Заманыбыздын дагы бир жылы дарбазасын жабарда өзүбүзгө “Өтүп бараткан жылда кимдер өзгөчөлөнүштү? Кимдер кыргыз элинин оозунда көп талкууга алынып, көп колдоо табышты? Кимдер бөлүп көрсөтүүгө, "Жылдын мыктысы" деп аталууга арзыйт?” деген суроо салдык. Максатыбыз – жылдын мыктыларын аныктоо. Окурмандардын ой-пикирлерин эске алуу менен талапкерлерди аныктап жатып, бир наамга келгенде добуш берүү, тандоо-аныктоо деген иштердин кереги жогун түшүндүк. Жылдын адамы... Минтип аталууга быйылкы жылы өлкө башчысы Роза Отунбаеванын толук акысы бар деген жыйынтыкка келдик. Биздин оюбузду окурмандардын жыл ичинде айтып келген ой-пикирлери, жакынкы күндө жүргүзүлгөн сурамжылоолор да бекемдеди.
Биздин гезит тарабынан Роза Отунбаева "Жылдын адамы" деп табылды. Ажо айымга сыйлык тапшыруу аземи жагымдуу атмосферада, жылуу баарлашуу менен өттү. Гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султановдун сөзү менен айтканда, Роза Отунбаевага ыйгарылган бул сыйлык Кыргызстанда ийгиликтүү иш алып барган бир эле гезиттики эмес, тарыхый сыйлык. Анткени Кыргызстан кыйын күнгө кабылганда караңгыдан жол таап, эки жаат, жылга-жылга, эски-жаңы кылып чабыштырбай, мамлекетти сактап калган топтун башында дал ушул адам болгонун баарыбыз моюнга алсак керек.
Бүткөн ишке сынчы көп дейт. Анын сыңарындай, учурда өлкө башчысынын дарегине сын айткандар да көп. Бирок бир нерсе эч качан унутулбайт. Ал – Роза Отунбаеванын эртеңки күнү кандай болуп кетери билинбей, туңгуюк тартып турган өлкөнүн бүткүл жоопкерчилигин моюнга алууга батынганы. Жоопкерчиликти моюнга алып гана тим болбостон, ушул жыл ичинде Роза Исаковна дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын аброюн кайрадан тикелей алды.
“Жылдын адамы” аталууга Роза Исаковна дагы бир иши менен татыктуу. Өзүңүздөр билгендей, Орто Азия өлкөлөрүнүн ажолору бир бийликке келип алган соң тактыны оңой менен бошотушпайт. Алыс барбай ошол эле Казакстан, кошуна Өзбекстанды айталы. Улгайган куракка келгенине карабастан, ар кандай жолун таап, Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев бийликтен кетпей келе жатышат. Эгер төңкөрүш болбогондо Аскар Акаев деле жолун таап, ушул күнгө чейин отурмак бийликте. Кыргыздын эр көкүрөктүгү, тобокелчилиги болбогондо Курманбек Бакиев эмгиче бийликте отурмак беле... Экөө тең кызматтарын мыйзамдуу түрдө өткөрүп бербей, тактыдан куулуп кетишти. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Роза Отунбаева убадасына туруп, президенттик шайлоого катышпаган, бийлигин мыйзам жолунда тынч гана өткөрүп бермекчи болгон (ноябрдын аягына чейин өткөрүп бергени турат) биринчи ажо. Кыргызстанга эле эмес, кошуна өлкөлөргө да көрсөткөн ушул үлгүсү үчүн дагы ал “Жылдын адамы” деп аталууга татыктуу.
Калктын камын ойлогон ажо баарлашуу учурунда элге ден соолук боюнча, ошондой эле каржылык багытта пайдалуу маалыматтарды берип турууну өтүндү. Берилген бул сыйлыкка каршы чыккандар болушу мүмкүн. Бирок тарых бул инсанга татыктуу баасын берет деп ишенебиз.
Шаиста Шатманова
politika@super.kg