ВРАЧТАРДЫН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН СПИД ЖУКТУРУП АЛГАНДАР МИТИНГДЕ

Дабасы жок ооруга дарыгерлердин шалаакылыгы менен кабылган он чакты баланын энелери 3-8 жаштагы балдарын ээрчитип нааразычылык акциясына чыгышты. Акция Ош шаарынын Облустар аралык балдар клиникасынын алдында өттү. СПИД илдетине чалдыккандар мамлекет тарабынан 1 миллион сом акчалай каражат жана үй бөлүнүп берилишин талап кылышууда. Алар менен жолуккан Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Динара Сагынбаева: “Үй жана каражат бөлүү биздин компетенцияга кирбейт. Ал эми силер күнөөлөгөн кызматкерлер азыр саламаттыкты сактоо тармагында иштеп жатышат. Соттун чечими чыкмайынча биз ал кызматкерлерге эч нерсе дей албайбыз”,- деп билдирди.
16-ноябрда алар Бишкек шаарына келип, Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясын улантышты. Бирок “ач кадырын ток билбейт” демекчи, бир да аткаминер чыгып талаптарын угуп койбоптур. Эртеси да уланган митингге акыры төрага Ахматбек Келдибеков чыгып, күнөөлүү кызматкерлерди 15-20 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгарын билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Elit
2011-11-21 11:31:15
Далайлар шалаакы врачтардын азабын тартып жатышат. Ошолорго катуу жаза коруш керек, балким ошондо кичине козу ачылар биздин ак халатчандардын.
0
Fekus
2011-11-21 16:50:02
Ошол шалак врачтарды жазалоо клого алынсын. А бирок акча,уй сурагандан уялгылачы урматтуу кыргыз калкым. Кыргызстанга салымынарды кошкондун ордуна тытасынар да. Акча берип саплым кош дебейин тынч жашагыла,оз оокатынарды кылып,ошол силерден чон салым....
0
Гулжигит
2011-11-21 20:33:31
Фекус туура айтат. Алма быш, оозума туш дегенди токтотолучу туугандар! Озу аран турган мамлекетибизди жок кылып албайлы!
0
erma_bm
2011-11-22 00:45:47
даааа уй сураганы туура эмес болуп калыптыр мамлекеттин куноосу жок та ал жерде андан коро ошол катаны кетирген даарыгерлерди соттосун камасын шалаакылык токтотсо болмок
0
ainura220888
2011-11-22 02:30:58
ошол эне атасынын айынан спид баласына отуп жататда не врач специально ушул спид болсун, мен врачтык укугуман ажырап камалайын деп вирусту сайып коюптурбу? 1 милион эмес 1 копейка да бербеш керек озун бышырган ашты озу же деп, башкаларга сабак болот жети олчоп бир кескенди уйронот саяк журсон таяк жейсин кудайым ушинтип балага корсотот
0
suimon2010
2011-11-22 02:53:13
Кандай тушунбогон адамсын врачтардын шалаакылыгынан спид жуктургандар деп жазылып турат,конул койуп окусан,Оштогу черемушкидеги роддомдо да бир врач мас. абалында торотуп жатып наристени олтуруп алган ошол роддомдогу врачтардын 80% шалаакы мамиле жасашат,на себе ыспытала
0
Sezy
2011-11-22 03:09:47
Кудай Эле сакта , абдан жаман болуптур.
0
suimon2010
2011-11-22 03:16:19
Sezy, Кечиресиз туура эмес тушунуп алдыныз окшойт ттт менин наристем эмес,врачтардын шалаакылыгын айттым на себе ыспытала деп,кудай сактасын
0
dekg
2011-11-22 18:07:41
ailanain emne ele bolup bara jatabiz,eptep yi je ak4a alip kalsam,ozynyn balasin dele oldy kilip ak4a yi alip bizdin arabizda uwundai aram adamdaribiz bar eken kudai saktasin owolordon
0
Chromstyle
2011-11-23 00:35:32
спид болуп калса неге врачтар кунолуу озунор биринчи таза жургулочу кыргыз элим не болуп баратасынар
0
анарбек
2011-11-23 03:31:20
эй кыргызым тушунуп тушунбой талаша бербесенер.1чи ошол оорукчан адамдардын ордуна озунорду койуп коргуло,анан айтаар эленер силер да айтчу созду,алардын талаптары туура 1ден бала чакасына жугуп жатат,2ден кийинки жашоосунан умут жок,3дон алар уй-булосун бала чакасын багышка аларда мындан ары мумкунч-к жокко эсе,анан врачтардын шалаакылыгынын айынан ушул ооруга чалдыгып жатса анан ким куноолуу,врачтар жоопко тартылышы керек.
0
asil-08
2011-11-25 13:55:56
ата энеси таза эле адамдар просто больницада шприц аркылуу жуккан кайсыл врач же медсестра экенин билишпейт главрачты жоопко тартыш керек озу ал оорукана бардак
0
makkg
2011-11-25 18:47:12
врачтарда эч куноо жок дейм ал нерсени ошол врачтарды даярдаган универден башташ керек
0
maratkuttugaliuulu
2012-07-01 18:52:27
менда,ошол медиктерди камап,оздорунода,ошондой ийне менен сайыш керек.
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан