(Башы өткөн сандарыбызда)
Азиреттин телефону шыңгырады. Ордунан туруп, телефонун көңүл кош алып көз жүгүрттү да, кайра таштап койду. Алина экен. Мындай учурда аны менен сүйлөшө албасын ойлоду. Ким менен сыр бөлүшө алат? Ойлонуп, Бегимайга чалып жолугуу тууралуу сүйлөштү да, шарт курткасын алып сыртка багыт алды. Бегимай болжолдогон жерге тез эле келип калды. Негедир экөө тең көпкө чейин үн катышкан жок. Бегимай Азиреттин жүзүнө таң калып карап койду. Анткени дайым күлүп же тамаша айтып, жок дегенде көзүн ойноктотуп калчу жигит алды жагынан көз албай томсорот. “Тамашага салып жатат, азыр дуу каткырып жиберет” деп ойлогон Бегимай ага көз кыйыгын салып келе жатты. Азирет андай кылбады. Жакшылап караса, жүзүндө жаш. Ошондо гана машинасын токтото калып, Азиретке бурулду.
– Эй, сага не болду?
– Эч нерсе.
Кулап бараткан жашын колунун сырты менен аарчыган Азирет шуу үшкүрүп, башын чалкалата берди.
– Коркутпачы мени, үйдөгүлөрүң жакшы элеби?
– Жакшы эле.
– Анда не болду?
– Түшүмдөн чочуп кеттим. Ооба, бул түш болуш керек. Айтчы, сен Аскат экөөбүздүн неге мынча окшош экенибизди билгиң келди беле? Мени ошон үчүн чакыргансыңар да, ээ? Эми билип жаткыла. Ал экөөбүз эгиз экенбиз!- деп көздөрү жалын чача кыйкырып алды. Бегимайдын көздөрү алайып кетти. Башкасын күтсө да, мындай болорун ойлобоптур. Анын үстүнө “дүйнөдө окшоштор азбы?” деген нерсеге ишенип калган эле.
– Кандайча? Ал...
– Эгиз экенбиз...
– Кантип? Кандайча? Аскат “эгизим бар” деп айткан эмес.
– Ал өзү билбесе сага нени айтсын? Мен дагы, ал дагы, атүгүл атабыз да билбептир бул тууралуу. Болгону, апам... Бема, элестет, менин апам мени өмүр бою жашырып келиптир. Алдап келиптир. Экинчи уулун өмүр бою көрбөй, көргөнгө да аракет кылбай, жокко санап коюптур. Ушундай да болобу? Апам... Менин апам!
Азирет ыйлап жатты. Эс тартканы биринчи жолу ушинтип ыйлашы. Бегимай чыдабай, түтпөй кетти. Алдында Аскат отургансып, арманын айтып, өзүнөн жардам күтүп жаткандай сезилди. Азиретти кучактай бооруна тартты. Ал көптө барып өзүнө келип, өзүнө таң калып тиктеп турган Бегимайды карап, аргасыз жылмайып алды.
– Кечир мени!
– Эч нерсе эмес.
– Мен кимге барарымды, кайда барарымды билбей калдым. Бул шаарда же эч кимим жок. Бирөөгө айтып албасам жеңилдечүдөй эмесмин. Оюма сен түшкөн соң ойлонбой туруп сага жөнөдүм. Эч нерсени түшүнбөй турасыңбы, азыр сага баарын айтып берем.
Экөө машинадан түшүп, көк чөптүн үстүнө отурушту. Аскардан уккан нерселердин баарын айтып берип, оор үшкүрүп отуруп калды.
– Апаң бул тууралуу билеби?
– Азырынча билбейт. Бирок бүгүн сүйлөшөм. Аскар агай болгон окуяны айтып берген соң сыртка чыгып кеттим. Ал... ал мени токтоткон жок. Балким, өзүнө келип алсын дедиби? Кызык, мындай окуялар кинодо же китепте эле болот деп ойлогом. Шок болуп калдым.
– Мен дагы өзүмө келе албай жатам. Бирок Аскат экөөңдөгү окшоштук бекер эмес экенин билсем керек. Сенин сүрөттөрүңдү көрө электе эле бир окшоштук бар экенин билгем.
– “Аскат сага эч кандай окшош эмес” деп айткансың бир жолу...
– Билбейм, сүйлөгөнүңөрдөбү же ойлонгонуңардабы, бир окшоштук бар. Туура, Аскат таптакыр адамдан башкача жан эле. Мээримдүү, аяр, камкор...
Бегимай Аскат тууралуу сөз болгондо өңү өзгөрүлө түшөр эле. Башын кыялдуу кыйшайтып, алды жагына мээримдүү тигилип калды. Бул Азиреттин көз жаздымынан калган жок. Кызганычка окшош бир нерсе алкымын бууп жиберди.
– Билбейм, андай адамды өмүрү кезиктирбегем, эми дагы кезиктирбесем керек. Ал башкача болчу...
– А мен?
– Сен... сен кадимки эле жигитсиң. Жаман жагың да, жакшы жагың да бар. А ал өзгөчө болчу.
Ордунан шарт турган Азирет машинага жөнөдү.
– Кеттик!
Бегимай менен жолугуп келгенден кийин көңүл бөксөсү бир аз толуп, жан ооруткан оорусу басаңдап калгандай сезилди.
Бир топко ойлонуп турду да, апасына телефон чалды.
– Алло, Ази? Кандайсың, балам?
Апасынын дайымкы коңур үнү угулганда Азиреттин ташкындап турган жини басаңдай түшкөндөй болду.
– Апа?- деди үнү буулуп.
– Не болду? Үнүң башкача го. Ооруп калган жоксуңбу? Болду эми, саякатчы бака болуп жүрө бербей үйгө кайт. Ал жактагы Аймирлер кандай?
– Апа... мен... мен Казакстанда, Аймирдин үйүндө эмесмин (Аймир Азиреттин казак досу болчу. Апасына “Казакстанга кеттим” деп кеткен).
– Анан кайдасың?
– Мен Кыргызстандамын, апа.
Апасы не дээрин билбей калды окшойт, трубкадагы үн көпкө жоголуп кетти. Азирет айтарга сөз таппай жөтөлүп алды.
– Апа?
– Сен... ал жакта... не кылып жүрөсүң?!
– Апа, мен сага айткан учурда деле эч качан жибербейт болчусуң. Канча жолу барып келели десем куру шылтоолорду айтып, артка тарта бердиң эле. Мен... Аскар агайга... жолуктум.
Апасынын үнү буулуп, ыйлап жатканы угулду.
– Мен эми баарын билем.
– Кантип? Кандайча ал жакка барып калдың? Ким айтып жүрөт мунун баарын сага?
– Тагдыр, апа, тагдыр мени өзгөчө ойнотту. Бул жакка келеримде мени мындай сюрприз күтүп турганын таптакыр билген эмесмин. Мындай окуяга туш болом деп ойлогон эмесмин. Угуп жатасыңбы, апа? Мага бардык чындыкты сенден уксам жеңил болмок. Неге ушунча жылдан бери айткан жоксуң?
– Азирет, бул жакка качан келесиң? Мен сага баарын жай айтып түшүндүрүп берейин. Азыр бүтүм чыгара көрбө, мен билем, сен мени кечиресиң. Аскар менен Аскат кечирбеши мүмкүн. А сен кечиресиң.
Азирет эми гана апасы Аскаттын каза болгону тууралуу билбесин эстеди. Не дээрин билбей калды.
– Апа, Аскат... ал эми...
– Мен Аскат тууралуу баарын билем, уулум.
– Кантип, апа? Сыр алдырбай кантип жүрдүң? Мен сени жакшы билем деген элем, көрсө...
– Айтканда не өзгөрмөк? Ал кабарды интернеттен окуган күндөгү менин абалымды көрсөң... Айлап өзүмө келе албай жүрдүм. Ботосун жоготкон төөдөй буркурап, түнү менен ыйлап чыгып, эртеси кызматка барып жүрдүм. Сен анда менин жанымда эмес болчусуң, Индияга кеткенсиң.
Азирет эми чындап өзүнөн кетти. Шалдайган боюнча дубалга сүйөнүп отуруп калды. Ооба, эсинде, кезектеги саякатынан соң үйгө келип, апасынын төшөк тартып жатып калганын көрүп таң калган. Бетинин нары качып, көзүнүн нуру өчкөн апасынын элеси көз алдына тартылды. Демек, Аскат тууралуу билген экен. Бир топто гана апасы телефонду коюп койгонун байкады.
Ал бул окуядан кийин өзүн таптакыр жоготуп койду. Апасы күндө чалып, канчалык Малайзияга кайтуусун суранганы менен, көгөрүп эле барбай койду. Эзелтен жоготуп алган нерсесин тапкандай, эми өзүнө таандык нерсеге жеткендей Бишкектен кете албады. Аны жипсиз байлаган кара көз сулуубу же Аскар Токтосуновичпи, өзү да аңдай албай жүрдү. Ички туюму дагы бир окуя боло турганын кабарлап жатты. Тагдырдын оюну али аягына чыга элек экенин жүрөгүнүн түпкүрүндө сезип жүрдү.
Бегимай бул окуяга өзү да бушайман. Азирет менен Аскаттын эгиз экенин билгенден кийин көп ойлонду. Акыры Аскар Токтосуновичке жолугуп, аны менен сүйлөшпөсө болбой турганын сезди. Аскар аны көрүп, адатынча жылмайып койду. Аскат каза болгондон кийин бул кызды көрүү ага өтө оор болчу. Уулунун аткарылбай кеткен тилек-максаттары, сүйүүсү ушул кызда калгандай сезилер эле. Канчалык алыс кармаса да болбой кыз өзүнө тартылып жатканын, андан кеңеш, колдоо күтүп жүргөнүн сезчү.
– Саламатсызбы, Аскар агай...
– Кел, кызым, өзүң кандайсың?
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жолдошбек Кудайбергенов