КӨЧӨЛӨР КИМДИН АТЫН АЛЫП ЖҮРӨТ?

(Башталышы өткөн сандарда)

А.ОРОЗБЕКОВ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

А.Орозбеков атындагы көчө (мурдагы Кыргыз көчөсү) борбор калаабыздагы эң узун көчөлөрдүн катарына кирет. Анын түштүк башы темир жолдон башталып Чуйков, Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев, Чүй проспекти, Абдымомунов, Фрунзе, Баетов, Жибек Жолу проспекти, Мичурин, Пролетарская, Күрөңкеев, Баялинов, Фиолетовая, Кокчетавская, Щербаков, Боталиев, Фере, Можайский, Саадаев көчөлөрүн кесип өтүп, андан ары Кыргыз көчөсү болуп атын өзгөртөт да, шаардын түндүк четине чейин созулат.

А.Орозбеков ким болгон?
Абдыкадыр Орозбеков – коомдук ишмер. Кыргызстанда Совет бийлигинин орношуна чоң салымын кошкон инсан.
1889-жылы Ферганадагы Охна айылында (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда) жарыкка келген. Бала кезинен тарта Ферганадагы нан заводдо иштей баштайт. Совет бийлиги орноп баштаган учурда басмачыларга каршы күрөшүү боюнча куралдуу топту жетектейт. 1930-1931-жылдары кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеген. Көрсөткөн эрдиги үчүн ал Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. Андан кийин Кыргыз автономиялуу республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин (ЦИКтин) төрагасы да болгон. Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси. Ал 1937-жылы репрессия капшабына кабылып, 1938-жылдын 18-майында “Туран” улуттук партиясынын мүчөсү” деген жалган айып менен атып өлтүрүлгөн. Абдыкадыр Орозбеков каза болгондон 18 жылдан кийин акталган.

ЛАСЛО МЕСАРОШ
АТЫНДАГЫ КӨЧӨ

Месарош атындагы көчө шаардын түндүк-батышында жайгашкан. Анын түндүк башы Чоң Чүй каналынан башталып Профсоюзная, Ильменьская, Волкова, 9-январь, Дэн Сяопин проспектин, Арзамас, Мукаш Абдраев көчөлөрүн кесип өтүп, түштүк башы Бегималы Жамгырчинов көчөсүнө барып такалат.

Л.Месарош ким болгон?
Ласло Месарош – Венгриялык улуу скульптор. Ал 1905-жылы 18-сентябрда Будапешт шаарында төрөлгөн. Анын социализмге жана боштондукка болгон сүйүүсү 1935-жылы үй-бүлөсү менен Советтер Союзунун борбору Москва шаарына көчүп келишине себепчи болгон. Бир жылдан соң Кыргызстанга келип, Фрунзенин кооздугуна арбалып калат. Ошол бойдон бул жерде турукташып калууну чечет да, аялы менен баласын көчүрүп келет.
Кыргызстанда жашап жүрүп ал бир топ эмгектерди жарата алган. Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи жолу скульпторлор студиясын ачкан. Л.Месароштун кол эмгектери көптөгөн көргөзмөлөргө коюлган. Анын негизги эмгектери болуп “Тебетейчен кыздын айкели”, “Жоолукчан кыз”, “Кыргыз студентинин портрети”, “Жаш кишинин портрети”, “Жаш кыз” жана башкалар эсептелет. Кыргыз ССРинин өкмөт үйүнүн (азыркы Борбордук Азиядагы Америкалык университети) имаратынын жасалгалоо эскизин түзгөн. Фрунзедеги (азыркы Бишкектеги) темир жол вокзалынын долбоорун жаратууда чоң салымын кошкон. Андан тышкары анын 10 эмгеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин энчисине айланган. Ал 1945-жылы дүйнөдөн кайткан.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан