АНАР

АНАР КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛАТ?

  • Тамеки тарткандарга. Анардын даны С витаминине өтө бай. Баарыбызга белгилүү болгондой, тамеки тарткан сайын организмдеги бул витамин жоголот. Эгер организмиңиз ар кандай вирустарга туруштук берсин десеңиз жана эрте картаюунун алдын алгыңыз келсе, анда сөзсүз анар жеңиз.
  • Офис кызматкерлерине. Эгер сиз компьютер алдында көпкө отуруп иштеген адам болсоңуз, анда РР витаминине өтө муктажсыз. Анткени РР витамини көрүү органдарына эң зарыл. Бул витаминди, албетте, анардын курамынан таба аласыз.
  • Окуучу жана студенттерге. Анардын курамындагы В1 витамини эске тутууну жакшыртат жана мээнин, нерв системдин жакшы иштөөсүн камсыздайт.
  • Спортчуларга. Бул мөмөнүн курамындагы В6 витамини күч келгенде тарамыштардын тырышып, булчуңдардын карышып калуусунун алдын алат.
  • Ырчыларга. Акыркы убактарда изилдөөчүлөр анардын ширеси үндү күчтүү жана жагымдуу кыларын айтып чыгышты. Андыктан ырдоо алдында бир стакан анар ширесин ичүүнү унутпаңыз.

КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?
Анар ашказан жарасы жана гастрит оорусунан жабыркагандарга сунушталбайт.

ЭМНЕ ЖАСООГО БОЛОТ?
Анарды десерт катары гана жешет деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Себеби ашканада анардан ар кандай даамдарды, кыямдарды, соустарды даярдап, данын тамактарды кооздоо үчүн колдонушат.

АНАР КОШУЛГАН САМСА
Керектелүүчү азыктар:
Тооктун саны – 6 даана
Майонез – 2 аш кашык
Сыр – 100 грамм
Анар – 1 даана
Каттаманын камыры – 600 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сарымсак – 1 тишче
Татымына жараша туз

АНАР КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:
Анардын ширеси – 1 литр
Анардын даны – 1 стакан
Кумшекер – 1,5 килограмм
Жаңгак – 2 же 3 стакан

Даярдоо ыкмасы:
1. Анардын ширесине кумшекерди кошуп, коюуланганча 20-30 мүнөттөй кайнатабыз.
2. Кайнап жаткан сиропко данды, майдаланган жаңгакты салып, 5 мүнөттөй кайнатып, бууланган банкаларга жаап коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mamamia
2011-11-28 09:35:11
рахмат
0
songtanaiza
2011-11-28 23:12:04
ммм.... кандай сонун жегим келип кетти оло аппетитный жасалыптыр Рахмат
0
OMG
2011-11-29 10:55:36
Anar voobshim tolugu menen kerektuu shirin turbaiby, rahmat ''super info'' bilgen emesmin emi bilip aldym, Ya vas Lublu
0
Cyldyzka
2011-11-29 16:00:44
anardın şiresi kanday
0
keneshkan
2011-12-02 13:32:38
Кенеш бергениниздер учун чоон рахмат.
0
TolonturCN
2011-12-03 23:09:42
men kop jechv elem den soolukka paidaluu dep ugup, emi bul makalanyn jardamy menen kenenireek tvshvndvm, rahmat super.
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан