Ырыскелди Осмонкулов, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «ЭКИ ЖЫЛ МУРУН КАЙРА ҮЙЛӨНГӨМ»

Ары таланттуу, ары атактуу, эл көзүндөгү адамдардын чыгармачылыгынан тышкаркы жашоосу, мүнөзү, кылган иши күйөрмандарына абдан эле кызык эмеспи. Бул жолу өз күйөрмандарына Ырыскелди Осмонкулов сыр куржунун ачмакчы.

“ЭЖЕМ ШЫПЫРГЫ МЕНЕН САБАП...”
– Бишкектин четинде жайгашкан Мыкан деген айылда менин бала курагым өттү. 10 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Ата-энем, бир туугандарым менен кызылчада иштеп, жылан, бакалар чардаган көлмөлөргө түшүп, жаа атып, чүкө ойноп жүрүп эле чоңойгом. Ал куракты эстегенде “кең талаада кубалашып ойногон күндөрүм, ай!” деп ичим эзиле түшөт. Ал убакта эмне, жоопкерчилик деген жок, баары даяр, болгон маселең эле оюн да. Анан мектепте окуп калдым. Чынын айтсам, мектепте орто эле окугам. Кээде көңүл келсе “5” алып, көңүл келбесе “2” алып дегендей. Эркелигим болсо керек.
2-класска көчкөнүмдө Анара деген эжем “талантың бар, сен музыкант болушуң керек” деп, “барбайм” деп ыйлаганыма карабай Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып келди. Чынын айтыш керек, ыйлатып, шыпыргы менен сабап алып келген. Сынакты “4кө” тапшырып, окуп калдым. Чыгармачылыктын казанына жашымдан түшүп, ошол күндөн тартып эмгектенип келем. Ал мектептин хорунда ырдап жүрдүм. Бир аз эс тарткандан баштап “Аракет” деген вокалдык-инструменталдык ансамблде ырдап калдым. Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Актан Исабаев менен чогуу Рафаэль Сарлыковдон билим алдык.
Мектептин тегерегинде жашаган шаардык балдар менен кээде мушташа кетер элек. Ойлосом, ал убакта чыныгы мушташ болчу экен. Жылаңач кол менен эле дегендей. Азыркылардан коркосуң, катуу айтып койсо эле бычак же тапанча көтөрө чуркашат эмеспи, заманга ылайык. Ал убакта дискотекаларга көп барчубуз, эч кандай чыры жок эле бийлеп эс алып келчүбүз. Акча жок болуп калса, түнкүсүн атамдын чөнтөгүнөн 5 сом алып кетип калчумун. Кээде билбей калса, кээде билип, 10 баласынын кимисинен көрөрүн билбей калар эле.

ТАЛАНТТУУ БИР ТУУГАНДАР
– Атамды “аккордеон менен жакшы ырдачу” деп туугандар айтып калышат. Мен өзүм анын ойногонун көргөн жокмун. Себеби 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, ал жактан башынан катуу жаракат менен кайтып келип, ошондон кийин аккордеонду колуна алган эмес. Атам 90 жашында дүйнөдөн кайтты. Апам мыкты кошокчу болчу. Анан да тамашакөйлүк, төкмөлүк жайы бар эле. Өмүр бою колхоздун талаа иштеринде иштеп, 10 баланы татыктуу тарбиялап, 76 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Ал эми бир туугандарымдын дээрлик бардыгы эле музыка жаатындагы таланттуу адамдар. Ыраматылык Анара, Кымбат, Тыным деген эжелерим да аябай жакшы ырдашчу. Агаларымдын экөө тең ырдашат. Ал эми Алмажан деген эжем А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында иштеп жүрүп пенсияга чыкты. Менден улуу Вера деген эжем Германиянын Берлин шаарында чоң бир оркестрде скрипкачы болуп иштейт, композитор.

“САХНАНЫН БАРКЫ КЕТКЕНИНЕ ИЧИМ АЧЫШАТ”
– Мектеп курактан өткөндө М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырдым. 1992-жылы “Инсан” тобунда ырдап калдым. “Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай” деген ыр менен чыкканбыз. 1996-жылы “Ай баратат” ыры менен жеке чыгармачылыкка киришкем. Окуумдан тышкары ресторанда музыкант болуп иштечүмүн. Билинбей эле ал жакта 8 жыл иштептирмин. Муну менен чыгармачылыгыма тажрыйба топтодум десем болот. Ал кезде бизге сахна деген эң бир ыйык нерселердин бири эле. Мыскал Өмүрканова, Болот Миңжылкыев, Асанкан Жумакматов сыяктуу залкар адамдардын таманы астындагы сахнадан сүрдөп турар элек. Ырдап калсак, өзүбүздү дүйнөдөгү эң бир бактылуу адам катары сезчүбүз. Азыр сахнанын баркы кетип калганына ичим ачышат.
Кудайга шүгүр, азыркы күнгө чейин ырдап, элдин колдоосу менен чыгармачылыкта жашап келем. Бир нече эл аралык сынактарда кыргыздын желегин желбирете алдым. 2003-жылы “Эмгек сиңирген артист” наамына татыгам.

“АЙБАР ДЕГЕН УУЛДУУ БОЛДУМ”
– Үй-бүлөнү мен абдан эрте курдум. 19 жашымда үйлөнүп, 20 жашымда Адиль аттуу уулдуу болуп, 21ге чыкканда кызым Айсулуу төрөлдү. Жашымдан эле үй-бүлө багуу деген жоопкерчиликти мойнума алып, камкор ата, сүйүктүү күйөө болууга жетиштим. Тагдырдын буйругу экен, жубайым Райгүл экөөбүздүн мамиле жыл өткөн сайын сууп, пикир келишпестиктер көбөйө берип, 23 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашууга туура келди. Учурда Атай, Каныкей деген эки неберем бар. Уулум Адиль да мени тартып үй-бүлө очогун эрте тутантып, 19 жашында эле ата болуп калды (күлүп).
2008-жылы Гүлзана аттуу айым менен досторум аркылуу таанышып калдым. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, бири- бирибизди жакшы түшүнө аларыбызга көзүм жеткенде ага баш кошуу сунушун киргиздим. 2009-жылы жайында үйлөндүк. Гүлзана учурда 33 жашта, КРнын Эмгек сиңирген артисти Жолдошбек Эркинбаевдин кызы. М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында иштейт. Эң башкысы, менин чыгармачылыгымды жакшы түшүнөт. Жыйынтыгында минтип Айбар деген таптаттуу уулдуу болуп отурам.
Чынын айтсам, мен улуу балдарымдын кантип чоңоюп калганын деле байкабай калдым. Ал кезде өзүм да бала болсом керек. Азыр болсо Айбардын ар бир кыймылы менен кылыгына суктанып турган убагым. Ага тамак берип, жуунтуп, ойнотуу – өзүнчө эле айтып бүткүс бакыт. Буюрса, декабрь айында 1 жашка чыгат. Айбар он айында эле басып кетти, азыр чуркап жүрөт. Таланттуу жигит болорунан шегим жок. Азыртадан эле байкалууда. Айтор, бала үчүн жашап, бала үчүн чуркап жүргөнүмдү күн сайын эске салып турат. Таттуу, толук кандуу үй-бүлө күнүмдүк турмушума эле эмес, чыгармачылыкка да дем берип, учурда ырчылыкка кайрадан жандануу менен киришип жаткан убагым.

АЧУУСУ БАР, КЕГИ ЖОК ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ

  • Толук аты-жөнү – Осмонкулов Ырыскелди Каниметович.
  • Туулган жылы – 1968-жылдын 28-январы.
  • Абдан ишенчээк.
  • Ачуусу тез келет, бирок кектемейи жок.
  • Кичүү уулунун атын коёрдо бир ай ысым таппай, анан Жеңижоктун чыгармасынан алып, Айбар деп атаган.
  • Багбанчылыкка кызыгат, бирок азырынча ага убактысы жок.
  • Талаа гүлдөрүнүн жытын жакшы көрөт.
  • Архитектура жана режиссура жаатында да таланты бар.
  • Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кайталап окуудан тажабайт. Учурда “Жамийла” повестин окуп жатат.
  • Эң бактылуу күндөрү – балдары жарык дүйнөгө келген күндөр.
  • Эң кайгылуу күндөрү – ата-энесин жана бир туугандарын жоготкон күндөр.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Ырыскелди Осмонкулов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
gunsNroses
2011-11-28 15:14:06
Озу 1968жылкы болсо 19 жашында уйлонсо 87жылы анан 23 жыл жашаса 2010жылга чейин анан анан получается 2008 жылы Гулзана менен таанышканы кандайча значит 23жыл эмес да анан да семья бузган туура эмес,если бири бирин тушунушпосо 23жыл жашай албайт болчу
0
Cholpon555
2011-11-29 13:39:44
Анын ким менен качан таанышканы маанилуу деле эмес, уй булолуу адамдар эч ким менен таанышпайт деген кепилдик жок
0
sheff
2011-11-28 18:48:37
gunsNrose
жашоодо нелер гана болбойт,аны билип билбей ле бироону куноолой бериш жат нерсе го дейм.
0
janet
2011-11-28 21:48:08
Ырыскелди настоящий мужик! Бактылуу болушсун, уулу омурлуу болсун, ата-энесин дайым кубантып турсун.
0
Aelina
2011-11-28 22:26:57
Biroonun jashoosuna kiyligiship andai mindai dep aita berebiz birok al tuura emes, ar bir adam oz jashoosun kantip jashait,emne kilat,tuura by tuura emes pi ozu bilet.
0
Chika78
2011-11-30 01:22:16
Бул баласы торолгондон кийин ажырашыптыр да значит уй-булосу менен.Эркектер 40 та карышкыр болот деген чын окшойт...
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан