ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Ливия

КАДДАФИНИН УУЛУ СОТ АЛДЫНДА ЖООП БЕРЕТ
Ливиянын мурунку лидеринин уулу Сейф аль-Исламга эл аралык издөө жарыяланып, ал 19-ноябрь күнү өлкөнүн түштүк чек арасынан өтүп бара жаткан жеринен кармалды. Колго түшкөн Каддафинин уулун учак аркылуу жакынкы Зинтан шаарына алып барышкан. Учакты жерге конору менен жергиликтүү эл курчап алган жана “Аллаху Акбар” деп кыйкырып турушкан. Эскерте кетсек, Сейф аль-Ислам Ливиядагы тополоңго байланыштуу бир нече кылмыш боюнча күнөөлөнгөн болчу. Учурда соттук териштирүү иштери жүрүп жатат. Өлкөнүн жаңы бийлиги экс-президент Муаммар Каддафинин уулуна карата сот иши адилеттүү өтө турганын билдирүүдө.

Египет

ӨКМӨТ ОТСТАВКАГА КУУЛДУ
Каир шаарында өткөн аптанын соңунда башталган массалык нааразычылык акциясы максатына жетти. Буга чейин демонстранттар жаңы өкмөт менен аскердик кеңештин курамын отставкага кетирүүнү талап кылышкан эле. Ошентип, Исам Шариф жетектеген өкмөт толук курамы менен кызматынан кол жууду. Бул тууралуу Египеттин жогорку аскердик кеңешинин министрлер кабинетинен билдирүү таркатылды. 18-21-ноябрь күндөрү полиция менен митингчилердин ортосунда курч кагылышуулар орун алып, жыйынтыгында 33 адам каза болуп, эки миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алышты.

Тажикстан

ТАЖИК СОТУ ЭКИ УЧКУЧТУН КЫЛМЫШЫН “КЕЧТИ”
Мындан эки апта мурун орусиялык учкуч Владимир Садовничен жана эстониялык Алексей Руденкону Тажикстан соту сегиз жарым жылга эркинен ажыраткан. Алар учак менен Тажикстандын аймагына уруксатсыз конгон жана контрабанда боюнча күнөөлүү деп камакка алынган болчу. Ал ортодо Орусия менен Тажикстандын мамилеси да курчуй түшкөн. Кремль сес көрсөтөйүн дедиби, Москвада иштеген 100дөй тажикстандык мигрантты депортациялоого жетишти. Ошентип, эки тараптын мамлекет төбөлдөрү киришкенинен улам 22-ноябрь күнү тажик соту бул ишти кайрадан карап чыгып, соңунда эки учкучту актоо чечимин чыгарды. Учкучтардын айтымында, алар Ооганстанга гумжардам жеткирип, кайра кайтканда учактын майы түгөнө баштаган. Ошондуктан диспетчердин уруксат бербегенине карабай тажик шаарына конууга аргасыз болушкан.

Украина

7 ЖЫЛГА КАМАЛГАН ТИМОШЕНКОНУН ДЕН СООЛУГУ НАЧАРБЫ?
Киевде СИЗОдо отурган Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенконун ден соолугу начар экенин Украина парламентинин адам укуктары боюнча өкүлү Нина Карпачева тастыктады. Ал эч кандай эскертүүсүз эле Тимошенко камалган СИЗОго баргандыгын айтып, “мени менен сүйлөшүп жатканда керебеттен башын өйдө кылууга дарманы жетпеди” деп тынчсыздануусун билдирген. Бул боюнча кабар тараган соң Украинанын бийлиги чара көрүлөрүн билдирди. Президент Виктор Янукович билдиргендей, жакын арада Тимошенкого тергөө изоляторунан сырткаркы медициналык жардам көрсөтүлөт.

Өзбекстан

ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНАН БАҢГИ МЕНЕН ТАЖИК ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ
Өзбекстандын түштүгүндөгү “Сариосиё” чек ара пунктунда баңгизаты менен тажикстандык жаран кармалды. Өзбек чек арачылары “Кулоб-Москва” поездин текшерүүгө алган учурда тажик жаранынын жанынан бир жарым килограмм героин табышкан. Өзбекстан УККсынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал баңгизатты Орусияга алып өтмөк болгон. Өзбек чек арачылары үстүбүздөгү жылдын 9 айында Тажикстандан баңги алып өтүү боюнча 12 окуянын бетин ачканын билдирген.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан