КОАЛИЦИЯНЫН ЖАҢЫ КУРАМЫНДА ОППОЗИЦИЯДА КАЛАМ ДЕГЕН ЭЧ КИМ ЖОК

Президент Роза Отунбаева жаңы жылга чейин күтүп отурбай, бир ай эрте кызматын өткөрүп берерин билдирди. Ошентип, шайлоодон утуп чыккан Алмазбек Атамбаевдин инаугурациялык салтанаты 1-декабрда болот. «Бош калган өкмөт башчылык кызматка ким келет?» дегенден мурун кезектеги коалиция кайсы партиялардан турары кызуу талкууда.
Дагы эки аптадай убакыт болсо да, коалициянын сүйлөшүүлөрү баштала элек жатып бакыйган чоң кишилер жаш баладай кыял көрсөтүүгө киришти. Быша элек алманы мен жейм деген сыяктуу... Алсак, Феликс Кулов «биз коалицияга киребиз» деп, ошол эле “Ар-намыстын” экинчи бөлүгү “Кулов макул болсо, чогуу кошулууга барабыз” дешет. «Мындай эки башчысы бар фракцияны коалицияга ким чакырып жатат?» деген суроо жоопсуз.
Оппозициядагы экинчи партия “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин пайдасы үчүн шайлоодон баш тартканын эске алсак, алар да коалицияга кириши толук ыктымал. Андан тышкары парламентте отурбаган Темир Сариев, Аликбек Жекшенкуловдун партияларынын да коалициянын жаңы курамына кирүү мүмкүнчүлүгү чоң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mirka
2011-11-22 18:33:33
текебаев, сариевден башкасы келсинчи тойгозду го карт борулор, хан алмашмак турсун журт алмашса да кетпейт ушу тойбостор, же кыйратып бир иш кылышпайт
0
zikonostra
2011-11-24 21:54:53
mirka, 110% туура жазыпсын
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан