МАМЫК КҮРМӨЛӨР (ПУХОВИК)
Эмнеден жасалат? Күрмөлөрдүн бул түрү көбүнчө жүндөрүнө суу жукпаган суу куштарынын: гагара, каз, өрдөк, ак куу сыяктуулардын иргелген тыбытынан жасалат. Өтө жылуу, жеңил жана туура кам көрсөңүз, 20 жылдан ашык убакытка чейин кызмат өтөйт. Таза мамык табигый болгондуктан, жылуулукту жакшы сактайт жана эрте жаз, кеч күзгө, кыш мезгилдерине ылайыкташкан. Алсак, +5, -35 градуста да кийүүгө болот. Булардын ичинен гагаранын мамык жүндөрү абдан баалуу. Гагара суук аймактарды байырлаган канаттуу болгондуктан, анын мамыгы -40 градустук суукта да жылуулукту мыкты сактайт. Буга жараша баасы да абдан кымбат.
Куш мамыгынан жасалган күрмөлөрдүн ичиндеги таза мамык 80 пайыздан кем болбошу керек. Ал эми калган 20 пайызы мамыктын тоголоктошуп калбашы үчүн куштун майда канатынан болот. Таза мамыктан экенин билүү үчүн күрмөнүн бир бөлүгүн жалпайта басып, колуңузду алыңыз. Эгер кол менен басканда жалпайган жер кайра тез эле мурдагы калыбына келсе, анда таза мамыктан деп билсе болот.
Таза мамыктан жасалган күрмө туура кам көрүүнү талап кылат. Жууганда баштапкы калыбын жоготуп коюшу мүмкүн. Андыктан химиялык тазалоого алпарып тазалатканыңыз оң. Жок, колго эле жууйм десеңиз, мамыктын сапатын кетирип албоо үчүн атайын мамык үчүн каражатты же баш жууй турган шампунду колдонуңуз. Кургатканда кийим илгичке илип (тик абалда), жылыткыч коюп тез кургатуу керек. Болбосо, мамыктар топтолушуп калат. Ал эми кир жуучу машинада айна же самын менен жууганга такыр болбойт. Себеби мамык жүндөр тоголоктошуп калат. Эгер машинада жууйм десеңиз, мамык жүндү тоголоктоштурбаган атайын гель менен гана жуу керек. Мындай күрмөнү кургак жана салкын жерде сактоо зарыл.
МАМЫКТЫН ОРДУНА СИНТЕТИКАЛЫК БУЛА
Мындай күрмөлөрдүн табигый мамык жүндөн жасалгандардан айырмасы, ичиндеги жылуулукту сактоочу негизин мамык эмес, жасалма синтетикалык була түзөт. Мамык менен салыштырсак, жылуулугу бир аз төмөн экендиги талашсыз. Жаңы алганда 35 градус суукта жылуулукту сактай алат. Бирок бир жуулгандан кийин бул көрсөткүч 30 пайызга төмөндөп кетет. Ал эми артыкчылыгы, баасы жагынан бир топ арзан жана каалагандай жуусаңыз да баштапкы калыбын жоготпойт.
Акыркы кездери пайда болгон синтетикалык булалар волтерм, тенсулейт, термайл, холофан, синтекрон, синтепон деп аталат. Кирдегенде 40 градустан 70 градуска чейинки температурадагы сууда айнаны көбүрөөк салып жууса болот. Кээ бир түрүн ысык сууга жууганга болбойт. Себеби ысык суу көөп турган буланы жабыштырып, кийиздей кылып салат. Андыктан күрмөнүн этикеткасындагы көрсөтмөлөрдү так аткарууга аракет кылыңыз.
ТАНДООДО ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
ТЕРИ КҮРМӨЛӨР, ТОНДОР ЖАНА ИЧИКТЕР
Кымбат баалуу жаныбарлардын терисинен тигилген күрмөлөр, тон жана ичиктер (дублёнка, шубалар) катуу суукта жылуулукту абдан жакшы сактайт. Ошондой эле койдун, карышкырдын жана башка териси калың жаныбарлардын терисинен тигилген тон, ичиктер жакшы жылуулук берет. Технология өнүккөн биздин заманда жасалма тери да чыгарылып келет. Табигый менен жасалма терини бири-биринен кантип айырмалоого болот?
АЛДАНБОО ҮЧҮН...
Таза теринин жакшы же начар иштетилгенинен күрмөнүн кийинки «жашоосу» көз каранды. Айырмасын билүү үчүн төмөнкүлөрдү эсиңизге түйүп алыңыз.
Сатуучулар териси баалуу делген норка, кемчет, суусар сыяктуу жаныбарлардыкы деп коён, киш (соболь) жана суурдун терилеринен тигилген күрмөлөрдү сатып жиберишет. Муну билүү үчүн кылдарга көңүл буруңуз.
Коёндун жүнү жумшак, суурдун кылдары тегиз эмес, ал эми норканын кылы тегиз жана катуураак келет. Кемчеттин кылы коюу жана узунураак болот.
Көпчүлүк учурда суусардыкы деп киштин терисинен тигилген күрмөнү сатып жиберишет. Суусардын кылдары киштен катуулугу менен айырмаланып турат.
ПАЛЬТО
Классикалык типтеги кышкы кийимдердин эң мыктысы. Мыкты пальто кашемир жана жүндөн даярдалган материалдардан тигилет.
ТАНДОО
1. Тигилиши түз жана бирдей өлчөмдө болуусу шарт.
2. Материалы жумшак, бирок өтө тыгыз (жакшы ныкталышкан) болуусу керек. Эгер материалы начар ныкталган болсо, түлөп (тоголоктошуп) кетет.
КАМ КӨРҮҮ
1. Үй шартында 30 градус температурадагы сууда, щётканын жардамы менен атайын кашемир үчүн чыгарылган шампунь менен жуу сунушталат. Эң жакшысы, химиялык тазалоого бериңиз.
2. Жууп бүткөн соң сыкпастан, кийим илгичке илип кургатыңыз. Бырыштары өзү түзөлүп калат.
3. Салкын жана чаң баспай турган жайда сактаңыз.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg