МЫРЗАКМАТОВДОН НОУ-ХАУ ЖЕ ӨТҮКТҮ ТӨРГӨ ИЛМЕЙ

Ош шаарынын өздүк милициясын түзүү боюнча мэр Мелис Мырзакматовдун сунушу катуу талкууга алынууда. Бир тарап «Мелис Мырзакматов өзүм билемдик кылып жатат» десе, экинчилер «бул жакшы идея» деп колдошууда.

Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты:
– Муниципалдык милицияны түзүүгө бүгүнкү күндө укуктук негиз жок. Бирок бизде жергиликтүү башкаруу органдарынын тартипти сактоодогу функциясын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтели деген ой-пикирлер бар. Бул өз алдынча Ички иштер министрлигине баш ийбеген милиция түзүү дегендикке жатпайт. Жергиликтүү бийлик менен Ички иштер министрлиги макулдашылган иш алып барат дегенге байланыштуу болушу керек. Азырынча өкмөттө да, мыйзам чыгаруучуларда да ага уруксат берели деген ой жок.

Курсан Асанов, Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары:
– Барып-барып ИИМ реформаланат. Ички иштер министрлигинин структурасын өкмөт карап чыгып, Жогорку Кеңеш жактырат. Кандай өзгөрүүлөргө туш болбосун, милиция кызматынын бардык инстанциясы, мейли облустук, мейли шаардык, мейли айылдык, анын баары түздөн-түз Ички иштер министрлигине баш ийиши кажет. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына баш ийген милиция кызматы болушу мүмкүн эмес. Ал мыйзамга туура келбейт.

Ал эми Мелис мырзадан жооп алууга мүмкүн болбоду. Башында “жыйындамын” деген, кийин чалганда телефонун көтөрбөгөн Мелис Жоошбаевич бизге эки мүнөттүк убакыт таба албады. Бирок маалымат агенттиктеринде сөзүн оңдоого жетишип, өткөн жолку айтканын «кабарчылар туура эмес түшүнүп алышкан го» дептир. “Бийликтин вертикалдуулугу боюнча биз түздөн-түз милициянын ишине кийлигише албайбыз. Милициянын шаардык бийликке баш ийгени оң”,- деген. Ошол эле учурда: “Аны мен түзөм деп айткан жокмун. Болгону, бизде ушундай идея бар деп айттым. Кыргызстандын ар бир эле шаарында ушундай милиция түзүүгө болот”,- дептир мэр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
DiamondEM
2011-11-21 20:08:27
Мелис молодец
0
Гулжигит
2011-11-21 20:28:13
Мелистей президент келгенде гана Кыргызстан онугот!
0
otin
2011-11-22 10:29:54
Туп-туура айтасынар бойроктон шыйрак чыгарганынарды койгула журналистер. Бир жакшына иштеп жаткан кишиге жолтоо болбогула ал КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ ИШТЕП жатканын баары билет !!! андан коро колдоп койсонор,.... а колдой албасанар жолтоо болбогула. Ушу кыргыз эли короалбай эле журо берет экенбизда э... мен учун аянычтууу силерге
0
ELTYN
2011-11-22 10:50:01
3жумадан бери Мелис Мырзакматовту жазып келе жатасынар,эл учун иштеген адамды колдошубуз керек.Мырзакматовго окшогондон коп болгондо Кыргызстан онуккон олколордун катарына кирип калар эле.Биз Мелисти колдойбуз.
0
monchok
2011-11-22 12:49:02
Кайсы журналист жазган болсон дагы жогор жактан айткан окшойт сага Мелисти жамандап жазабер деп е? жамандап жазабер иштен алып салайлы деп ордун талашам деп тургандар толтура эмеспи
0
iamfirst
2011-11-22 13:22:17
Келгиле анда Бишкеке дагы бир маданият министирлигин ачып алабыз.
0
Shekerbek
2011-11-22 15:46:10
жоо жомок эгер муниципалдык милицияны тузгон чакта деле жогорудагылар коро албай дагы бир немени чыгарышат! кыскасы айтканда Мэлис Жоошбаевичтин омурун берсин !!!
0
kazybek
2011-11-22 15:58:40
Мелиске соз жок ото тосколдор коп болуп жатат бари бир 5 жылда ошту гулдотот эл ишенет айткан созунон чыгып журот
0
adis_kgz88
2011-11-23 11:24:51
Melis meesinen ketkenbi tuwunbodum?! Melis akani akyly jaiynda owogo el jakwy korot dep jursom, bul kiwi eldi ekige bolgondu jaktyrat eken! melis Zakir (bakiev) akanin oiun iwke awyraiyn dep jatasynby?! patriot adamdyn iwin kylchy? eldi iweniminen paidalanyp alardy ekige bolbochu suranych!!!!!!
0
solnyshko
2011-11-23 15:44:01
Мелис Мырзакматовду коро албагандар.........барып келгиле......Он молодец!Чыныгы патриот,эхххх ушундай адам президент болгондо.....
0
Neo85
2011-11-24 12:47:21
Мелис алга !!!!
0
asil-08
2011-11-24 14:13:36
мырзакматов азаматсыз озубуздун милиция болуш керек ошондо июнь окуясындай согуш болбойт сарттарга уо ошту салып берген 3 кун сиз жана биз ошубузду сактап калдык алга мелис мырза
0
bestbek
2011-11-26 00:33:28
Ushundaisynar da , jakshy ishtep jatkan adamdy koro albai asyla beresiner!!!!!!
0
Omurzak-17
2011-11-26 10:08:43
Эмнеге эле Мелис Жоошбаевичке ар кандай сындарды айта беришет жада калса журналисттер да. Журналисттер баланстуулук жакшы сактасанар тактап иликтеп дегендей.
0
Aibek_82
2011-11-26 21:19:12
Акыйкаттык аны издеп талашсаң ал үчүн күрөшсөң гана бар. Мелис байке алга! Эч качан тоскоолдуктардан бут тосуулардан тайманбаңыз, любой тоскоолдук убактылуу, бошобоңуз аркаңызда жөлөй турган акыйкатты эңсеген адамдар көп. Кыйынчылыктан аны жеңип гана кутулууга мүмкүн, качып кутулууга мүмкүн эмес. Урматтуу Мелис мырза жана акыйкат барбы деп зарлаган адамдар эч качан мүңк&#
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан