Азыр “сени сүйүү ырындагыдай сүйөм...” («Love you like a love song») деп ким гана кыңылдабайт? Келиңиз анда, бул ырды созгон Селена Гомес тууралуу сүйлөшөлү.
Аты-жөнү – Селена Мари Гомес
Туулган жылы – 1992-жыл, 22-июль
Туулган жери – АКШ, Техас
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Репертуарындагы ырлар – «Бардыгы көрүнгөндөй эмес» («Everything is not what it seems»), «Эртеңки күн болбочудай жакшы көр» («Like like there is no tomorrow») жана башка
Селена Гомес италиялык Мэнди Корнетт менен мексикалык Рикардо Гоместин кызы. Мэнди менен Рикардо кызы 5 жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Театрда актриса болуп эмгектенген апасы кызын жалгыз тарбиялаган. Ошентип, актриса апасынын жанында жүрө берип таасирленген көрүнөт, чыгармачылык жолун ушул жаатта баштаган. 9 жашында кастингден өтүп, “Барни жана анын достору” (“Барни и его друзья”) мультсериалына тартылып калат. Мындан кийин дагы “Күлчү кыз тууралуу дагы бир окуя” (“Ещё одна история о Золушке”), “Ханбийкелерди коргоо программасы” (“Программа защиты принцесс”), “Ханна Монтана” (“Ханна Монтана”), “Тыңчылардын балдары 3: оюн бүттү” (“Дети шпионов 3: игра окончена”) жана башка тасмаларда роль жаратып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.
Бара-бара ырчылыкка да аралаша баштайт. 2009-жылдан тартып “Селена Гомес жана сахна” (“Selena Gomez & the scene”) аттуу поп-рок тобун түзүп, өзү анын вокалчысы болуп калат. Алардын дебюттук альбому “Өп жана айтып бер” (“Kiss & tell”) деген аталышта ушул эле жылы чыккан. Селена Гоместин ырлары поп-рок, дэнс-поп, синти-поп стилинде.
Ырчы жаш болгону менен, кайрымдуулук жаатында да таанымал. 2009-жылы 16 жашында ЮНИСЕФтин тарыхында эң жаш ыктыярдуу элчи болот.
АКШда тараган салтка жараша Селена 12 жашында күнөөсүздүк шакегин (кольцо непорочности) тагынган. Бул – турмушка чыкканча кыздык намысын сактоого сөз бергендик. Бирок быйыл ал шакегин чечип салган.
Жеке жашоосуна келсек, 2008-жылы ырчы, актёр Ник Жонас менен жакын мамиледе болгон. 2009-жылы “Күүгүм” тасмасындагы Жейкобдун ролу менен дүйнөгө таанылган Тейлор Лотнер менен сүйлөшө баштайт. 2010-жылы кайрадан Ник Жонас менен жакындашып, ошол эле жылы кайра таарынышып кетишет. Мындан кийин Селена “Жылдыздардын эс алуусу” (“Allstar weekend”) тобунун бас гитарачысы Кемэрон менен жүргөн. Мындан тышкары “Селена актёр Дэвид Генри менен сүйлөшөт экен” деген сөздөр да чыккан.
2010-жылдан тартып Жастин Бибер менен болгон жылуу мамилеси азыркы күнгө чейин уланып келет.
Жастин Бибердин күйөрман кыздары Селенаны “өлтүрүп кетебиз” деп коркутканга чейин барышкан. Ага карабай эки жаш сүйүү мамилелерин элден жашырышпай, ачык эле жетелешип жүрүшөт.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Перизат Музуратбекова
star@super.kg