Жомоктор дүйнөсүндө
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
Ырдап-чоордоп, атасынан калган байлыктын түбүнө жеткенде гана Адыл эсине келип, андан аркы жашоосу тууралуу ойлоно баштайт. Кара курсактын айынан таптакыр куру жалак калып, акырында хан сарайдай болгон үйүнөн айрылат. Ошентип, бир жылдан ашып-ашпай, Карып деген байдын кулуна айланат. Карып бай Адылга коюн кайтартканы үчүн акы төлөмөк тургай анын курсагын да тойгузбайт. Ошондо алсыраган Адыл кожоюнуна кайрылып:
– Сиздин кол астыңызда иштеп жатканыма бир жыл алты айдын жүзү болду. Ушул убакыт аралыгында бир тилим эт жебедим. Бир күнгө деп берген эки кесим наныңыз менен күн көрүп келем. Суранарым, мага бир жарым жылдык акым үчүн бир кой берсеңиз, ошол койду жок кылбай мал улап алар элем,- деп жалынат.
Анда Карып бай ачууланып:
– Сен көпкөн экенсиң. Ошол эки кесим нанга ыраазы болбойсуңбу?! Эртеңден баштап койлорумду кайтарганың үчүн бир кесим нандан ашык эч нерсе бербеймин!- деп кыйкырат.
Башка амалы болбогон Адыл андан ары да Карып байдын коюн бир тилим нан үчүн кайтарууга аргасыз болот. Бир күнү тоо башында ойлонуп отуруп, атасынын айткан кебин укпай ушундай оор абалга келип калганына ызаланат. Ошондо атасынын “кыйынчылык башыңа түшсө, ушул жаздык менен сырдашып, жардам сурасаң болот” деген сөзүн эстеп, кайда болбосун жанында алып жүрчү жаздыкты карап ыйлап кирет. Ошол маалда тоо-ташта сүйрөп жүрчү жаздыктын эскирип, жыртылып калган жеринен жалтыраган алтын көзүнө чагылыша кетет. Мына сага, жаздыктын ичи толо алтын экен! Муну көргөн Адыл атасынын акылмандыгына баа берип, ошол күндөн тартып алтындарын малга айырбаштап, жаңы, эмгекчил турмуш баштаган экен.
(Аягы)
Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg