КАЗАК ПАРЛАМЕНТИ ТАРКАДЫ, КЕЗЕКТЕ ӨКМӨТТҮН ОТСТАВКАСЫ.

МУНУН БААРЫ НУРАКЕНИН МУРАСКЕРИ ҮЧҮНБҮ?

Өткөн аптада Казакстанда парламенттин таркашы Борбор Азия үчүн сенсация болду. Бул окуяны түрдүүчө жоругандар чыгып, көпчүлүгү бир ооздон «Мажилистин мөөнөтүнөн эрте тарашы баарынан мурда президент Нурсултан Назарбаевдин мураскерине керек» деп жатышат.

ДЕПУТАТТАР ӨЗДӨРҮН ЖУМУШСУЗ КАЛТЫРЫШТЫ
Саналуу күндөр мурун чети көрүнө баштаган күбүр-шыбырлар ачыкталды. Антпесе интернет айдыңында “бүгүн-эртең Мажилис таркайт” деген ушактар шамалдай эле учуп калган. Ошентип, казак парламентинин төртүнчү чакырылышынын депутаттары мандаттарын тапшырууга аргасыз болушту. Сааты келди дештиби, айтор, 10-ноябрь күнү Мажилистин депутаттары өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда парламентти өзүн-өзү таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, анын бир нече себептери көрсөтүлгөн.
Биринчиден, дүйнөлүк каржылык каатчылыктын экинчи толкуну козголо башталганы айтылып, Казакстан 2012-жылы шайлоолор менен алаксыбай, экономикалык маанилүү иштер менен алек болушу керек деген аргумент келтирилген. Экинчиден, Мажилистин курамы жаңыланышы керек дешет. Буга чейин ал жалгыз партиядан турса, келерки шайлоодо көп партиялуу же анын курамы эки партиядан аз болбошу көрсөтүлгөн.
Кыскасы, шашылыш чечим болду. Ал эми казак башчысы көпкө баш тырмап ойлонуп отурбай эле, Мажилисти таратуу жөнүндөгү жарлыкка мөөрүн басты. Ошентип, жаңы шайлоо 2012-жылдын 15-январына белгиленди да калды. Мажилистин бул чакырылышы 2007-жылы беш жылга шайланган. Мыйзамга ылайык, алар 2012-жылдын август айына чейин иштеши керек болчу. Бирок казак ажосу Конституциядагы “Шайлоо жөнүндө” деген беренеге таянып, таратууга үлгүрдү.

“МАЖИЛИСТИН ТАРКАШЫ – СПЕКТАКЛЬ”
Түшүнөн чочуган кишидей болгон бул жорукка учурда ар ким түрдүү божомол айтууда. Бир тарап бул кадам казак элине майдай жагып, реформа катары кабыл алынып, мажилисчилердин “эрдиги” мактоо үстүндө. Өз учурунда каршы пикир айткандар да бар. Мажилистин таркашын депутат Бахыт Сыздыков спектаклге салыштырды: «Менимче, бул көрүнүш жөн эле спектакль. Анда белгилүү болгондой трагедия, комедия өңдүү көп жанрлар орун алат. Менимче, бул – трагифарс же трагикомедия. Депутаттар өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп, анан таркап кетсе, эч кандай коркунучтуу нерсе болмок эмес».
Ушундай эле ойду дагы бир парламенттин өкүлү билдирди. Казак парламентинин сенатору Гани Касымов кесиптештеринин бул аракетин жоопкерсиздик катары баалап: “Мажилистин азыркы курамына шайлоочулардын 90 пайызга жакыны добуш берген. Ал эми булар элден сурабай эле өздөрүн өздөрү таратып жиберди”,- деди.

КҮН БАТЫШКА ООГОН ӨКМӨТТҮН СААТЫ
Нурсултан Назарбаевдин кеңеш­чиси Ермухамет Ертысбаев парламенттин артынан өкмөттүн да 16-январда отставкага кетерин билдирди. Парламенттин шайлоосу 15-январда болуп өтсө, эртеси эле өкмөт бийликтен шыпырылат. Анын айтымында, бир күн ичинде шайлоонун жыйынтыгы билине калса, дароо эле жаңы шайланган парламенттин биринчи жыйыны өткөрүлүп, анда жаңы өкмөт куралат. “Мен терең ишенем жана мындан эч ким деле күмөн санабайт. Жеңип келе турган “Нур Отан” партиясы менен макулдашылып, мамлекет башчы тарабынан премьер жана министрлер сунушталат”,- дейт кеңешчи.
Бул саясий сахнадагы бардык оюндар Нурсултан Назарбаевден кийин келүүчү мураскер үчүн жасалууда дешүүдө. Бир топ серепчилердин божомолдоруна караганда, казактын ажосу өзүнүн ордун басуучу адамды көптөн бери таптап келет. Ал – Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев. Анын мамлекет башчылык үчүн тажрыйбасы менен кадыр-баркы жетиштүү деңгээлде болбогондуктан, анын командасына ушул шайлоодо күчүн бекемдеп алууга зор мүмкүнчүлүктөр берилет. Нурсултан Назарбаев экс-күйөө баласы, айыккыс душманына айланган Рахат Алиевдин айтымында, соңку беш жылдан бери рак дарты менен күрөшүп жүрөт. «Назарбаевдин ичер суусу аз калды» деп коңгуроо каккан Рахат Алиев «парламенттик шайлоонун шашылыш өткөрүлүшүнө Назарбаевдин катуу ооруп калгандыгы себеп» дейт.

КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМИЛЕСИ МААНИЛҮҮ
Жакшыбы-жаманбы, коңшу, өнөктөш өлкө катары кыргыз-казак мамилеси 20 жылдан бери туруктуу уланып келет. Жакын арада Кыргызстандын Бажы союзуна кошуларын эске алсак, анда окшош эрежелерге баш ийген өлкөлөргө айланабыз. Кандай болгон күндө да, Казакстандын алдыдагы шайлоолорунун тынч өтүшү Кыргызстандын кызыкчылыктарынын бири жана бул абдан маанилүү деп эсептесе болот.

КУЛИБАЕВ ТИМУР АСКАРОВИЧ
Туулган жылы – 1966-жыл, 10-сентябрь.
Билими – Москва мамлекеттик университетин аяктаган, экономист.
Үй-бүлөлүк абалы – 1 уул, 2 кыздын атасы. Н.Назарбаевдин Динара деген кызынын күйөөсү. Модель Гога Ашкеназиден бир уулу бар деп айтылат. 
Хоббиси – Гольф ойноо.
Учурда казакстандык “Самрук Казына” фондунун директору.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан