Кыргызстан – Аяз атанын мекени

Аяз атанын тарыхынан

Аяз атанын пайда болушу тууралуу ар бир өлкөдө ар кандай уламыштар бар. Адамдар канчалык Аяз атаны жомоктогу каарман деген сайын анын чынында эле жашап өткөнү тууралуу маалыматтар суурулуп чыгат. IV кылымда Түркиянын Мира шаарында Николай деген бай адам жашаган. Николай аябай ак көңүл, колунда жоктордун баарына жардам берген, жүрөгү таза адам болгон. Ал кедейлердин терезесинин түбүнө белектерди жашыруун таштап кетчү. Бир жолу бир кедей киши Жаңы жыл алдында үч кызын сатмакчы болот. Аны уккан Николай түн ичинде терезенин түбүнө үч кап алтын тыйын таштап кеткен. Николайды кылган иштеринен улам Ыйык Николай деп атап калышкан. Эң кызыгы, Ыйык Николай каза болгондон кийин да мындай окуялар улана берген. Ал эми Аяз ата менен Ыйык Николайдын окшоштугу балдарды чексиз сүйүүдө, алардын жүзүнөн жылмаюуну, сүйүнүчтү көрүү үчүн жагымдуу белектерди берүүдө болгон.

Аяз атанын үйү

Аяз атанын мекени деп кайсы гана өлкө эсептелген эмес. Тарыхчы-окумуштуулардын айтымында, Аяз атанын мекени – түнү узун, кышы суук жер. Анын мекени болууга талапкерликте биринчи болуп Скандинавия өлкөлөрү – Финляндия, Дания, Норвегия турса, Кытай жана Түркия мамлекеттери да катардан кем калбай кошулган. Ал эми 1998-жылы Аяз атанын мекени деп Орусиянын Вологод облусуна кирген байыркы Улуу Устюг жери эсептелген.

Ошол эле учурда Лапландия да Аяз атанын мекени деп саналат. Себеби, Лапландиядан жолго чыкса аз убакыт ичинде дүйнөнүн ар тарабына белек таратууга жетише алат. Бирок, жакынкы эле убакта швед окумуштуулары Аяз атанын мекени деп Кыргызстанды табышты.

Кыргыз Республикасынын Өк­мөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашев бул тууралуу: “Аяз ата Лапландиядан чыкса 78 сааттын ичинде дүйнөнүн булуң-бурчуна белек таратып жетишсе, швед окумуштууларынын изилдөөлөрүнө караганда, Кыргызстандан 48 сааттын ичинде белек берүүгө жетишет. Жер шарынын эң ортоңку чекити Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Терек деген жер экендиги аныкталды”,- деп билдирди.

Аяз атанын кийими

Аяз ата адегенде жөн гана плащ кийчү. XIX кылымда голландиялыктар ага кызыл чапан кийгизишкен. 1860-жылы Американын сүрөтчүсү Томас Найт Аяз атанын образына узун сакал кошуп, келбетин толук кылып тарткан. Ошентип, биз көрүп келген ак сакалдуу, курсагы бар Аяз ата жаралган.

Ар өлкөнүн Аяз атасы ар башка кийинет. Орустардыкы узун, кызыл чапан кийип, колунда таягы болот. Жардамчысы – небереси Аяз кыз.

Америкалыктардын Санта Клаусу ошол эле түстөгү кийим, бирок, чапан эмес, тизесинен ылдый болгон пальто менен шым, башына учу бар шапке киет. Көз айнек тагынып, оозуна канжа тиштеп жүрөт. Сантанын жардамчылары – анын бугулары жана эльфтер.

Казактардын Аяз атасы көк чапан кийген болсо, япондордуку жашыл, ал эми биздики кардай аппак чапан жамынат. Ак түс бул – тазалыктын, аруулуктун символу. Ошондуктан, анын сырткы түсүнөн эле көп нерсени күтүүгө болот.

Аяз ата ар өлкөдө...

Кыргызстанда – Аяз ата
Казакстанда – Аяз ата
Өзбекстанда – Корбобо
Тажикстанда – Бобои Барфи
Татарстанда – Кыш Бабай
Калмак Республикасында – Зул
Орусияда – Дед Мороз
Белоруссияда – Зюзя же Дзед Мароз
Болгарияда – Дядо Коледа
Монголияда – Увлин Увгун
Австрияда – Сильвестр
Алтайда – Соок-Таадак
Гавайиде – Канакалока
Венгрияда – Микулаш
Кытайда – Шань Дань Лаожен
Жапонияда – Санта Одзи-сан
Францияда – Пер Ноэль
Батыш славяндарда – Святы Миклаус
Данияда, Гренландияда – Юлетомте
Норвегияда – Юлебукк
Испанияда – Папа Ноель
Румынияда – Мош Жарилэ
Швецияда – Юль Темтен
Чехияда, Словакияда – Микулаш
Италияда – Баббо Натале
Кипрде – Василий
Голландияда – Синтер Клаасс, Сандеркласс
Финляндияда – Йоулупукки
Түркияда – Ноель Баба

Даярдаган Бактыгүл Сокушова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 321, 26-декабрь - 1-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан