Бир бүркүм... «МАНАС» ЭПОСУНУН ВИДЕОДИСКТЕРИ ЧЫГАРЫЛАТ...

  • Жакында “Манас” эпосунун аудио жана видеодисктери чыга турганын “Айгине” маданий-изилдөө борборунун кызматкери Чолпонай Усубалиева билдирди.
  • Орусияда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, орусиялыктар Кыргызстанды туруктуу эмес жана ийгиликсиз өлкө деп эсептешет.
  • Нарын облусунда карышкырларга каршы күрөш жарыяланганын жана өкмөттүн токтому менен жок кылынган бир карышкыр үчүн сыйлык
    5000 сом болгонун Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Эмилбек Алымкулов маалымдады.
  • “Чакан ГЭС” ААКсы аукциондо сатыкка чыгарылбай калды. Анын кийинки тагдыры Жогорку Кеңештин чечимине байланыштуу болот”,- дейт Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фондунун башчысы Назира Үсөналиева.
  • Акаев менен Бакиевге “экс-президент” деген макамды бериш керек. Күнөө бир эле адамдын моюнунда эмес да. Азыркы менменсинген аткаминерлер да алар менен бирге болгон”,- дейт коомдук ишмер Мирослав Ниязов.
  • Ошто соңку жылдардын ичинде 120 жаш жубай ЗАГСка Ан-2 (“Кукурузник”) учагында учуп келип, үйлөнүү тоюн өткөргөн. Алар мындай кадамга үйлөнүү тоюн эсте каларлык өзгөчө өткөрүү үчүн барышкан.
  • 5-ноябрдан тарта Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында электр жарыгын көп колдонгондуктан, суткасына 15-18 авариялык өчүрүүлөр болуп жатат”,- деди “Түндүк электр” ААКсынын техникалык директору Кубанычбек Турдубаев.
  • Радиациясы күчтүү деп аныкталган Казакcтандын көмүрү кайрадан Казакстанга жөнөтүлө баштаганын Электр станцияларыишканасы кабарлады.
  • 7-Апрель – «Апрель улуттук революция күнү» деп кабыл алынды.
  • 2011-жылы ноябрга чейин өлкөдө 1 миллион 346 миң тонна картошка түшүмү жыйналды. Бул Кыргызстандын элин 100 пайызга картошка менен камсыздоого жетет”,- деп Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
  • Жүрөккө акысыз операция жасоо үчүн бюджеттен кошумча 300 миллион сом керектелерин Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков айтты.
  • Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Исаевдин кылмыш иши боюнча 22-ноябрдагы соттук отурум күнөөлүүнүн суранычы боюнча жабык эшик артында өтөт.
  • 30-ноябрда боло турган экинчи жолку аукционго “Залкар Банктын” баасы 1 миллиард 80 миллион сомдон 810 миллион сомго арзандатылды.
  • БШК шайлоодо 5 пайыздык барьерди басып өткөн Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевге 100 миң сом күрөө акчасын кайтарып бермекчи. Ал эми өтпөй калган, бирок кайтарып берүүнү талап кылган Токтайым Үмөталиева, Калыбек Арабаев жана Өмүрбек Эгембердиевге бербей тургандыгын билдирди.
  • 2011-жылы 10 айдын ичинде Ош облусу боюнча 22 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирип, 193 жаңы жумушчу орундары түзүлдү”,- дейт Ош облмамадминистрациянын маалымат кызматы.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан