Ирактын экс-президенти Саддам Хусейн Аль-Тикрити дал ушул жылы Багдадга жакын жерден орун алган Тикрит шаарчасында төрөлгөн.
  • Учурдагы Олимпиадалык кыймылдын негиздөөчүсү, француз барону, коомдук ишмер Пьер де Кубертен каза тапкан.
  • АКШнын Түндүк-Баты­шында Огайо, Миссисипи дарыяларында суу ташкындап, миллиондогон адамдар үй-жайы жок калышкан.
  • Экинчи ирет бүткүл Союздук калкты саноо өткөзүлгөн. СССРдин калкынын саны 170 миллионго жеткен.

Кыргызстанда:

  • «Эл душманы» делинип камакка алынган Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев өңдүү кыргыздын алгачкы интеллигенттерин каралоо күчөп, алардын абактан аман чыгышарына үмүт калган эмес.
  • Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган.

1949-жыл
Дүйнөдө:

  • Улуу Британиянын Кембридж университетинин кызматкери Морис Уилкс эң алгачкы EDSAC программаланган компьютерин иштеп чыккан.
  • Эквадордогу жер титирөөнүн кесепетинен Пелилео шаары түп орду менен кыйрап, 6 миң адам каза таап, 20 миң адам жабыркап, 100 миң адам үй-жайсыз калган.
  • Түндүк атлантикалык согуштук-саясый келишим – НАТО түзүлгөн.
  • Германия Федеративдик Республикасы жана Германия Демократтык Республикасы түзүлгөн.
  • СССРде биринчи­ ирет атомдук бомба текшерүүдөн өткөрүлгөн. Текшерүү Казакстандын Семипалатинсктеги аскердик полигонунда өткөрүлгөн.
  • Атактуу орус ырчысы Алла Борисовна Пугачёва жарык дүйнөгө келген.
  • Америкалык атактуу актриса, эки Оскардын ээси Мерил Стрип төрөлгөн.
  • Бул дүйнө жүзүнө дагы бир атактуу Голливуд актёрун жарыкка алып келген. Ал – атактуу актёр Ричард Гир.

Кыргызстанда:

  • Кыргыз Республикасынын учурдагы президенти Курманбек Салиевич Бакиев жарык дүйнөгө келген.
    «Мөлмөлүм» деп сыздаган айтылуу Барпы акын каза тапкан.

1961-жыл
Дүйнөдө:

  • Адамзаттын тарыхында биринчи ирет адам баласы космоско учкан.
    Француз полициясы Улуттук боштондук кыймылына каршы француздук саясатка нааразылык көрсөтүп, тынч демонстрацияга чыккан алжирлик 30 миң жаранды уруп-сабап таратышкан. Каршылык көрсөткөн бир тобунун сөөгүн полиция кызматкерлери Сена дарыясына көпүрөдөн таштап жиберишкен.
  • Батыш менен Чыгыш Берлиндин ортосуна айтылуу Берлин дубалы тургузулган.
  • Тристан да Кунья аралында жанар тоо атылган.
  • СССРди отуз жылдан ашуун башкарып, 1953-жылы каза тапкан Сталиндин сөөгү Мавзолейден чыгарылган.

Кыргызстанда:

  • Турдакун Усубалиев Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалган.

1973-жыл
Дүйнөдө:

  • АКШ жана анын союздаштарынын аскердик күчтөрү Түштүк Вьетнамдан толугу менен чыгарылып бүткөн. Ушул жылдан тарта 29-март – Вьетнам согушунун ардагерлеринин күнү деп белгиленген.
  • Атактуу француз сүрөтчүсү Пабло Пикассо көз жумган.
  • Жакынкы Чыгышта Израиль менен араб коалициясына кирген өлкөлөрдүн ортосунда согуш башталган. Бул согушка Алжир, Сауд Арабиясы, Тунис, Судан, Иран өңдүү өлкөлөр тартылган.
  • Чилиде аскердик төңкө­рүш болгон. “Пиночеттин төңкөрүшү” аталган бул окуяда аскер офицерлери бийликти басып алып, өлкөгө диктатордук режим орнотулган.
  • Мексиканын Түштүк-Чыгышында жер титиреп, 700 адам каза тапкан.
  • Индияда, Пакистанда нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптоолор болгон.

1985-жыл
Дүйнөдө:

  • КПССтин Борбордук Комитетинин кезексиз жыйынында М.С.Горбачёв КПССтин БКсынын генкатчысы болуп шайланган. Дал ушул киши СССРдин тарыхында эң акыркы генсек болуп калды.
  • Мексиканын Мехико шаарында катарынан эки ирет жер титиреген. Күчү Рихтер шкаласы боюнча 7-8 баллга жеткен зилзаладан улам 5526 адам каза тапкан.
  • Колумбиядагы Невадо дель Руис жанар тоосунун атылышынан улам 25 миңге чукул адам каза болгон.
  • Орусиянын Иркутск шаарында жүк ташуучу Ан-124 учагы жаңыдан абага көтөрүлгөндө кыймылдаткычтары иштен чыгып, көп кабаттуу үйдүн үстүнө кулаган. Натыйжада, эки көп кабаттуу турак-жай жана балдар бакчасы иштен чыгып, 72 адам каза тапкан.

Кыргызстанда:

  • Чейрек кылымга жакын Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетин жетектеген Турдакун Усубалиев кызматтан бошотулуп, ордуна Абсамат Масалиев шайланган.

1997-жыл
Дүйнөдө:

  • Бүткүл дүйнө элин кайгыга салып, боорукерлердин, кайрымдуулардын ханышасы Мать Тереза каза тапкан.
  • Өзгөчө кайрымдуулугу жана ханзаада күйөөсүн чанып кеткендиги менен атактуу болгон ханбийке Диана жол кырсыгынан каза тапкан.
  • Улуу Британия ханышасы Елизавета II интернетте падышалык расмий сайтын ачкан.
  • Камчаткада күчү 5-8 баллга жеткен зилзала болгон.
  • Чоң Антиль аралдарындагы Монтсеррат аралында жанар тоо атылып, анын айынан бүткүл арал күлгө айланган.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 321, 26-декабрь - 1-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан