Гүлзада Рыскулова: «МИЛИЦИЯНЫ КӨРГӨНДӨ ЖАН АЛГЫЧТЫ КӨРӨГӨНДӨЙ КОРКОР ЭЛЕМ»

“Мен кыргыздын кызымын...” деп ырдап, стили, патриоттук ырлары жана өзгөчө үнү менен элге таанымал болгон ырчы – Гүлзада бизде конокто.

КОМУЗДА КОЛ ОЙНОТКОН ГҮЛЗАДА

  • 1980-жылдын 14-мартында төрөлгөн.
  • Тоо гүлдөрүн жакшы көрөт.
  • Аспаптардан комузда кол ойното алат.
  • Өтө кайраттуу. Кандай гана кыйынчылык болбосун жеңип кетет.
  • Сайма саюу жагынан да мыкты.
  • Ырчынын эң башкы колдоочусу – анын стилинин автору Гүлжан Иреш аттуу айым.
  • “Ырчы болом” дегенде атасы каршы чыгып, эжеси колдогон.
  • Калп чындыкка айланган жерде өзүн абдан ыңгайсыз сезет.
  • Акыркы жолу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын барактап чыккан.
  • Ырчы “тилектер кандай жол менен болсо да ишке ашат” дегенге терең ишенет.

– Саламатсыңбы, Гүлзада? Алгач сенин элден өзгөчөлөнгөн стилиң туурасында баарлашсак. Байкашыма караганда, сен сахнада гана эмес, жашоодо да кыргыз колоритин сактайт көрүнөсүң...
– Ооба, колдон келишинче “кыргыздын кызы” деген атка татыктуу болууга аракет кылып келем. Бул менин жан дүйнөмө жакын. Жайкысын узун көйнөк, чыптама кийип, чачымды экиге өрүп алсам, кышкысын минтип кыргыздын оймолору түшүрүлгөн кийимдерди кием. Буга көпчүлүк суктануу менен карашат. Ал эми ырдоо стилим болсо, мага табияттан берилген талант. Менин үнүм аркылуу байыркы кыргыздын үнү, кайрыктары ойгонду.
– Байыркы кыргыздын үнүн элге жеткирүү үчүн сахнага кантип келип калдың?
– Ырларымды элге жеткирүү мен үчүн өтө оор болду. Шахзаада Авсаматова деген курбу кызымдын сөзүнө жазылган “Мен кыргыздын кызымын” аттуу ырды жаздыргандан кийин, ар кайсы радио, теле, гезиттерге чуркай баштадым. Бирок алгач “бул эмне деген ыр, эмне деген үн?” деп мени кабыл алышкан жок. “Макул” деп ырымды алып калат, бирок радиодон беришпейт. Бир канча телеге тартылуулар болуп, жыйынтыгында эфирден чыкпай калып жүрдүм. Ар кайсы эшикти сүзүп жүрүп, кагуу жеп калган учурлар көп эле болду. Көрсө, ал кезде лирикалык ырларга көбүрөөк басым жасалчу экен. Көп өтпөй каргашалуу Апрель, Июнь окуяларынан кийин патриоттук ырлардын “козголоңу” башталбадыбы. Ошондо гана менин ырыма талап пайда болуп, элге тарап кетти.
– Ырдоо стилиңе байланыштуу кандай сын-пикирлерди угуп келесиң?
– Кудайга шүгүр, жалаң гана жакшы пикир угуп жүрөм. Менин ырларым менен үнүмдү жактырбагандар өзүмө айтышпайт да. Андайларды жалпы кыргыз элине каршы чыккан инсандар катары баалайм. Анткени менин ырым, үнүм мага таандык эмес, элдин үнү, ыры. Ырларымды жакпайт дегендердин жан дүйнөсүндө кыргыз элине болгон сүйүүсү ойгоно элек демекмин. Менин күйөрмандарымдын баары чыныгы патриоттор. Муну менен сыймыктанам.
– Жакында эле “Евразия жылдызы” сынагына катышып, кыргыздын намысын коргойм деп чамынганыңды уктук эле...
– Ооба. Ал сынакка Кыргызстандан Гүлжигит Калыков аттуу жигит бармай болду. Ал деле татыктуу, ийгилик каалайм. Болгону, менин күйөрмандарым тарабынан “таймаш учурунда добуштарды элге ачык көрсөтсө болмок” деген нааразычылыктар түштү. “Биз дагы бир топ добуш берген элек” дешүүдө.
– Күйөрман демекчи, кыргыз кызы Гүлзаданын күйөрмандары туурасында айта кетсең...
– Чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарым Кудайга шүгүр, көп эле. Мен дайыма кыргыз кызынын жүзү болуп, патриоттук негиздеги ырларды аткаргандыктан, күйөрмандарым да мага патриот кыз катары гана мамиле жасашат. Аша чапкан, жинге тийген жоруктарга барган адамдарга жолуккан жокмун.
– Балдай таттуу балалыкка кайрылбайлыбы...
– Мен Өзгөндүн Чымбай деген айылында туулуп-өскөм. Атам –Жетимиш кесиби боюнча эсепчи, апам бала бакчада тарбиячы болуп көп жылдар эмгектенишкен. Беш бир туугандын экинчисимин. Бала чагымдан эле чыгармачылыкка жакынмын. Тоо-ташта, токойдо, жолдо ырдап эле жүрөр элем. Анан да балалык дегенде эле атам алып келип берген ак улакты эске салам. Аны менен кошо сүзүшүп, кубалашып ойноп жүрчүбүз. Кызыгы, кийин ал чоңойгондо сүзөнөөк эчки болуп калып, биздин короону ит ордуна кайтарып калбадыбы. Киши келсе эле “ай, эчкиңерди карап тургулачы” дешчү. Артынан чуркап келип эле сүзүп алчу. Айтор, балалыгым эң таттуу өткөн.
– Мектепте кандай окудуң?
– 6-класска чейин куурчак ойнодум. Апам “балам, сен чоңоюп калбадыңбы” дей бергенинен улам токтотком. Чоң энем жыгачтан куурчак жасаганды үйрөткөн эле, ошону жасап алып, кийинтип, ага үй куруп эле убара тарта берчүбүз. Мектепте жакшы окудум. Эсте калганы, ар дайым география менен адабияттан берген мугалимдерим сабакты менин ырым менен башташар эле. Бой жете баштаганда ырдабайм деген күндөрүм деле болгон. Бирок мугалимдер “сен ырдабасаң сабакты баштабайбыз” деп туруп алышчу.
– Бой жетип, мектепти аяктагандан кийин турмуштун шары кайда алып жөнөдү?
– Каныбек деген агайымдын жардамы менен Ош мамлекеттик педагогикалык институттун музыкалык бөлүмүн аяктадым. Кичинемден эле ырчы болом деп тиленип, музыкалык билим алганым менен, тагдырдын буйругу экен, Орусияга көпчүлүктүн шарында мен да аттандым. Ал жакта соода тармагында иштедим.
– Эл-жерден алыс жүрүп, бир топ эле кыйынчылыктар баштан өтсө керек?
– Албетте, ал жакта эки жарым жыл эмгектендим. Ошол убакыт аралыгында элге, жерге болгон сезимдерим мурдагыдан да курчуду. Милиция кызматкерлери документтерди аябай катуу текшергендиктен, алардан жан алгычтай эле коркор элем. Бир күнү бир эже “эмне анча коркосуң? Алар сенин жаныңды албайт, акчаңды алат” дегенинен, анан ойлонуп калдым. Бир жолу орус улутундагы бир киши кыргыз кызды сабап таштаганын көрүп, ал кызга болуша калам деп мен да анча-мынча соккуга учурап калгам. Ошол күндөрдү эстесем, азыр да жаман болом. Кийинчерээк соода тармагы мен үчүн эмес экендигин түшүнүп, чыгармачылыкка бет алдым.
Мына эми, бир аз да болсо ой-максаттарым ишке ашып, Орусиядагы кыргыз боордошторго өз талантымды тартуулоо максатында мамлекеттик дирекциянын демилгеси менен кетип баратам.
– Жеке турмуш туурасында кеп козгойлу...
– Жеке турмуш жаатында айтсам, азыр чыгармачылыкка баш-отум менен киришкен кез болгондуктан, турмуш куруу темасын көп деле ойго албайм. 22 жашымда турмушка чыккан элем. Тилекке каршы, 2 жылдан кийин пикир келишпестиктерден улам үй-бүлө очогубуз өчүп калды. Бирок ага мен азыр өкүнбөйм. Себеби Мейкин аттуу уулдуу болдум. Уулум учурда 3-класста окуп жатат.
– Жалгыз бой энеге бала тарбиялоо кыйынга турса керек?
– Ооба, ошентсе да балама колумдан келишинче жакшы тарбия бергенге аракет кылып келем. Мейкин аябай жакшы ырдайт. Бирок “чоңойгондо ырчы болгум келбейт” деп айтат. Ой жүгүртүүсү өзгөчө. “Жердин ортосунда эмне бар?”, “Жерге окшогон дагы башка планета барбы?” деген сыяктуу татаал суроолорду көп берет. Эмнеси болсо да акыл-эстүү бала болуп чоңойсо экен деп тилейм.
– Тилектериң ишке ашсын. Маегиңе чоң рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Гүлзада Рыскулова:"Уулумдун атасы менен келише алган жокпуз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Fute22
2011-11-21 11:08:24
Оркунуз осо берсин Гулзада эже ийгилик сизге!
0
mirka
2011-11-21 13:20:25
уну сонун го, озгондун кыздары орт келет деген чын,гулзада, кенже жана мен деп койбоймбу.
0
Likvidator
2011-11-21 13:21:38
Сиздин мукам унунуз жана стилиниз мага жагат. Дегеле " КЫРГЫЗмын" деп ырдаган ырчылардын баары жагат. Сиз сый-урматка татыктуусуз. Сизден коптогон сонун ырларды кутуу менен бирге ийгилик каалайм !
0
ratbek
2011-11-21 13:57:59
Гульзада озу азамат кыз экен, таланты да, аракети да бар. Бирок озунун устунон коп иштеш керек экен. Онор адамдары элдин жузу болгондуктан оз пикирлерин коомчулукка билдируудо бир аз ойлонуп, суйлосо, себеби маегинде менин ырымды баалабагандар кыргыздын душманы дептир, адмдын мекенчилдиги Гульзаданын ыры менен олчонбойт да. Мекен жонундо Гульзададан башка ырчылар деле ырдайт го. Ар адам мамлекетке оз иштеген тармакта салым кошот. Себеби мунун бары Мекенге болгон суйуудон улам болот.
0
ratbek
2011-11-21 14:02:26
Ошондуктан бул жаатта Гулзада озунун устунон озу иштеш керек. Гульзадага чейинки ырчылар деле Мекенчилдик жонундо ырдаган бирок, алар аны тануулап, болбосо кыргыздын душманысынар деген эмес да. Бул Гульзададагы оору копчулук ырчыларда бар. Бир аз эле элге жагымдуу ыр ырдап койсо эле кокурок чийип мактанышып калат. Мен патриотмун деп. Андай эмес да. Патриот деген наамды эл берет да. Ошондуктан онор адамы болгондон кийин ар тараптан онуккон билимдуу болушу керек.Онорун оркундой берсин Гульзада.
0
Шаиста Шатманова
2011-11-21 17:25:21
Озгоруптур. Бир нече жыл мурун таанышкан элем. Колунан комузун тушурбой ырдай берчу, ырчы болом дечу. Айтканына жетип келе жатат. Сага ийгилик каалайм.
0
ainura220888
2011-11-22 02:50:23
обону кайсы бир ырдыкы озбектердики болсо керек эстей албай жатам мындан да укмуш патриоттор кыргыздын душманы дебей эле ырдап журушотго эптеп бир ырды уурдап алып патриот боло бербечи суранам
0
amalia
2011-11-22 13:09:35
ainura 220888 ushundai negativdi jazyp emne kylasyng? ozungdun kolungdan emne kelet saga okshogondor turmushta ozpoit otvechaiu
0
monchok
2011-11-23 23:20:20
ainura220888, короалбас болбочу. Озун эмне кылып койдун Кыргызстан учун
0
№ 472, 18-24-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан