ЭМЕРЕК КАНТИП ЖАСАЛАТ?

“Бардык жолдор Римге алып барат” дегендей, эң биринчи эмерек дагы Римде пайда болгон экен. Азыркы күндө эмерексиз үйдүн ичин элестетүүгө мүмкүн эмес. Биз бул жолу эмеректердин кандай шартта, кандай жол менен жасалышын билмекчи болдук.

ЭМЕРЕК КИЙИМ БЫЧУУНУ ЭЛЕСТЕТЕТ
Биз “Ай-Рус” эмерек жасоочу цехке бет алдык. Эки кабаттуу, узун кеңсе бир нече бөлүмгө бөлүнүп, ар бир бөлүмдө эмеректин ар кайсы түрлөрү жасалат. Иш тынымсыз жүрүп, цехтин ичиндеги кызматкерлер ары-бери чуркап өз жумуштары менен алек болуп жатышты. Бизди тосуп алган Рыспек Мырсаканов (материал менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) цехтин ичин тааныштыра баштады. Алгач эмеректин эскизин атайын адистер чийишет экен. Андан соң ламинаттын (пресстелген жыгач күкүмдөрү) өлчөмү жана түсү тандалып, андан кийин ламинат бычылып, кесиле баштайт. Кийимди бычкандай эле жыгач кесилип даярдалат. Ламинат өңүнө карай венге, зибрана, италия жаңгагы, крем, эмен деп бөлүнөт. Мастер кесилген бөлүктөрдү жыйнап, чогултуп, эмеректин өзөгүн тургузат. Суурмаларды, туткасын жана башка фурнитура тагылчу жерлер белгиленип, тешилет. Суу өтпөшү үчүн ламинаттын чекелерине кромка чапталат. “Жумшак диван, креслолор кандай жол менен жасалат?” деген суроо менен экинчи цехке кирдик. Чоң үч бөлмөнү ээлеген бул цехте да иш кайнап жаткан учуру экен. Үчүнчү бөлмөдө Тоня аттуу эже арыдан-бери чоң оролмодогу чүпүрөктү чийип, ыңгайлаштырып кескилеп жатыптыр. “Бир күндө эки диван комплект бычам, ал эми тигүү көбүрөөк убакытты талап кылат” деп сөз арасында айтып кетти. Жанындагы бөлмөдө Максим аттуу мырза диван жасап бүтүп, эми креслосун ортолоп калыптыр. Максим мырза кылып жаткан иши тууралуу айтып берди.
– Диван, креслону жасоодо эң биринчи темир каркас менен сөлөкөтү түзүлөт. Андан соң берилген өлчөмдөр боюнча дивандын орто чеги, жөлөнгүчтөрү жыгачтан жасалат. Диван жумшак жана көпкө чейин кызмат кылуу үчүн отургуч жагына темир пружина коюлат. Биз жалаң “жылан” пружиналарды колдонобуз. Себеби башка пружиналарга караганда бул өтө чыдамы күчтүү. Бир комплектке 15 метр “жылан” пружиналары коройт. Дивандын отургучуна жана жөлөнгүчүнө атайы резинка тартылат, ал пружина денеге өтүп кетпеши үчүн колдонулат. Ошондой эле калыңдыгы 25 сантиметрди түзгөн поролон салынат. Эки капталына диаметри кичирээк поролон же синтепон аралашмасы салынат. Жаздыктары жана жөлөнгүчтөрү жумшак болуш үчүн атайы кап тигилип, анын ичине майдаланган поролон салынат. Сыртынан силикон кебези менен оролуп, анан гана жаздык кап кийгизилет. Андан соң буттары (темир жана пластмасса) тагылат. Дивандын эки түрү бар, бири – “китеп”. Ал жазылып, кайра бүктөлө турганы. Экинчиси – “дельфин”, ортосу тартылып, сыртка чыгып, эки кишилик диванга айланат.

Андан соң Рыспек байке да эмеректер тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

– Ишкана­ңыздар канча жылдан бери иштейт?
– Биздин ишканага 15 жылга чукул болуп калды. Азыркы технология боюнча эмерекке ламинат колдонулуп келет. Биз бул материалды жалаң Орусиядан алабыз. Ал эми фурнитураны Түркиядан атайы заказ менен алдырабыз. Көбүнчө каталог менен иштешебиз. Компьютер аркылуу болочок эмеректин эскизин чийип, кардарга көрсөтөбүз. Андан соң ал чийиндин өлчөмдөрү адистерибиздин колуна түшүп, ишке киришет.
– Эмне себептен чет элдик эмеректер кымбат бааланат? Биздин эмеректер алардан эмнеси менен айырмаланат?
– Биринчи себеби, материалдын баасына жараша. Бизде андай кымбат материал жок. Анан дизайны, жасалгасына карата кымбатыраак келет.
– Жасалган эмеректин баасы кандай бычылат?
– Көлөмүнө жараша болот. Керектелген материалдын баасына, мастердин эмгеги, салыктарды эсептеп чыгып, эмеректин баасы бычылат.
– Сиздер жасаган эмерек калаа ичине гана тарайбы?
– Дээрлик көпчүлүгү Кыргызстандын ичине тарайт. Кез-кезде Орусия, Казакстандан заказдар келип, алып кетип турушат.

АДИСТЕН КЕҢЕШ:

  • Ламинат (жыгачтын пресстелген күкүмдөрү) – нымга туруштук бере ала турган материал. Ошондуктан өзгөчө кароону деле талап кылбайт. Бирок мындай материалдын үстүнө ысык нерсени коюудан качыңыз. Себеби ысык нерсе ламинатты агартып, өңүн бузуп коёт. Үстүнө чогулган чаңды кургак чүпүрөк менен сүртүү зарыл. Ал эми кир болуп калган жерлерин атайы тазалоочу кошулмалар менен тазалоо керек.
  • Булгаары эмеректи күн нуру түз тийген жерге коюудан алыс болуңуз. Себеби дайыма ысык күндө турган булгаары жарылып, майда тилкелерге бөлүнүп кетет. Эгерде бир нерсе төгүп алсаңыз, дароо кургак чүпүрөк менен сүртүүгө шашылыңыз.
  • Сырты чүпүрөк диван, креслолорду күнүгө чаң соргуч менен тазалап туруу керек. Чаң соргучтун нымдуу “губкасы” менен акырындан үстүн сүртүүгө болот. Так болуп калса, кургак щётка менен кырып же айна суу менен катуу сүртүп коюу зарыл.
  • Бөлмөдөгү абанын температурасы +2С ылдый эмес, +40С өйдө болбошу керек. Себеби бул температурадан өйдө же ылдый болуп кетсе, эмеректин ламинатынан же жыгачтан доо кетет, сапаты начарлайт.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Cyldyzka
2011-11-29 17:20:45
bizde baaları kança boldu eken
0
№ 473, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан