Казакстандын Алматы шаарында Коля-кыргыз деген лакап ат менен белгилүү “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири, Махара деген ысым менен таанымал адам кармалды. Мындан мурун бир нече жолу соттолгон “авторитет”, маалыматтарга караганда, Кыргызстан, Казакстан жана КМШ өлкөлөрүнөн уурдалган кымбат баалуу унааларды кайра сатуу каналын көзөмөлдөчү. Андан тышкары Казакстан Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусиянын баңгизат трафигин да башкарып келген.
“Роза Отунбаева кылмыш дүйнөсүнө каршы чоң согуш жарыялаганда Көлбаев менен биргеликте Араб Эмираттарына качып кеткен”,- дешет укук коргоочулар. Бирок ушул жылы жай айларында Араб Эмираттарында Көлбаев кармалгандан кийин Казакстан менен Орусиянын аймагында жашынып жүргөнүнөн пайдаланышып, укук коргоочулар жарым жыл бою артынан сая түшүп кармашты.