ТЕНТЕК УЛАК

Ыр чачыла

“Ойнойбуз” дейт улагым,
Тентек, менин чунагым.
Күз да келип, күн сууду,
Тынчый турган убагың.

Жай да өттү билинбей,
Чуркап жүрдүң дирилдей.
Бирде табак, бирде чака,
Илип алып кийимдей.

Сага кошуп апакем,
Урушчу эле мени да.
“Чоңоёсуң качан?” деп,
Күлүп калат атам да.


КЫТЫ, КЫТЫ, КҮЛҮП КОЙ

Короодо ойноп жүргөн кичинекей Аскат бирдеме болгондой катуу кыйкырып:
– Апа-аа, апа-аа!
Апасы кабатырланып чуркап чыгып:
– Эмне болду сага, Аскат?
– Апа, атамды чакырып койчу...

Ак аюудан баласы сурап жатат:
– Апа, биздин терибиз эмне үчүн ак жана калың?
– Биринчиден, үшүбөш үчүн, экинчиден, карда бизди тюлендер байкабаш үчүн, балам.
– А тырмактарыбыз эмнеге чоң, анан катуу?
– Коргонуу үчүн. Башка айбанаттарды коркутуу үчүн, кичинекейим.
– Мунун баарынын бизге кереги деле жок да. Биз зоопаркта жашайбыз го...

Аквариумдагы балыктын өлүп калганын көргөн атасы Асанды урушуп калат:
– Эмне үчүн балыкка таза суу куйган эмессиң?
– Ата, балыктар канча күндөн бери ушул сууну да ичип түгөтө албай коюшту го...

Мектептен үйүнө ырдап кирип келген Сабырдын атасы анын күндөлүгүн карап чочуп кетет.
– Балам, сен «2» алганыңа сүйүнүп ырдап жатасыңбы?!
– Ата, ошон үчүн мен муңдуу ыр ырдап жүрөм.


РОМАШКА ГҮЛҮН ЖАСАЙБЫЗ

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан