Жогорку Кеңештин ичинде эмне деген интригалар жүрбөйт. Ага эки баштуу “Ар-намыс” далил. Жеңилбестей сезилген “темир генерал” атыккан Феликс Куловду партлидерликтен оодарып түшүшүп, тилинен чаң чыккан Клара Талиеваны ордуна шайлап жиберишпедиби. Учурда Куловдун артында 10 ар-намыстуу депутаттары калса, коалицияга кирмекпиз деп оолуккан он беши Талиева тарапта. Бирок кеп "намысчылар" тууралуу эмес.
Кечээ жакында эле “Ата Журт” жабык эшик артында жыйын өткөрүп, фракциянын тың чыкмалары тымызын түрдө Камчыбек Ташиевди башчылыктан түшүрүүгө киришиптир. Баш-аягы 14 депутат тоголок кат даярдап, анда "лидерлик тактан Ташиев кетсин" деп жазышыптыр. Айтмакчы, Камчыбек Ташиев “Ата Журттун” лидерлигин президенттик шайлоого катыша тургандыгы үчүн Мыктыбек Абдылдаевге убактылуу тапшыра турган. Ушул аптанын башында кайрадан тизгинди колго алганын жар салган эле. Ансыз да ыйкы-тыйкысы бүтпөгөн “Ата Журттун” ичинде эмне болуп жатканы түшүнүксүз. Же лидеринин президенттик шайлоодо утулуп калгандыгы себеппи, балким, коалициядан ыргып кетүү коркунучу маселе жаратып жатабы?
Баса, “Ташиев кетсин” деп тоголок арыз тоголоткондордун катарында Нурлан Сулайманов, токмок жеген Бахадыр Сулейманов, мурунку мэр Нариман Түлеев сыяктуу “Ата Журттун” бакандай адамдарынын ысымдары айтылууда.
Кантсе да партиянын негизделишинде жана анын Жогорку Кеңешке өтүү жеңишинде Камчыбек Ташиевдин эмгеги чоң. Аны эч ким жашыра албас. Бирок эки ажону аңтарып түшкөн кыргыздарга фракциянын лидерин эле эмес, андан да чоңун бийликтен түшүрүп коюу кеп эмес экенин эң жакшы билебиз.