СУПЕР СПОРТЧУ-2011

КИМ СУУРУЛУП ЧЫКТЫ?
“2011-жылдын супер спортчусу” наамына быйыл 7 спортчу ат салышууда. “Жетинин бири – кыдыр” дегендей, алардын ичинен кыдырын аныктоо сиздердин колуңуздарда. Анан ошол сиздерге ыңгайлуу болсун деп талапкерлердин таржымалын жана өтүп бараткан жыл ичиндеги жетишкендиктерин сунуштайбыз. Кимиси ким экенин жетишкендиктери эле айтып берет.
“Супер спортчу” наамынын тарыхын кыскача эске сала кетели. 2008-жылдан тарта берилип баштаган сыйлыгыбыздын тушоосун Бээжин Олимпиадасынан күмүш медаль тагынып кайткан Канатбек Бегалиев кескен. Ал эми 2009-жылы жеңишти УЕФАнын Чемпиондор Лигасында ойноп, сыймыктануу жараткан футболчу Азамат Байматов илип кетсе, былтыр балбан Данияр Көбөнов Гуанчжоу Азия оюндарын жеңүү менен суперликти да баса жыгылган.
Өзүңүз байкагандай, быйылкы талапкерлердин ичинен бирөө да супер атала элек. Ошентип, www.super.kg сайтында жүрүп жаткан добуш берүүнүн (добуш берүү 2-декабрда токтотулат) негизинде эң көп добуш топтогон 3 финалчы аныкталып, жеңүүчү 12-13-декабрда өтүүчү супер концертте жарыяланат. Азырынча 5 күндүн (18-23-ноябрь аралыгында) жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

1. Каныбек Сагынбаев
(Бильярдчы, 26 жашта)
Жетишкендиктери – Бильярд боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону.
2011-жылы – Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү (Атырау, май).
Үй-бүлөлүү. Бишкекте жашайт.

2. Арсен Эралиев
(Балбан, 24 жашта)
Жетишкендиктери – Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону (2006), жаштар арасында Дүйнө чемпиону (2007).
2011-жылы Азия чемпиондугун (Ташкент, май) жана Польшада өткөн эл аралык мелдешти (Радом, август) жеңди.
Бойдок. Бишкекте жашайт.

3. Кылычбек Саркарбаев
(Эрежесиз эр урушчу, “Мухаммед-Умар”, 23 жашта)
Жетишкендиктери – Кикбокс жана уруш түрүндөгү самбо боюнча КРнын чемпиону (2009), эрежесиз мушташ боюнча КМШнын чемпиону (2009), Манастын кубогунун ээси (2010).
2011-жылы эрежесиз эр уруштун кф-1 версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун биринчи баскычынан өттү (Корея, май) жана Евразия чемпиону аталды (Ош, октябрь).
Үй-бүлөлүү. Бир кыздын атасы. Ошто жашайт.

4.Алексей Федосеев
(Кикбоксчу, “Гермес-профи”, 25 жашта)
Жетишкендиктери – Кикбокс боюнча Европанын (2008) жана Евразиянын 2 жолку чемпиону (2010, 2011).
2011-жылы Евразия чемпиондугун коргоду (Орлов, апрель), континенттер аралык чемпион аталды (Бишкек, сентябрь).
Бойдок. Бишкекте жашайт.

5. Рашит Аманкулов
(Кикбоксчу, “Мухаммед-Умар”, 23 жашта)
Жетишкендиктери – Кикбокс боюнча КРнын 3 жолку чемпиону.
2011-жылы – Кикбокс боюнча Дүйнө кубогун (Москва, март) жана вале тудо боюнча Азия чемпиондугун (Бишкек, март) багынтты.
Бойдок. Ошто жашайт.

6. Сталбек Дарканбаев
(Кикбоксчу, “Гермес-профи”, 24 жашта)
Жетишкендиктери – Кикбокс боюнча КРнын 4 жолку чемпиону, ушу-саньда боюнча Казакстандын ачык чемпиондугунун жеңүүчүсү (2010).
2011-жылы Дүйнө кубогун жеңди (Москва, март). Ушу-саньда боюнча эл аралык мелдеште алтын таажы тагынды (Шымкент, май).
Бойдок. Бишкекте жашайт.

7. Андерсон Виллиан
(Футболчу, “Дордой”, 19 жашта)
Жетишкендиктери (2011-жыл ичиндеги) Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы "Ole Brazil" футбол академиясын аяктады. Алгачкы профессионалдык клубу "Дордой" менен КРнын футбол боюнча улуттук чемпиондугун жеңди.
Бойдок. Бишкекте жашайт.

Талапкерлер www.super.kg сайтыбызда жүрүп жаткан
сурамжылоодо алган добуштарынын негизинде жайгаштырылды.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР СПОРТЧУСУ” НААМЫНА КИМ ТАТЫКТУУ?

Канатбек Бегалиев,
“2008-жылдын супер спортчусу”, балбан:
– Тарткандай болбоюн, бирок Арсенди татыктуу деп ойлойм. Ал быйыл өтө жакшы жыйынтык көргөздү. Андан башкабы? Мм... Кикбоксчу Алексей Федосеевди көргөзөм. Башка деле спортчу жок го, жыл ичинде чоң ийгиликтерди багынткан.

Азамат Байматов,
“2009-жылдын супер спортчусу”, футболчу:
– Мен тизмеден Каныбек менен Андерсондон башкасын тааныбайм. Веложарышчы Евгений Ваккер менен тайбоксчу Валентина Шевченкону кошсоңор болмок. Негизи, быйыл жылдагыдай жарылып чыгып, өзүн көргөзгөн спортчу жок. Азыр Каныбек эле татыктуу. Өзүн жакшы көргөзүп келатат. Андерсон деле жаман футболчу эмес. Бирок ал эл аралык аренага чыккан жок.

Данияр Көбөнов,
“2010-жылдын супер спортчусу”, балбан:
– Кесиптеш иним Арсенге тартам да (күлүп). Арсен жыл ичинде беделдүү мелдештердин көбүн жеңди. Азамат! Менимче, Кылыч да татыктуу. Көрсөткүчтөрү жакшы экен.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Zverchik
2011-11-28 13:39:12
Кайсы бирине добушумду беришимди билбей калдым баарынар менен сыймактанабыз! Арсенге берем добушумду
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан