Эсте калган Жаңы жыл

Нурлан Мотуев, «көмүр королу»:

– 2006-жылды мен СИЗОдон тосконум эсимде. Жаңы жылга бир аз убакыт калганда түрмөдө отурган “Боб” деген лакап аттуу киши мага “Рыспектин куйругу” деп тийишип жиберди. Мен башынан эле ыраматылык Рыспекке каршы болчумун. Жиним келгенинен тумшуктан ары коюп калдым. Ошентип, Жаңы жылды “разборка” менен тосконбуз.

Талант Жанагулов, спортчу:

– Бир жолу достор болуп бир досубуздун үйүндө Жаңы жылды майрамдап жатканбыз. Бирок, саат 12 боло элек эле. Биз болсок ал үйдөгү саат жарым саатка артта калганын билбей отура бериптирбиз. Анан дүкөнгө чыгып келели деп чыксак эле салюттар атылып жатат. Ошондо биздин үйдү көздөй чуркаганыбызды эстесем, азыр да күлкүм келет. Эгер азыр ошондой чуркасам, марафондон дүйнөнүн чемпиону болмокмун.

Султан Раев, Маданият жана маалымат министри:

– Бир жолу 10-класста окуп жүргөн кезимде мугалим эжейим: “Быйыл мектепте өтүлүүчү жаңы жылдык майрамда сен Аяз ата болосуң”,- деп калды. «Болсо болоюн» деп катуу даярдана баштадым. Аяз атанын кийимин кийип, сакалын тагып, жакшы эле таанылбаганга аракет кылгам. Майрам башталып, “Аяз ата, келиңиз!” деп чакырышканда, “Саламатсыңарбы, балдар!”- деп залга кирип бардым. Ошондо балатыны тегеренген балдар мени таанып калышып, “Саламатсызбы, Султан аке!”- деп хор менен айтып салышса болобу! Анысы аз келгенсип, “Султан аке, келиңиз, бизге момпосуй бериңиз!” деп уят кылышкан.

Айчүрөк Иманалиева, ырчы:

– Мындан он жыл мурда менин бир күйөрманым бар эле. Менин концертимдин бирин калтырбай барып, дайыма гүл берип турчу. Ошол кезде Жаңы жылдын алдында 5 күн катары менен концерт коюп калдым. Анан 31индеги концертте бир ырды ырдап бүтүп жүгүнүп жатсам, залдагы элдер “уу-у-у!..” деп эле кыйкырып калышты. “Бир жерим бир нерсе болдубу?” деп оюма чачым, анан кийимим келди. Акырын башымды көтөрсөм, баягы күйөрманым бою 3 метрден ашкан балатыны сахнаны көздөй сүйрөп келатат! Ага элдин баары кол чаап, мен болсом аябай таң калдым. Аны сахнага алып келип мага тапшырды. Биз болсок концерт менен чуркап жүрүп, үйгө балаты да ала элек болчубуз. “Жаңы жыл кирип келгенге чейин…” деп баягы балатыны үйгө алып келип подъездге коюп койдук. Аны кыскартуу үчүн үйгө кирип, балта алып кайра чыксак, эч нерсе жок. Көрсө, ал чоң балатыны бирөөлөр уурдап кетишиптир.

Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти:

– Мен башынан эле Жаңы жылды көчөдө, өзгөчө борбордук аянтта тоскондорду жактырчу эмесмин. Мурда так 31-декабрь күнү Ала-Тоо аянтында ырчылардын концерти болчу эле го. Бир жолу ошол коцерттин уюштуруучулары мени да ырдап кетүү үчүн чакырып калышты. Менин кезегим концерттин эң аягына туш келип калгандыктан, “Жаңы жыл” деген ырымды ырдагандан кийин эле саат 12:00 болуп, салюттар атыла баштады. Ошентип, өзүм да Жаңы жылды баягы көчөдөгүлөрдүн катарына кошулуп тосууга аргасыз болгом.

Абдыгул Чотбаев, коомдук ишмер:

– Жалындаган жаш кездеги жылдардын биринде Жаңы жыл күнү достор болуп таң атпай эле майрамдай баштадык. Улам бир достун үйүнө барып конок болуп, кайра-кайра тост айта бокалдарды көтөрүп жатып, убакытты да карабай калыптырбыз. Бир убакта эстей калып саатты карасак, 12ге 5 мүнөттөй убакыт калыптыр. Ошондо баарыбыз тең шашыла үйлөрүбүздү көздөй жөнөдүк. Бирок, мен үйгө жеткиче эле Жаңы жыл кирип келди. Көчөдө эч ким жок. Анан өзүмдү өзүм “Абдыгул, Жаңы жылың менен!” деп куттуктап койдум. Үйгө жеткенимче 12ден 10 мүнөт өтүп кетиптир.

Орзубек Назаров, Жогорку Кеңештин депутаты:

– 1989-жылы Арменияга машыгуу жыйынына барып, кайра келе жатканбыз. 29-декабрда Москвага келип түшүп, үйүмө кете албай 3 күн аэропортто түнөөгө аргасыз болгом. 31-декабрь күнү түнкү саат 12 болгондо чемоданымдын үстүнө сатып келген тамак-аштарымды жайып алып Жаңы жылды тоском. Мага окшогон дагы эки шерикти таап кошуп алгам. Негедир ошондо аябай шаңдуу отурганбыз.

Бек Борбиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти:

– 1986-жылы мен 17 жашта элем. Анда досторум менен жатаканада жашаган кезим болчу. Биз менен бирге жашаган студент балдардын көбү Жаңы жылды тосуу үчүн айылдарына кетип калышкан. Ал эми мен сыяктуу каражаты жоктор жатаканада кала бердик. Анан баарыбыз биригип алып болгон акчаларыбызды чогулттук да, үч бөтөлкө арак сатып алып, Жаңы жылды тосконбуз. Саат 12:00 болгондо бири-бирибизге “кийинки Жаңы жылдарда эл катары жайнаган дасторкондун үстүндө тосолу” деп каалоо айтканбыз. Айткандай эле, кийинки Жаңы жылдарда ошол достор менен оюбуздагыдай тосо баштадык. Азыр ошол достордун баары – бутуна турган жигиттер.

Кенже Дүйшеева, «Кыз Бурак» тобунун аткаруучу директору:

– Биз жыл сайын Жаңы жылда топтогу кыздар болуп ич ара сынак уюштурабыз. Атайын кафе жалдап, ал жерден ар бирибизге “Эң мыкты ашпозчу”, “Эң мыкты ырчы” деген сыяктуу наам тапшырабыз. Андан соң Гүлшайыр эженин үйүнө келип, майрамды андан ары улайбыз. Бир жолу ошондой адатыбыздан соң үйгө келип, 12:00дөн кийин сыртка чыгып, салют аттыра баштадык. Бир убакта ракеталардын бири кыйшайып калганбы, айтор, асманга эмес, өзүбүздү көздөй учса болобу! Колдорубузда майда салюттар да бар эле. Аларды жерге таштай салып, баягы бизди көздөй учуп келаткан ракетадан коркуп, кыйкырып-өкүрүп жабыла качтык. Ал ракета болсо токтоп турган машинанын астынан өтүп, дарбаза жактагы бурчка барып жарылды. Гүлшайыр эжем айткандай, ошондо Жаңы жылды “бомба” менен тосконбуз. Анан бири-бирибизди карап токтоно албай күлгөн элек.

Аалы Туткучев, төкмө акын:

– Айылда 8-класста окуп жүргөнүмдө атам мага бир тай энчилеп берген. Аны укмуштай семиртип баккан элем. Анан Жаңы жыл күнү үйдөгүлөр майрамдык дасторкондун камын көрүп жатышып керектүү нерселерди алып келүүгө мени дүкөнгө жумшашты. Анда Жаңы жылга саналуу гана мүнөттөр калган эле. Баягы тайды минип алып болушунча чаптырып жөнөдүм. Алчумду алып, мына үйгө жетейин деп калганда кошуна балдар тайымдын жанына келе калып салют атып жиберишти. Бечара тай катуу үркүп кеткенинен улам мени алакачып чуркап жөнөдү. Ошондогу ээр үстүндө аны токтото албай убара болгонумду айтпа. Ошентип, Жаңы жылды тай үстүндө тоском.

Собол салгандар Бахияна Сатылганова,
Гүлмира Турманбетова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 321, 26-декабрь - 1-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан